МЕН БААРЫ БИР БАКТЫЛУУМУН...

Бишкектин так борборунда жайгашкан жер астындагы өткөөлдүн чыга беришинде майыптардын коляскасында отуруп алып майда-бараттарды сатып, өз оокатын өткөргөн бир инсанды көп байкачумун. Керээлден кечке жайдын ысык аптабына, кыштын ызгаар суук күндөрүнө да карабай ушул жерден карыш жылбайт эле. Ары-бери өткөн сайын, анын жарым жан экендигине муңайбай, кабагын да түйбөй иштеп отурганын көрүп мүнөзүнө баа берчүмүн. Акырында анын жашоосуна болгон кызыгуум аны менен болгон аңгемелешүүмө алып келди. Өзүн Эсенгелди Токтосунов деп тааныштырган бул адам өзүнүн тагдыры тууралуу буларды айтып берди.

ШОКТУГУМ БАСПАЙ КАЛУУМА СЕБЕПЧИ БОЛГОН

Алты саным аман төрөлсөм да шоктугумдун айынан бир бутумдан айрылып калганыма жалгыз өзүм күнөөлүү болуптурмун.
Эми жаштайыңда ооруй берет эмессиңби. Бир жолу ооруп, алсырап таенеме “көтөр, көтөр” деп асылганымдан жонуна көтөрүп алат. Жонунда жөн олтурбай силкилдеп, бир кезде артка өзүмдү таштап ийипмин. Буга чейин томпоңдоп басып жүргөн мен ошол жыгылган соң баспай калыпмын. Ал эми үйдөгүлөр болсо “эч нерсе эмес, басып кетет” дешип көңүл бурбай коюшат.
Арадан көп убакыт өтсө да баса албай кыйналгандыгымды көрү­шүп, чочушуп ойлонууга аргасыз болушат. Анан бирөөлөрдөн “паланчанын баласы табыптан, түкүнчө көзү ачыктан жакшы болуп кетиптир” дегендерди угушуп, биз жашаган Токтогулдун айлана-чөйрө­сүндөгү, дагы башка жерлердеги уккан-билген табып, молдо, көзү ачыктарга көрсөтүшөт. Эч бир майнап чыкпайт.
Зымырык куштай арадан бат эле сегиз жыл өтүп кетет. Ал эми баягы ата-энем көзү ачыктардан, табып, молдолордон түк көңүлдөрү калып, мени борборубуздун Улуттук ооруканасына алып келип жаткырышат. Мени догдурлар көрүп, алар менен маектешкенибизде мага эртең эле айыгып басып кете тургандай сезилди. Бирок, алдыдагы зор кыйынчылыкты ойлоп чачым тик турду. Анткени, бутума операция жасатуу керек эле. Айла жок, алдыда эмне күтүп турганын ойлоп чочуласам да кала бердим.
Операция жасашты. Андан соң Улуттук ооруканада алты ай жатып калдым. «Аттиң» дейсиң тилиңди тиштеп. «Бала кезимде эл катары балдар менен ойноп-күлүп, жол чаңытып доорду ширин өткөрсөм болбойт беле» деп сырттагы балдарды карап жашымды төгөм.
Мындай дарттын айынан оорукананын төрт дубалын карап, үйдө­гүлөрдү абдан сагынып, акыркы күндөрү көп жашычу элем. Ичкен дарылардан, жасалган операциядан шыпаа табылбады. Кээде түнү уйкум келбей кыялымда «жакында басып кетсем, үйгө барганда атамдар мага велосипед алып беришет. Анан мен кечке көчө чаңытып айдасам, кошуна балдардын баары менин велосипедиме суктанышса» деп ичимден кубанычым койнума батпай сүйүнүп алат элем. Бирок, убакытты үмүт менен оорукананын короосунда өткөрүп жүрүп, анан үйдөгүлөр алып кетишти.
Үйдө короодогу мен теңдүү балдардын жан-алы калбай чуркап ойноп жатышкандыгын көрүп, “эх, эгер менин алты саным аман болгондо...” деп өз арманымды ичиме салам. Өзүмдү-өзүм алаксытып музыка угуп, теледен кызыктуу көрсө­түүлөрдү көрүп, китеп окуп алектенем. Музыкага кызыгуумду үйдө­гүлөр да байкаштыбы, мага гитара сатып беришти. Ырларды ырдап, бош убакта обондорду акырын гитара кылдарынан тере баштадым. Кээде күңкүлдөп ырдап, жүрөк эзген арманымды ыр менен чыгарып алчу болдум. Антсе да, менин бутумдун майып экендигине карабай, кыялымда ойлогон максаттарымдын баарын ишке ашырууну көздө­чүмүн.

ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ

Айыктыруунун дагы бир айласын издешкен ата-энем кимдир-бирөө­лөрдөн Алабука районундагы Шакафтар айылынын ооруканасындагы бир врач оорукчандарды дартынан арылта тургандыгын угушуп, мени ошол жакка алып барышты. Ал жерде да алты ай бою дарылашты. Бирок, операция, эмдөөлөр жасалбай эле дары-дармектерди ичип жата бердим. Анын үстүнө жакшы карашпагандыктан,аябай арыктап кеткенимди сезбептирмин. Жашоодон түңүлүп, үйгө кетем деп кат жазууга кириштим. Ичимдеги уйгу-туйгу ойлордун баарын жаза берип, кайра өзүм окуп алып жашып кайрадан жыртып салдым да:“Ата, апа, мени алып кеткиле!” деп жазып эле заматта жиберип ийдим.
Алар келишти. Алып кетээрдин алдында дагы кичине чыдап коёрумду суранышса такыр көнбөй “кетем эле кетем” деп туруп алдым. Үйгө алып баса беришти.
Кандай сонун “өз үйүң, өлөң тө­шө­гүң”. Ошентип, эки жыл айланып өтүп кетти. Атамдын бир тааныш доцент дарыгери “балаңды Улуттук ооруканага алып кел, жакшылап дарылайлы” дептир. Бул жолу ооруканага келгенден кийин соо бутумду да кошо гипстеп жаткырып коюшту. Айтканга оңой экен, сегиз ай гиптсте жаттым. Дегеним ушул, убакытты керебеттен жылбай өткөрүү мен үчүн азап менен тозок болуп жаткандыгын өзүмдөн башка эч ким сезбестир. Үйдөгүлөр келип мени алаксытышып, “сабырдын түбү сары алтын, айыгып кетесиң” дешип, ар кандай болгон окуяларды айтып берип сооротушат. Адамдын денсоолугу үчүн алпурушкан догдурлардын кесиби эң оболу чоң жоопкерчиликти талап кылаарын, шалаакылыкка жол бербөөнү ар бир дарыгер сезе билсе жакшы болмок. А бирок, иштин дайынын билбей жатып, баягы Крыловдун тамсилиндеги маймыл көз айнекти бирде мойнуна такса, бир куйругуна таккандай менин соо бутумду да жөн жай гипстеп койгонун көрүп эч нерсеге түшүнбөй таң калдым. Же булардын дарылоосунун жаңы ыкмасыбы? Балким, мага чейин да бул догдурларга кайрылган канча адамдар дартынан арылбастан тескерисинче, башка ооруга чалдыгып кетишкендир.
Сегиз айдан кийин гипсти алып салышты. Келгенимде таяк таянып басып жүргөн жаным гипсти алган соң эки бутум тең кыймылдабай, такыр баса албай калсам болобу?! Анын үстүнө арыктап сөөгүм эле калыптыр. Муну байкаган кенже дарыгер Светлана Александровна мага карап:
– Сен басып эле келген элең го, баспайсыңбы?- деди.
– Жок, бутумду шилтей албай жатамын,- деп эле кыйналып, бет маңдайымдан тер куюлуп оор абалда туруп калдым.
Эми жашоого болгон үмүтүм жоктой, жарык күнүм караңгы түндөй сыяктанып турду. Андан да буга чейин жасалган аракеттердин баары бир паста шамал менен учуп кеткендей, дарттын дабасы жоктой сезилди. Негедир, бир келген өмүрүмдө мен ушинтип майып бойдон өтүп кете береримди ойлоп жатып, оозума тамак барбай нес болуп жата бердим. Адамга бир гана өмүр берилген жашоодо буга окшогон түйшүктөрдү белиме өңөрүп жүрүүнүн өзү эле жанымды кейитип, жүрөгүмдү эзип жүрдү. Менин дартым тууралуу эчен китептерди барактап да тажадым. Жашоодон үмүт үзүп, өз өмүрүмдү кыюуну эчен ойлосом да ага бара албадым. Баары бир жүрөгүмдүн түпкүрүндө үмүттүн кичине жалбырт­таган жалыны күйүп турду.

АРТКА ЖОЛ ЖОК

Ооруканадагы массаж жасоочу Валентина Сергеевна деген эжей мени көрүп боору ооруп кеттиби, айтор, мага өз жардамын сунуштады:
– Дени сак жүргүң келеби?
– Албетте, денсоолугум жакшы болуп калса кана...
– Анда эмесе, эртеңден баштап экөөбүз спорт менен машыга баштайбыз.
– Макул.
– Мен сага азыр гантель алып келемин,- деп дароо эки гантель алып келип таштап кетти.
Ошентип, күндө спорт менен машыга баштадым. Баса албагандыктан отуруп эле гантель көтөрүп, дагы башка көнүгүүлөрдү жасап жаттым. Ал эми тамактануу мезгилинде “кел, тамактын баарын жеп алчы” деп күтүп отуруп жедирчү. Күндөн-күнгө көңүлүм көтөрүлүп, табитим ачылып, акырындап оңоло баштаганым байкалды. Машыгуулардан улам кичине жылыш сезилип, кылдырап басып калдым. Догдурлардын пайдасы жок дары- дармектерин ичпей ыргытып ийдим.
Күндөрдүн биринде догдур келип:
– Эмне берген дарыларды ичпей жатасың?- деди.
– Мен ал дарылардан айыкпасам эмне үчүн ичишим керек? Ичпейм!- деп таптакыр айтканымдан кайтпай койдум.
Анан экинчи дарыгерим келип, өз бөлмөсүнө чакырып алып мени менен катуу сүйлөшүүгө киришти. Оболу, мага альбомдогу ооруканада жатып үйлөрүнө чыгып кеткендердин сүрөттөрүн көрүүнү сунуштады. Калп эле көрүп жаттым. Маегибизде бири-бирибизди алдай бердик. Себеби, ал сүрөттөгү адамдар жарым-жартылай айыгып кеткенин мен жакшы билчү элем. Ал болсо мага “алар толук айыгып кетти, сен да ооруңдан арыласың, эгер биздин тилди алсаң” деп какшай берди. Мен ага:
– Канча жатамын, чынын айтчы?- дедим.
– Операция жасайм. Ошондо да он жылга дейре баспайсың,- дегенде ичимден макул болбой баарын түшүнүп ага:
– Мейли, эгер сен менин бир шартыма көнсөң,- дедим.
– Кандай?
– Үйгө барып келейин, аябай үйдөгүлөрдү сагындым,- деп унчукпай туруп калдым башымды жерге салып.
– Үч ай болобу?
– Болот,- дедим.
Атамды чакырттым. Ал келип, мен үйгө даярданып жатсам доктурлар:”Кала бер, сени баары бир айыктырабыз” дешсе көнбөй атам менен кетип калдым.

ТЕЛЕМАСТЕР БОЛУП ЧЫГУУ

Мындан кийин догдурдан да кө­ңү­лүм калып, көзү ачык болобу, дарыгериби түк ишенбей жалгыз жанымдын азабын өзүм тартып, жашоого күрөштү өз колума алдым. Кылдырап жүрүп отуруп он алтыга толдум. Өз алдымча акча табуунун айласын ойлоно баштадым. Радиотехниканы мыкты түшүнүп оңдоо менен акча тапканды туура көрдүм. Алгач үйдө атам алып берген радиоприёмник бузулуп калганда аны оңдоого такыр акылым жетпей койду. Андан соң дүкөндөн керектүү аспаптарды сатып алып, үйдөгү кичинекей телевизорду чачып, кайра чогултуп жатканда ар бир тетиктерин өз алдынча изилдеп, окуп үйрөндүм. Акырындап отуруп радио же телевизор бузулуп калса оңдоп койчу болдум. Кошуналардын телевизору же радиосу бузулса дароо мага көрсө­түшүп, оңдотуп калышты. Чөнтөккө акча түшө баштады. Элден кем калбай каалаган нерсемди алып жеп, жактырган кийимдерди сатып алууга кудуретим жетип калганыма ичимден сүйү­нүп жаттым. Ата-энеме жардам берип, алар да мага ыраазы болушуп батасын беришчү. Телемастер деген атка кондум.
Жалындаган жаш курактын мезгилине жетип, жоро-жолдошторум менен кээде отуруш уюштуруп бир аз көңүл ачып отурчубуз. Албетте, кыздар менен таанышып, достошуп жүрдүм. Биздин убактагы кыздар аябай акылдуу эле. Себеби, мени кемсинтишпестен, тескерисинче, жактырып да калышчу. Анткени, кечелерде элден калбай ырдап, гитарада ойноп, башка балдардан кем калбаганга аракеттенчүмүн. Карасам жашоо керемет эле, бирок, жалгыздыкты сезип, үйбүлө курууну көз­дөдүм.

БАКТЫМДЫ ТАПТЫМ

Баягы эле сүйдүм, күйдүм кыздардын бирине үйлөндүм. Аны менен турмуш болбой, аз убакыттан соң ажырашып кеттик. Экинчи аялым менен да айрым бир келишпестиктердин айынан чогуу түтүн булата албадык. Баламды ээрчитип алып, апасыныкына кетип калды.
Күндөрдүн биринде жолдош кызым бир курдашын үйгө ээрчитип келип, мени менен тааныштырып койду. Мен аны көргөндө эле дароо жагып калган. Андан кийин көпкө дейре экөөбүз жолугушуп, достошуп жүрдүк. Бул убакта мен анын адамкерчиликтүү,кичипейил, түшүнүктүү экенин байкадым. Оор басырыктуу келин болуп, түбөлүккө жашап кетээрге көзүм жетти. Үйүнө ата-энемди жөнөттүм. Алар өз макулдугун беришиптир. Той өткөрүп, чогуу турмуштун татаал даңгыр жолуна түштүк. Чындыгында, улам эле үйбүлө бузула берсе анча-мынча чырлардан чочулай берет экенсиң. Бирок, андай нерседен алыс жүрүп, бири-бирибизди жакшы түшүнүп оокат кылып жатабыз.
Балалуу болдук. Дагы эле тиричиликтин айынан үйдө тим эле отуруп албай кылдырап майда-барат нерселерди сатып акча таап жүрөм. Чоң балам азыр жыйырма беш жашта, кичүүсү он төрттө. Убагында эгер мага баягы орус эжей жардам бербей койсо эмне болмок элем. Ал мага жашоонун башка бир каалгасын ачып берип “мына, сен өз бактың, денсоолугуң үчүн өзүң күрөш! Баардык мүмкүнчүлүк жалгыз сенин колуңда!” дегени менин өмүрүмдү улантып, андан да ойлогон максаттарымды ишке ашырууга өбөлгө түздү десем жаңылышпайм.

Даярдаган Айзада Атаханова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kkkk3259780
2021-01-29 08:58:16
Билем бул кишини. азыр барбы жокпу билбейм. трайбалист кыскасы..
0
№ 219, 12-18-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан