Айя Садырова, ырчы: "КҮЙӨӨМ ЭКӨӨБҮЗ ДОС БОЙДОН КАЛДЫК”

"Кара каш”, "Мама"деген чыгармалары менен популярдуу болгон Айя Садырова турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин сахнадан алыстап кеткен эле. Кайрадан чыгармачылыгы жанданып, жаңы ырларды жаздырып баштаган ырчы айым менен чакан маек курдук.

– Айя, көптөн бери сизди сахнадан көрбөй келебиз. Эмне менен алектенип жатасыз?
– Учурда "K Muz"телеканалында, "Замана"программасында телеалпаруучу болуп иштеп жатам. Чыгармачылыгым жанданып, кайрадан ыр жаздырууга кириштим. Кыргыз тилиндеги ырымда Баястан рэп айтса, орус тилдүү ырымдын кайырмасы түрк тилинде ырдалат. Аны Хасан Хамдиев деген мырза менен ырдайм. Эми ошол ырларга клип тартып баштайбыз. Мурда маданий иш-чараларга калыс болуп калганда "мен эми ырдабай калдым"деп айтчумун. Чынында, кайсы бир убакта "болду, ырдабайм"деп чечкем. Эгер маңдайыңа ырчылык жазылса, андан качып кутула албайт экенсиң. Ошондуктан кайра сахнага тартыла баштадым.

– Чыгармачылыгыңыз эмне себептен токтоп калды эле?
– Турмушка чыктым, балалуу болдум. Жолдошум аябай кызганчаак болчу. Башка ырчы мырза менен дуэт ырдап койсом да жактырбайт эле. Ошондуктан үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, чыгармачылыгым токтоп калган. Жыйынтыгында кызганчаак күйөө мен үчүн эмес экенин түшүндүм. Ортобузда балабыз бар, биз жакшы дос бойдон калдык. Ажырашып кеткенибизге көп болду, канча убак болгонун так айта албайм. Анткени мен андан кетип калчумун, артыман келип кайра алып кетчү. Мындай нерсе көпкө созулду. Бул жашоо экен да. Ортодогу алыстык да себеп болду окшойт. Ал чет өлкөдө жашагандыктан мени да алып кеткиси келди, бул жакта такыр жашагысы келген жок. Мен болсо "бул менин мекеним"деп Кыргызстанды тандадым. Азыр баарынан эс алып жатам. Эч ким менин тынчымды албайт, эч ким "муну кийбе, минтип боёнбо, кыска кийбе"дебейт (күлүп). Студенттик кездегидей өзүм каалаганды кылып жатам.

– Уулуңуз чоңоюп калдыбы?
– Ооба, 6 жашка чыкты. Быйыл мектепке барат. Азыр менин жашоомдун маңызы – баламды татыктуу тарбиялоо.

– Маегиңизге рахмат.

