БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

БЕРМЕТ БАЙТЕЕВА
Жашы – 20
Параметри – 81-64-90
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Учурда – КУУнун чет тилдер факультетинде 2-курста окуйт

Бермет Байтеева: "КЫЗДАРДЫН БААРЫНА ИЙГИЛИК КААЛАЙМ"

– Бермет, сага чейинки гезит бетине чыккан катышуучу кыздарды байкап, баа берип көрдүңбү?
– Ооба, сан сайын ар бир кыздын келбетин карап, өз баамды берип турам. Мага чейин чыккан кыздардын баары татынакай, сулуу экен. Кыздардын баарына ийгилик каалайм. Аларды атаандашым катары көрөм, бирок ичим тарып, көрө албастык кылып эмес, туура мааниде эле атаандашым деп эсептейм.

– Окуудан сырткары кошумча жумушта иштейт экенсиң...
– Ооба, эс алуу күндөрү мурун официант болуп иштечүмүн. Учурда тигүү цехинде тигүүчү болуп иштейм.



АЙПЕРИ ТАДЖИБАЕВА
Жашы – 22
Параметри – 87-63-94
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Учурда – Авиакомпаниялардын биринде борт коштоочу болуп иштейт


Айпери Таджибаева: "СЫНАК ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖОЛУМДУ АЧАТ"

– Айпери, сынакты жеңдиң дейли, андан ары эмне кыласың?
– Сынакты жеңсем менде эл менен байланыш түзүлөт эле. Өзүмдүн көп талантым бар: Нурак Абдрахмановдун шакиртимин, комуз чертип Кытайга, Түркияга барып баш байгелерди жеңип келгем. "Рахат", "Шаттык" бий топторунда бийлегем. Учурда Улукмырза Полотовдон вокалдан сабак алып жатам. Сынак менин чыгармачылык жолумду ачат деп ойлойм.

– Ошондо ырчы болосуңбу, комузчубу же бийчиби?
– Өзүмө комузда кол ойноткон жагат, күү черткенден тажабайм. Ким болом мага айырмасы жок, башкысы эл көзүндөгү адам болсом дейм.


SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Бактыгүл 126 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Асел 84 добушка ээ болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Janyl-aiym
2016-05-23 10:00:30
Табияттынан сулуу эмес экен! Жасалма экоо тен. Каштары кантет!!!
+8
nuriza.kdm
2016-05-23 11:00:47
озу сулуу болсо керек боёнуп алышканына жасалма корунот экен
+1
nuriza.kdm
2016-05-23 11:02:57
Баары эле кыска кыска кийимдерди кийишет узуун койнок кийип да суротко тушкулочу балким соонун жарашат
+1
admin_superstan
2016-05-23 15:15:54
eldar., кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат. Эскертүү!
0
jalguzum
2016-05-23 16:28:11
Мынча эки жумадан бери сулуу кыздар чыкпайт
+2
bolotbek91
2016-05-23 17:04:52
башка кыз жокпу
+1
Surena
2016-05-23 17:09:30
Ар ким озун сулуу деп ойлойтда
+3
Nuna.Kaspiyskaia
2016-05-23 17:53:17
экоо тен не стоит
+3
diaz
2016-05-24 15:07:27
Бермет татынакай кыз озуда жакшы кыз Балиде корушобуз Бермет
0
Aidai5555
2016-05-26 10:38:51
Ушуга чейин чыккан кыздардын бири да сулуу эмес экен, кечиргиле, бирок ушундай...
+2
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан