Ди-джейлердин сап башында турган Эльмара Турсуналиева 17-майда кырк жылкылуу болду. 40 жаштын кырын ашып турганда кыздуу болгон ди-джейдин жолдошу Эрнст Шамбетов: “Учурда жубайым менен перзентибиздин абалы жакшы. Наристебизге чоң ата, чоң энеси ат караштырып жатышат. Улуу балабыз 12 жашка чыкканда карындаштуу болуп кубанычында чек жок. Кыз белек кылганы үчүн Эльмарага чоң сюрприз камдап койдум”,- деп кубанычы менен тең бөлүштү. Кызыңыздар өмүрлүү, ырыс-кешиктүү, ыймандуу болуп чоңойсун!