"Уулум Искандер жашоомдун башкы маңызы".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айя Садырова: "Жолдошум менен ажырашып, чыгармачылыкка кайттым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
DAF-077
2016-05-31 01:20:09
Тообо ажырашкан эри эми дос болот имиш создун мааниси кайда кетип жатканын озу деле билбейт ХХХ
-6
admin_superstan
2016-05-31 10:35:50
DAF-077,кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз. Оозеки эскертүү.
-1
altyshak
2016-05-31 01:59:48
Берген интервьюсу абдан жакты. Баары чын дилинен айтылыптыр. Бул жерде жазгандар тим эле периште болуп алыпсынар да. Турмушта баары болот. Конулдору туура келбедиби ажырашты. Омур бою кыйналып жашаган аялдар канча.
+6
Adelchik
2016-05-31 03:35:28
altyshak, кошулам 100%
+1
KYRGYZJERI
2016-05-31 08:39:56
Айя куйосо тийген эмес, жон гана бироонон тороп алган.
Озун бул жерде учурунда куйосу болгон дамдай сезиптир.
Эрди катын болуп уй булолук жашоону коргон эмес.
-3
barpy
2016-06-02 13:21:29
KYRGYZJERI, сага айттыбы
0
tabyshmak
2016-05-31 16:18:15
Ушу ырчы кыздарга тан калам да тушуно албайм... Аяга окшоп тошокто жатып алып ырдашат. Эмнеге?.. Же мындай ыкманы колдонуп ырдоонун бир башкача озгочолугу барбы?..
+1
Ago
2016-05-31 18:36:49
Таза кандуу кыргыз кыргызча билбейби? Же кыргызча суйлогондон уялабы?
+2
hann
2016-06-03 00:45:38
Ago, ким айтты Аяны кыргыз деп... Ая Бишкеке окуганы келип Ассоль Молдокматовага жолугуп калып сахнага чыккан Усенов, Бадыеваларга чейин эле. Казахстанда ырчы кыз катары таанышпайт деле Аяны. Бир интервюсунда бизнес ачтым кахастанда деп айтканы бар эле. Жеке жашоосу тууралу болушуптур. Уй було бутун сакталышы керек, бирок одайыны док эле уй було бузула бербейт. Бироонун откон жашоосун талдабагыла, озунордун келечегинерби билбейсинер...
+4
hann
2016-06-03 00:49:20
Кечиресиздер кыргыз кызы экен болгону Казахстанда осуптур...
0
sunu2015
2016-05-31 22:39:06
сахна бул убактылуу нерседа уй було туболук керек балага ата керекда атанын тарбиясы болок болотда эненики башка
+3
leonar
2016-06-03 10:49:18
sunu2015,а мумкун куйоосу когала кылып сабагандыр кызганып, балага баарынан да ден-соолугу чын апа керек! Уй-булодо уруш коп болсо, ата-эне психке айланат, бала да псих болуп чоноет.
-1
radyakiz
2016-05-31 23:10:53
Чет мамлекетке барып жашап келели десе кетмекмин куйоом менен,же куйоосу иностранец бекен? Мурун бойдок кезинде ырдап чыга баштаганда бир интервьюсу бар болчу канымда казак аралаш апам казак кызы деп жургон эми болсо чипчистый кыргызмын деп калыптыр го
+1
barpy
2016-06-02 13:22:47
radyakiz, сен кетмексин бирок башкалар эмес, элдин баары сен эмес да туурабы
+3
naristem2016
2016-06-01 17:25:46
Жолдошу менен тушкон суроту барбы?
0
Asizhan
2016-06-02 00:12:44
Салкынай Воиновадан интервью алыныздарчы.
0
leonar
2016-06-02 08:52:40
Не мынча жамандайсынар. Сахнага кайттыбы кайтты, ырдай берсин. Биротоло куйоосун корбой туруп жактап алыпсынар го, мен болгондо ажырашмак эмесмин деп, ошон учун да боло албайсынар да бул ырчыдай, ушинтип жамандагандар уйундо отурган колунан эч нерсе келбеген адамдар, куйоом багат деп, эртен куйоон жадап башка бироону тапканда, ыйлап кетесин, колунан эч нерсе келбейт, жаштыгын жок, же сенде бир гана вариант: сыгылып уй було учун деп жашаш,анан оорукчан болуп карыбай атып...
+4
Shat.88
2016-06-02 10:33:54
leonar,туптуура айттынызозунду эч убакта унутпашын керек, озунучун жашашкерек, эркек кааласа эртен эле кетип калат
+1
barpy
2016-06-02 13:30:31
leonar, бакса эле болду, жердин тубуно болсо да кетмекмин деген уй-кожойкелери аман болсун бала-чакасын таштап атып чет жерде жургон к уйоосуно Баргысы келген... Менин жеке оюм: Кыргыздын уулу Кыргызстанда эле чонойгону дурус Кыргыз болуп...
+4
Shat.88
2016-06-02 15:03:45
Эркек бакса эле болду жашайберем уйдоотурсам Да мейли дегендерди такыр тушунбойм айткылачы силерге акча эле керекпи, жашоодо акчадан башка кызыктуу нерселер толтураго силерге личный пространство дегенкереги жокпу,моралдык Жактан эмес албетте,
+3
mafi
2016-06-03 00:12:24
Эми болгон Иш болду. Бир гана колдон үн чыкпайт, үн эки колдон чыгат эмеспи. Балким башка нерселер болгондур? Жашоо ушундай, ажырашабыз, табышабыз, окунобуз, ыйлайбыз
0
Rednalf
2016-06-03 07:00:36
Кыйраткан чыгармачылыгы деле жок,уй було кутуп да жарытпаптыр.Карьера деп журуп,карыганда жалгыз калып,муздак уйдо озу жан бергендер коп болгон.Бапыратып баланы торо,чонойт убайын кор.Асыл эне,суйгон жар бол,мына сага КАРЬЕРА!
+2
leonar
2016-06-03 10:42:33
Rednalf,баласы бар экен, чонойтуп атыптыр, дагы не керек? А чыгармачылыгы убагында аябай онуккон. А турмушта ажырашпайм деп эч ким айталбайт, сен да, келечек алдыда
-1
nats
2016-06-03 20:57:20
Ая мага жагат, бактылуу болунуз.
0
sonka89.
2016-06-05 17:46:51
Что за причёска ужасная, и майку надела дешевую.
0
№ 708, 27-май-02-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан