"Эр эмгегин жер жебейт" дегендей, жер иштетип бизнес жасоого болору баарыбызга маалым. Бирок жакшы түшүм алуу үчүн эге турган нерсеңди өстүрүп-багуу сырларын билүүң кажет. Сабиз бизнеси канча каражатты жана кандай эмгекти талап кылып, өзүн канчалык актаарын көрөлү.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кош-Терек айылынын тургуну Абдыманап Качиев 3 жылдан бери өзүнө караштуу жердин 3 гектарына сабиз өстүрүп, жыйнаган соң аны кургатып сатып пайда табат. Өз түшүмүн бүтүргөн соң элден да аталган жашылчаны сатып алып, кургатып өткөрүү менен кирешесин көбөйтөт:
– Мен дайыма кызыл сабиз эгем. Аны аба ырайына карап, көбүнчө апрель айынын 10дорунда себем. Негизи сабизди кумдуу жерге эксе жакшы өсөт. Жылда фирмадан дарыланган уругун сатып алам. Сабиз 90 күндө бышат, анан казып алып, калыңдыгын 0,5-0,7 миллиметр кылып кестирип, кургаттырабыз. 1 адам 1 күндө 4-5 мүшөк сабиз туураганга жетишет. Күн ысык кезде 3-4 күндө кургап калат. Анан кайра иштетүүчү цехке жеткизип, чоңдугун 0,3-0,4 миллиметрден кылып майдалаткан соң Бишкектеги татымал даярдоочу фирмага алып барып дүңүнөн өткөзөм. Кургатпай сатсаң деле болот, бирок анда жакшы пайда көрбөй каласың.
Бизде 1 жылда 1 гана жолу түшүм алууга болот. Ал эми күн биздегиден да жакшы ысыган айрым аймактарда, мисалы, Араван, Шамалды-Сайда 1 жылда 2 жолу түшүм алышарын угуп жүрөм. Алар экинчи ирет сабиз эгүүгө июль айынын ортосунда киришишет.
ТАЛАА ИШТЕРИ, АГА КЕТЧҮ ЧЫГЫМДАР (1 гектар үчүн)
Аммофос (күздө себилет) 300 килограмм. 1 килограммы 30 сомдон. 300х30=9000 сом
Урук, 2,5 килограмм. 1 килограмм корей сорту 2000 сом. 2000х2,5=5000 сом
Жер айдатуу, малалатуу, тырматуу жана жөөк салдыруу – 5200 сом
Урук себүү (трактор менен) – 2000 сом
Сугаруу. Сугатчыга – 2000 сом, суу үчүн акы – 800 сом. Сабиз бышкыча 4 жолу сугарылат. Жалпы – 11 200 сом
Отоо чөпкө каршы 1 литр дары – 1000 сом
Жер семирткич – 300 килограмм. 1 килограммы – 20 сом, 300х20=6000 сом
Культивация – 2000 сом
Казуу (трактор үчүн) – 2000 сом
Жыйнатуу, каптатуу (акыга) – 10 адам 1 күндө бүтүрөт, 1 адамга 350 сомдон. 10х350=3500 сом.
Ташып келүү (трактор үчүн) – 2000 сом
Тазалатып жуудуруу, кырктыруу (акыга) – 50 тоннаны 30 адам 10 күндө бүтөт. 1 адамга 1 күнгө 350 сом төлөнөт. Жалпы – 105 000 сом
Түшкү тамак (иштегендерге) – 1 күндө 30 адамга 600 сом. Жалпы 10х600=6000 сом 50 тонна сабизден 5 тонна кургаган сабиз алынат.
Чүпүрөк (тууралган сабизди жайганга) – узундугу 1000 метр, 1 метри 25 сом. 25х1000=25 000 сом
Мүшөк – 1000 даана. 1 мүшөк 10 сом, 1000х10=10 000 сом
Ташуу (цехке) – 2000 сом
Цехте майдалатуу – 2000 сом
Бишкекке жеткирүү – 3000 сом
Чыгаша: 201 900 сом
КИРЕШЕ
5 тонна кургатылган сабиздин 1 килограммы – 140 сом. 5000х140=700 000 сом
700 000-201 900=498 100 сом
Таза киреше: 498 100 сомКУРГАТПАЙ ЭЛЕ ӨТКӨЗГӨНДӨ
Эгер казгандан кийин кургатпай эле дүңүнөн өткөзсөң,
1 килограммы 7-8 сомдон болот.
Ошондо 50 000х8=400 000 сом.
Мындан кеткен чыгымды чыгарсак,
400 000-58 900=341 100 сом
Таза киреше: 341 100 сом
САБИЗДИ ЭЛДЕН АЛЫП, КУРГАТЫП ӨТКӨЗҮҮ
Өзүбүздүн сабизди өткөзгөндөн кийин элден баш-аягы 50 тонна сатып алабыз. Өткөрүүчүлөр өздөрү алып келишет. 1 килограммын 7-8 сомдон алабыз. Ошондо 50 000х8=400 000 сом. Калганы жогорудагыдай эле процессте уланат. Тазалатып жуудуруу, кырктырууга 105 000 сом, түшкү тамакка 6000 сом.
Мүшөккө 10 000 сом, цехке ташууга 2000 сом, цехте майдалатуу 2000 сом, Бишкекке жеткирүү – 3000 сом. 50 тонна сабизден 5 тонна кургаган сабиз алынат.
Чыгаша: 528 000 сом
КИРЕШЕ
5000х140=700 000 сом
700 000-528 000=172 000 сом
Таза киреше: 172 000 сом
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg