Кумардын туу чокусуна чыгуу үчүн жубайлар экөө тең аракет кылышы шарт. Эгер бир тараптан катачылык кетсе, ойдогудай оюн болбойт. Төшөктө кимге эмне жакпайт билип алалы да, өз катабыздын үстүнөн иштейли.
МЫРЗАЛАРГА1.Төшөктө пассивдүү болгон айымдар. Айрым айымдар төшөк оюнунда эркектерге бир гана "финал" керек деп эсептеп, "эмне кылсаң өзүң бил, тагдырым сенин колуңда" деп шыпты тиктеп унчукпай жата беришет. Салкын мамиле кылган айымдар өнөктөштүн каалоосун өчүрүп коюшу мүмкүн. Мындай аялдар менен болгондо өзүн ыңгайсыз сезип, өнөктөшүнө эмне жагып, эмне жакпай жатканын биле албай кыжалат болушат. Андыктан эркектер төшөктө демилге көтөрүп, эмоциясын сыртка чыгарып турган өнөктөштү самашат.
2.Сылап-сыйпоону билбегендерди. Ар бир эле эркекке денесин, эрогендүү жерлерин өнөктөшүнүн кармалоосу өтө жагат. Андыктан сүйүктүүңүздүн денесине саякатка чыгып, эрогендик чекиттерин таап, сылап-сыйпагандан тартынбаңыз. Эгер аны дүүлүктүрө билсеңиз, сизди кумардын туу чокусуна чыгарары айтпасак да белгилүү.
3.Уялчаактыкты. Гинекологго алгачкы жолу барган 13 жаштагы кыздай тартынып турган айымдар эркектин кыжырын келтирет. Өзүнүн денесин сүйүп, ачылып-чачылып, кумарга батууга даяр болуп ашыгып тургандар эркектердин самаганы. Эгер сиздин жүзүңүздөн коркуунун, тартынуунун издери байкалса, мырза эч кандай иш баштабайт же баштаган ишин аягына чыгарбай ары карап жатып алышы толук мүмкүн.
4.Көп сүйлөгөндөрдү. Эркектер интим учурунда өнөктөшүнөн өзүнө арналган жагымдуу, эркелеткен сөздөрдү күтүп, аялдын толук ачылып берилишин эңсейт. Андыктан талкуулоочу маселелер, ушак-айыңдар төшөк оюнуна чейин же төшөктөн кийин талкууланышы керек.
5.Ич кийимине көңүл бурбагандарды. Төшөктө ар бир эркек өнөктөшүн идеалдуу, нике түнүндө кийген жибек, тор ич кийимчен көргүсү келет. Жылдар өтүп "боло берет" деп кийип алган эски, чоюлуп кеткен пижама эркектерди жийиркентет. Кооз ич кийимдерди кийүүдөн тажабаңыз.
6.Соодалашкан айымдарды. "Жаным, сен мага тээтиги булгаары күрмөнү алып берсең, мен сага болуп көрбөгөндөй түн тартуулайм" деп айтуудан абайлаңыз. Тамашалап да айтпаңыз. Мындай сөз эркектерге денесин саткан кыздарды элестетиши мүмкүн.
7.Башка бирөө менен салыштырган аялдарды. Эркек өнөктөшүнүн жалгыз эркеги болгусу келгендиктен, өзүн башка менен салыштырганын каалабайт. Андыктан мурунку өнөктөшүңүздүн кыял-жоругун, кыймыл-аракетин эч качан айтпоого аракет кылыңыз. Болбосо эркек өзүн ыңгайсыз сезип, башкага ооп кетиши мүмкүн.
АЙЫМДАРГА1.Шашма эркектер жакпайт. Төшөктө аялдарга назик жана сылык мамиле жагат. 3 жолу өөп, 1 жолу мамагыңды кармап өз ишине киришкен шашма эркектер, буга кошо чала-була чечилген ич кийимдер аялдардын кыжырын гана келтирбестен, сексуалдык каалоосун жоготот. Ошондуктан кумарга батуу учурунда ашыкпай өзүңүздү токтоо кармап, өнөктөшүңүздү бир топко чейин эркелетип, жагымдуу сөздөрүңүздү арнап, өпкүлөп оюнга даярданыңыз. Анын жөн гана дене эмес, сүйүктүү жубайыңыз экенин эске алыңыз.
2.Төшөк оюнунан кийин дароо уктап калган эркектерди жактырышпайт. Албетте, бул таарыныч жаратуучу нерсе. Мындай учурда аял өзүн адам катары эмес, жөн гана кумар тартуулоочу объект катары эсептеп, кордолгондой абалда калат. Андыктан уктагандын ордуна өнөктөшүңүзгө назик сөздөрдү арнап, кучактап, ыраазычылык билдирүүнү унутпаңыз. Окумуштуулардын изилдөөcүндө, жуптардын 82 пайызы кумардан кийинки эркелетүүдөн ырахат алышарын айтышкан.
3.Жарыкты өчүрүүнү унутуп коюп оюнга кирген эркектерге кыжыры келет. Айымдардын көпчүлүгү күңүрт жайда кумарга баткылары келишет. Анткени алар сексуалдуу көрүнүшүн ойлоо менен, жарыкта кумарга толук бериле алышпайт. Андыктан кумардын туу чокусуна чыгууну кааласаңыз, оюн өтчү жайды, андагы шарттарды эске алыңыз.
4.Кыска же өтө узакка созулган төшөк оюнун жактырышпайт. Айрым өнөктөштөр бир нече саат бою лаззатка баткылары келсе, айрымдары "бир, эки, үч ..." деп коёнчосунан "ишин" бүтүрүүгө ашыгышат. Жуптардын бул жаатта чыккан маселеси экөөнүн биоритмдеринин шайкеш келбегендигинде. Бирок муну жоюуга болот. Эгер узартууну кааласаңыз, анда кумар оюндарын ойноо, эркелетүү, өпкүлөө сунушталат. Ал эми кыскартууну кааласаңыз, бат-бат кыймылдоо оргазмга жеткирет.
5.Кумарга батуу учурунда чөнтөк телефону менен сүйлөшкөн эркектерди жек көрүшөт. Төшөктө чөнтөк телефону менен сүйлөшүп, сүйлөшүү учурунда тамашалап күлүү да аялдар үчүн жагымсыз көрүнүш. Анткени өнөктөшүнүн ою башка жакта деп ойлоп өзүн ашыкча сезип, кумарын жоготуп жиберүүсү күтүлөт. Ошондуктан кумарга батуу учурунда чөнтөк телефонду өчүрүп, өнөктөшүңүз сиз үчүн жалгыз гана аял экенин далилдеп турууңуз зарыл.
6.Талап койгон эркектер. Төшөктө өз кызыкчылыгын жогору коюп, аялдардын каалоосу менен эсептешпеген эркектерди жактырышпайт. Андыктан аялыңыздын да оюн угуңуз.
Астра Айдарова
kenesh@super.kg