БЕКХЭМДЕЙ ОЙНО, БЕКХЭМДЕЙ ЖАША...

Көпчүлүк жаш футболчулар дал ушул спортчунун оюнун көрүп футболго келишкенин жашырышпайт. Ал башкалардан оюн талаасында укмуштуудай тактык менен берген пастары, айып белгиден тепкен соккулары менен өзгөчөлөнчү. Сөз спорттук карьерасы эбак бүтсө да, дүйнөдөгү эң атактуу спортчу катары саналган Дэвид Бекхэм тууралуу болуп жатканын аңдасаңыз керек?

Толук аты-жөнү – Дэвид Роберт Бекхэм
Каймана аты – Бекс
Туулган жылы, күнү – 1975-жыл, 2-май
Туулган жери – Улуу Британия, Лондон
Ойногон клубдары – "Манчестер Юнайтед" (1993-2003), "Реал Мадрид" (2003-2007), "Лос-Анжелес Гэлакси" (2007-2012), "Милан" (2009-2010), ПСЖ (2013)
Жетишкендиктери – Англиянын 6 жолку, Испаниянын жана Франциянын 1 жолку чемпиону. УЕФА Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү.

СЫЙКЫРДУУ "7"
2 жашынан бери топ артынан кубалаган Дэвид 1993-жылы "Манчестер Юнайтед" командасы менен алгачкы келишимин түзөт. 18 жаштагы Дэвид ага чейин 7 жыл ушул клубда тарбияланып, жаштар арасындагы мелдешти жеңип алган. Оң жактагы жарым коргоочунун милдетин аркалаган Бекс бат эле күйөрмандардын сүймөнчүгүнө айланат. Анын кооптуу абалды жараткан пастары менен айып белгиден тепкен соккулары дарбазачылардын айласын кетирчү. Күйөрмандар ушул күнгө чейин сыйкырдуу "7" номуру менен эсте калган футболчуну унута элек.
2003-жылы башкы машыктыруучу Алекс Фергюсон менен тил табыша албай
калган Дэвид мадриддик "Реалга" кошулат. Муну менен "футболчу болуудан баш тартты" деген сөздөр жаайт. Бул сөздөрдө чындык бар эле, анткени Бекс Мадридде өзүн толугу менен көрсөтө алган эмес. Кийин АКШда 5 жыл ойноп, футболдук карьерасын Франциянын "ПСЖ" курамында жыйынтыктайт.

ЖЕТЕ АЛБАЙ КАЛГАН ИЙГИЛИКТЕРИ
1990-жылдардан тарта ар бир футболчу болом деген бала дал ушул Бекхэмди туурачу. Ал кезде Месси жана Роналдунун жылдызы жана элек болчу, оюн талаасында бир гана Дэвид Бекхэм бар эле. Ушул күнгө чейин Дэвид карьерасында бир гана маселе ойлонтуп келгенин айтат. Ал – улуттук курам менен ири ийгиликке жете албай калганы.
Бекхэм 1996-жылдан тарта Англия курама командасына чакырылып, жалпы 3 Дүйнө жана 2 Европа чемпиондугуна катышканы менен, ийгиликке жете алган эмес. Улуттук курамда 6 жылдан ашык капитандыкты аркалаган Бекхэм тууралуу кезинде Британиянын мыкты футболчусу Жорж Бест: "Ал башы менен ойной албайт. Сол бутун жөн гана кулап кетпеш үчүн алып жүрөт жана аз эле гол киргизет. Буларды эске албаганда ал мыкты",- деп эң туура баа берген.

МЫКТЫ ТҮГӨЙ, МЫКТЫ ҮЙ-БҮЛӨ
"Сыналгыда "Spice Girls" тобунун клиби көрсөтүлүп жаткан. Бекс Викторияны көрүп, дароо эле "бул селки меники, мен аны менен жолугушум керек" деген эле",- деп эстейт 14 жыл бою Дэвид менен чогуу ойногон Гари Невилл. Жылдыздуу түгөй 1999-жылы баш кошуп, ошол жылы Англиянын эң популярдуу түгөйү аталышкан. "Викторияга болгон сүйүүсү анын футболдук карьерасын өзгөрттү, бирок мода, шоу-бизнеске жол ачты",- деп белгилейт машыктыруучусу Фергюсон. Кош жылдыз атактуулар катышкан кечелерге, мода дүйнөсүнө аралашып, гезит-журналдардын биринчи бетинен түшпөй калышкан.

АТАКТУУЛУКТУ ПАЙДАЛАНУУ
Футбол Бекс жарала электе эле олуттуу бизнес саналчу. Бирок Дэвид Бекхэм жубайы Виктория менен өз жумушун кирешелүү шоу-бизнеске, атын брендге айлантып салды. Бекстин бир дагы туура эмес же орой сүйлөгөнүн, ызы-чуу иштерге аралашканын көрбөйсүң. Футбол талаасында ачууга алдырып кызыл кагаз алган күндөрү болгон, бирок жашоосунда сары айып кагаз да алып көрө элек. Ошондуктан ал белгилүү компаниялардын жарнамаларынан 20 жылдан бери түшпөй келет, анткени Бекхэм бардыгына жага билет. 2013-жылдагы эсептөөлөр боюнча, ал жарнамадан ар бир мүнөт сайын 25 фунт стерлингден таап турган. Анын өткөн жылдагы жалпы кирешеси 75 миллион долларды чапчыган (салыштырсак, Криштиану Роналду 73 миллион доллар тапкан). Ошондой эле 2017-жылдан тарта Бекстин АКШ Лигасында өздүк футболдук клубу ойной баштамакчы. Атактуулукту кантип пайдалана билүү боюнча Бекхэмден башка үлгү табуу мүмкүн эмес. Бекхэмдей ойно, Бекхэмдей жаша.



Бекхэмдер үй-бүлөсү учурда 3 уул, 1 кызды тарбиялап келишет.


Дэвид Бекхэм брендинин артында Викториянын эмгеги жатат.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Gulnazi
2016-05-23 09:46:59
Жакшы
+1
Rednalf
2016-05-23 11:24:33
Бекхэмдей ойно,Бекхэмдей жаша
Откон омур келбейт кайра.
Баары Бекхэм болуп кетсе
Ташмат Эшмат калат кайда
+50
hayley
2016-05-23 11:34:23
Уй булоосу менен сулууго, мен аябай суктана берем Виктория Бекхемге, балдарына.
+1
beksbayke
2016-05-23 12:39:42
мен деле Бекстин атынан жана Роналдонун (зубастик) билдим окшойт футбол эмне экенин
+3
eldar.
2016-05-23 14:49:50
Фергюсон эн туура айткан экен. Дегеним 2000 жылдаран кийин тез формасын жогото баштаган, болбосо ошондо болгону 25 жаштарда эле. 200 жылга чейин эн мыкты футболистердин бири болуп келсе, 2000 жылдардан кийин эн мыкты футболист наамын, эн мыкты модел наамына алмаштырып баштаган.
+2
bazarkyl
2016-05-23 14:56:11
АЯЛ ЖАКШЫ, ...
+2
Jadyrashka
2016-05-24 04:19:28
Bahhtee Жөнүндө жазгылачы Бишкекке келип кеткени чын бекен?
0
bosmos777
2016-05-24 20:22:05
Жакшы Кыргызча жазыптыр! Ушундан тайба!
0
aruuzat88
2016-05-26 23:21:19
Кыргыз тилинде аңдасаңыз деген сөз барбы? Баамдасаңыз болуш керек эле...
0
Jibek91
2016-05-27 09:49:12
aruuzat88,аңдасаңыз деген - уксаңыз керек деген мааниде, а баамдасаңыз деген байкасаңыз деген мааниде. Экөө эки башка мааниде колдонулат.
0
Shat.88
2016-05-28 01:57:11
Виктория такыр кулбойт ээ ким корду эле кулгонун?
0
leonar
2016-05-28 13:16:47
Жакшы тугойлор, коп жылдан бери чогуу, жылдыздар бат баттан уйлоно беришет го озу, уй булону сактап турган Виктория, куйоосунун изменаларын чыдап которуп жашап келет.
0
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан