СССРдин Эл артисти, ырчы Иосиф Кобзонго «Бишкектин ардактуу атуулу» төш белгиси ыйгарылат. Негизи бул наам ырчыга 1997-жылы эле берилген. Бирок ырчы төш белги менен Ардак грамота алган эмес. Кобзондун жубайы үстүбүздөгү жылдын март айында Москва Геральдика кеңешине кайрылып, Бишкек шаарынын мэринен төш белги менен грамотаны алып берүүнү суранган.
Аталган маалымат боюнча Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаевдин жардамчысы Алмаз Абылов: «Ооба, Иосиф Кобзонго «Бишкектин ардактуу атуулу» деген төш белги ыйгарылганы тууралуу документтерди архивден карап берүү сунушу бизге Орусиядан түшкөн. Ал документтерди таап, Алмаз Кененбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутького ырчынын төш белгиси менен грамотасын берип жиберди»,- деп билдирди. Андрей Крутько өз сөзүндө аталган сыйлыкты ырчынын 80 жылдыгында өзүнө тапшырарын жана ырчы сөзсүз бишкектиктер үчүн ырдап берерин айткан.