Бишкек-Ош жолунун Суусамыр бөлүгүндө жолдун эки тарабында тең топтошуп өскөн тикенектүү жапыз бадал өсүмдүктөр көзгө урунат. Алар адамдын бетиндеги сөөлгө окшоп жайыт жерлерди улам каптап баратат. Маалыматтарга караганда, мал жебеген алтыгана тегиз, чөп чабылчу жерлерди да ээлеп калган. Бул эмне болгон өсүмдүк, пайдасы барбы же жокпу, жок болсо аны эмнеге жок кылышпайт деп кызыгып көрдүк.
"ӨЛКӨБҮЗДӨ АЛТЫГАНАНЫН 12 ТҮРҮ ӨСӨТ"
Алгач бул өсүмдүк тууралуу билип алуу максатында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун флора лабораториясынын улуу илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Мыскалай Ганыбаевага кайрылдык.
– Суусамырды каптап бараткан тикенектүү бадалдын аталышы кандай жана ал эмне болгон өсүмдүк?
– Ал өсүмдүк алтыгана деп аталат. Эл оозунда караган деп да айтылат. Өлкөбүздө 12 түрү өсөт: алай, ак кабыктуу, жалдай (гривистая), бубактай, Камилла-Шнейдер, кыргыз, тикен жалбырактуу, көрктүү, көп жалбырактуу, курумшу сары, түркестан, ачык-жашыл алтыганалар. Алар боз топурактуу адырларда, бөксө тоолордо, аска-тоолордо, шагыл таштуу капталдарда өсөт. Суусамырда өскөнү курумшу сары (оранжевая) деген түрү. Көп жылдык тикенектүү бадал, гүлү сары. Июнь-июлда гүлдөп, июль-августта мөмөсү бышат. Уругунан көбөйөт. Бою 0,5-1 метрге чейин жетип, жерге төшөлүп өсөт. Жалбырактарынын түбүнөн өсүп чыккандары катууланып, майда тикенге айланат. Бири-бирине кошулуп, 2-3 метр, ал тургай бир нече ондогон метр аралыкты жыш ээлеп калышат. Андай жерлерди мал аралай албай калат. Топтошуп өскөн алтыганалардын арасынан сасык куурай, илий бүтөөсү (дельфиниум илийская), жука жалбырактуу жер буурчак, каз таман, өлөң, Кыргызстандын кызыл китебине кирген Литвинов чегендери (родиола Литвинова) менен төрт жылбырактуу мандалак, ошондой эле жунгар уу коргошуну, Карелин шилбиси кездешет.
Кээ бирлер алтыгананын декоративдүү түрүн тосмо үчүн өстүрүп алышат.
– Алтыганалар Сырт жайлоосунда жана Соң-Көлдө да көбөйүп баратат дешет. Ал жактарда кандай түрлөрү өсөт?
– Ал жакта өскөндөрү жалдай деген түрлөрү. Бою1-3 метрге чейин жетет. Кээ бирлеринин гүлү ак, кээсиники күлгүн. Алтыганалардын жаңыдан чыкканын эчки, төө жейт дешет, өсүп кеткенден кийин мал жебейт.
"СУУСАМЫРДАГЫ 495 МИҢ ГЕКТАР ЖАЙЫТТЫН 80 МИҢИН АЛТЫГАНА КАПТАП КАЛГАН"
Калган суроолорубузга жооп табуу үчүн Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыт комитетинин директору Уланбек Төрөгелдиевдин кабинетин аттадык.
– Суусамырды алтыгана каптап баратканы жашыруун эмес. Бул маселе адистерди, элди, өзгөчө суусамырлыктарды ойлондура турганы талашсыз. Эми айтсаңыз, аталган өрөөндө канча гектар жайыт бар жана учурда анын канчасын алтыгана басып калган?
– Суусамырда 495 миң гектар жайыт болсо, учурда анын 79-80 миң гектарын алтыгана басып калган. Алардын тамыры 1 метрге чейин болгондуктан жер кыртышынын көчүп кетүүсүнөн сактап турат. Бул аска-зоолордогу жер кыртышынын, таштардын кулап, көчүп кетпеши үчүн зарыл. Бирок алар аска-зоолорду гана эмес, түз жерлерди да каптап баратат. Калың чер болуп калган жерине мал кирсе, 1 койдун 1 килограммга чейин жүнү тикенектерде калып калат.
Союз учурунда тегиз жерде өскөн алтыганаларды химиялык дары-дармек чачып жок кылышчу. Андан тышкары атайын чөп чапкычты (роторная сенокосилка) тракторго чиркеп, ошону менен чабышчу. Эл да аны кыркып отунга, шыпыргыга пайдаланышчу.
Союз тарагандан кийин 10-15 жыл малдын туягы азайып, жайлоо колдонулбай, каралбай калган. 2010-2011-жылдары Жайыт департаменти алтыганаларды азайтуу максатында аларды чапчу. Бирок кол менен чаап арбытуу кыйын болгондуктан чабылчу жер чабылып, калганы ошол бойдон калган.
– Сөзүңүзгө аралжы, сиз бул кызматка келгенден берки ишиңизди айтсаңыз?
– Менин иштегениме 8 ай болду. Келгенден бери ушул маселени көтөрүп келе жатам. Өткөн жылы барып, биз да кол менен чаап көрдүк, иш эч арбыбай койду. Андыктан аларды жок кылуунун башка варианттарын издештирип, бул маселени Жогорку Кеңешке чейин көтөрүп жатабыз. Мисалга айтсам, эмки айдын башында Жогорку Кеңештин депутаттары менен ушул көйгөй жаатында семинар өткөзгөнү турабыз.
Жайыт комитетинин планында белгиленген бир жерге химиялык дары-дармек чачып, анын алтыганага, башка өсүмдүктөргө, курт-кумурскаларга кандай таасирлери бар экенин байкап көрүү ошондой эле ротордук чөп жана куурай чапкыч сатып алып, ошону менен чабуу бар. Андай чөп чапкыч Беларуста чыгарылып, баасы 27 миң доллар экен. Бул боюнча өкмөткө атайын кат жолдогонбуз. Каражат бөлүнсө сатып алат элек. Такыр эле болбосо Кыргызстанда 454 жайыт комитети бар, ошолор менен кеңешме өткөрүп, ортодон ошондой 1 чөп чапкыч алсакпы деген да ой бар.
Биз Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги менен макулдашып, алтыганалардын тегиз жерде өскөндөрүн 100 пайыз, ал эми аска-тоо, ой-кырларда өскөндөрүн 30 пайыз азайтуу боюнча уруксат алдык. Болгону жогоруда айткандай каражат маселеси чечилбей турат.
Азыр алтыганалар Соң-Көлдө, Сырт жайлоосунда да көбөйүп баратат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg