ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫНЫН СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫ
Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) Жаңы муун академиясы (ЖМА) университетке даярдоочу бир жылдык интенсивдүү окуу программасын сунуш кылат. Окуу программанын негизин англис, орус жана кыргыз тилдери курстары жана математика сабагы түзөт. Окуудан тышкары академиянын студенттери БААУнун студенттик клубдары менен бирге (шахмат, дебат, театр) ар түрдүү семинарларга, лекцияларга катыша алышат.
Сынакка бардык орто билим берүү окуу жайларынын (техникум, колледж жана башка) жана орто мектептердин быйылкы бүтүрүүчүлөрү катышууга чакырылат. Быйыл Кыргызстандын бардык аймактарынан сынактын негизинде орто билим берүү окуу жайларын ийгиликтүү аяктаган 30 бүтүрүүчү Жаңы муун академиясында билим алууга мүмкүнчүлүк алат.
Стипендиялык программа студенттердин төмөнкү чыгымдарын каржылайт:
ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү окуу программанын ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу расмий сертификатка ээ болушат.
ЖМАНЫН СТИПЕНДИЯСЫНА КИМДЕР ТАПШЫРА АЛАТ? ТАНДОО ТАЛАПТАРЫ:
ЖМАНЫН СТИПЕНДИЯСЫНА КАНТИП ТАПШЫРУУГА БОЛОТ?
I баскыч: ЖМАнын стипендиясына тапшырууда атайын форманы жана талап кылынган керектүү документтерди тапшыруу:
Жарым финалисттер англис тилинен тест жазышат жана маектешүүгө катышуусу зарыл. Тест жана маектешүү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.
МААНИЛҮҮ: Сынактын уюштуруучулары жарым финалга өткөн катышуучуларга гана телефон аркылуу финалга өткөнүн маалымдашат.
ЖМАнын стипендиясынын керектүү документтери жөнүндө толук маалыматты ЖМАнын
www.nga.auca.kg сайтынан тапсаңыздар болот.
II баскыч: Англис тилден тестирлөө жана ЖМАнын өкүлдөрү менен маектешүү:
МААНИЛҮҮ ДАТАЛАР:
ЖМАНЫН СТИПЕНДИЯСЫНЫН АТАЙЫН ТОЛТУРУУЧУ ФОРМАСЫН КАЙСЫ ЖЕРДЕН АЛУУГА БОЛОТ
ЖМАнын стипендиясынын атайын формасын биздин электрондук баракчадан
www.nga.auca.kg жана ЖМАнын БААУдагы кеңсесинен алууга болот.
ДОКУМЕНТТЕРДИ КАЙДА ЖИБЕРҮҮ КЕРЕК?
ЭСКЕРТҮҮ: Көрсөтүлгөн дарек боюнча толтурулган форманы жана бардык талап кылынган документтердин топтомун жибериңиз же алып келип бериңиз:
Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, №420-кабинет,
Жаңы муун академиясы,Борбор Азиядагы Америка университети
БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН МААЛЫМАТ
Электрондук баракча:
www.ngma.auca.kg
Электрондук дарек:
nga@auca.kg
Тел.: + 996 (554) 55-09-39/ +996 (312) 91 50 00 (кошумча: 486, 485)