Алар түбөлүк бактылуу, бири-бирин сүйүп, каалап жашашты... Жомоктогудай угулат. Кандай гана үй-бүлө болбосун сөзсүз "төшөк кризисине" жолугары бышык. Аны жоюуга болобу? Албетте, болот! Ал үчүн жубайлардын экөө тең аракет кылышы керек.УКТООЧУ БӨЛМӨДӨГҮ АТМОСФЕРА
Бардык маселелер, көйгөйлөр ашканадабы, конок бөлмөдөбү, иши кылса башка жайда чечилиши керек. Эч качан уктоочу бөлмөгө аларды жетелеп келбеңиздер. Керебетиңер канчалык сыйкырдуу болбосун, күнүмдүк жашоого ал жакта орун жок. Анткени күнүмдүк чоң талкуудан кийин секс тууралуу ойлонуу кыйынга турат.
Айымдарга кеңеш: Уктоочу бөлмөнүн жасалгасы эки адамдын жакындашуусуна таасир эткендей жасалгаланышы керек. Бүлбүл жанган жарык... Ачык түстөгү, жумшак, таза шейшептер... Жай музыка... Окумуштуулардын айтымында, музыка секстин ажырагыс бир бөлүгү. Ал адамды кубандырат, кайгыртат, ошондой эле дүүлүктүрө турган касиетке ээ. Бирок төшөк оюндарына бардык эле музыка түрлөрү жарай бербейт, классикалык музыка гана туура келет. Классикалык музыкалар жан дүйнөнү козгоо менен бирге каалоону күчөтөт. Музыка тандоодо дагы бир нерсени эске алуу керек, музыка эки адамга тең бирдей жагымдуу болушу керек. Сиздерге абдан жаккан топтун же ырчынын чыгармасына басым жасабаңыз. Анткени төшөк оюнун экинчи орунга калтырып, музыкага тартылып кеткениңизди байкабай калышыңыздар ыктымал.
Эркектерге кеңеш: Уктоочу бөлмөдө сыналгы көрүүнү, ноутбукту кучактап жатууну токтотуңуз. Клавиатураны, пульттун кнопкаларын басып башка каналга которгондон көрө аялыңыздын денесиндеги жаңы сырларды ачыңыз. Бир убакта жатып, бир убакта турууну адат кылыңыз.
ТАҢ КАЛТЫРУУДАН ТАЖАБАҢЫЗ
Бири-бириңиздердин эртең менен кандай кийинип кеткениңиздерди, кайсы жерде эмне кылып жүргөнүңүздөргө чейин элестете аласыз. Демек, сиздер бир ордунан жылдырылбай турган эмеректейсиздер. Мындай жагдайдан бири-бириңиздерди таң калтыруу менен чыга аласыздар.
Айымдарга кеңеш: Анын көзүнчө кооз, жеңил ич кийимдерди кийиңиз. Төшөк оюну менен көбүнчө кечинде алектенесиздерби? Демек, аны таң калтырууну түштө эле баштай берсеңиз болот.
Эркектерге кеңеш: Маал-маалы менен аялыңызды жолугушууга чакырып турууну унутпаңыз. Эгер сүйүктүүңүздү ресторанга же кафеге чакырып сыйласаңыз, же бойдок кезде жолуккан жерлерге ээрчитип барсаңыз, ал бир кездеги сүйгөн адамын кайрадан көргөндөй болот. Балдарды болсо кимге таштоону алдын ала пландаңыз. Мындай жолугушуу, мындай көңүл буруу ортодогу сүйүүнү бекемдөөгө, мамилени жандандырууга кепилдик болуп берет.
АЧЫК СҮЙЛӨШҮҢҮЗ
Төшөк оюну тууралуу сүйлөшүп туруңуздар. Кантип эркелетүүнү самайсыз, эмнени каалайсыз, кыялдарыңыздарды ортого салып, тартынбай ачык эле сүйлөшүңүздөр.
Айымдарга кеңеш: Төшөк оюну тууралуу сүйлөшүү үчүн атайын убакыт табыңыз. Сүйлөшүү эч ким тоскоол болбогон ыңгайлуу жайда, жай темпте жүрүшү зарыл. Ортодо чыккан уруш-жаңжалдан кийин бул темада сүйлөшүү туура эмес. Анткени эмоцияга алдырып алышыңыз толук мүмкүн. Дагы бир эске алчу жагдай, темадан четтеп кетпеңиз. Анткени экөөңүздөргө гана тиешелүү болгон "төшөк" тууралуу сүйлөшүп жатасыздар, насыя төлөө боюнча эмес.
Эркектерге кеңеш: Эч убакта "сен мындайсың, минте албайсың..." деп өнөктөшүңүздүн төшөктөгү кемчиликтерин баса белгилеп айтып күнөөлөбөңүз. Колдон келсе "биз" деген сөздү пайдаланыңыз. Мисалы, "мындай кылсак болмок..." деп экөөңүздөргө тең таандык формада айтсаңыз, таарынычтын алдын алган болосуз.
КАМ КӨРҮҮ ЖАНА ЭРКЕЛЕТҮҮ
Стресс жана чарчоо – секстин эң башкы душмандары. Жаш ата-энелерге мындан качып кутулуу, албетте, оор. Ошентсе да бири-бирин жөлөп-таяп, көңүл буруу мурунку кумарды, каалоону сактап кала алат.
Айымдарга кеңеш: "Балдарды карап жатам, бул күйөөмө да жасаган камкордугум" деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Анткени күйөө өзүнчө камкордукка, көңүл бурууга, жылуу сөздөргө муктаж. Эсиңизде болсун, ата-эненин ортосундагы тыгыз байланыш гана үй-бүлөнү сактап кала алат жана бактылуу үй-бүлөнүн түзүлүшүнө өбөлгө болот. Андыктан жолдошуңузду арткы планга жылдырып коюудан абайлаңыз.
Эркектерге кеңеш: "Аялым төшөктө ойноштой болсун" десеңиз, анда аракетти таң эрте эле баштаганыңыз оң. Анча-мынча үй иштерине кол кабыш кылыңыз. Эгер ага колуңуз тийбесе, жубайыңызга баарын өзү чарчабай жасай алгыдай кылып шарт түзүп, уюштуруп бериңиз. Мындай кам көрүү ар бир айымдын маанайын көтөрөт.
КОМПЛИМЕНТ АЙТА БИЛИҢИЗ
Комплимент айтуу – искусство. Болгону, кимге, кайсы жерде жана кандай кырдаалда, эң башкысы, эмне максатта айтууну билүү керек. Комплимент угууну аял да, эркек да каалайт. Жагымдуу сөздөр, албетте, өнөктөшүңүздү мурдагыдай кызыктырарыңызды далилдейт.
Айымдарга кеңеш: Эркектер аялдардан физикалык жактан артыкчылык кылганы менен, айымдарга караганда өздөрүнө ишенимсиз жана ызакор келишет. Алар дамамат колдоого, ишендирүүгө, мактоого муктаж. Андыктан күйөөңүздү мактап, камкор ата экенин, анын жасаган иштери менен сыймыктанарыңызды айтып, колдоп турууну унутпаңыз. Калп комплимент айтуудан алыс болуңуз. Комплимент менен ашыкча мактоонун айырмасын билүү да мааниге ээ. Калп мактоо эркектерге жакпайт. Мырзаларга эч качан "сен сулуусуң" деп комплимент айтууга болбойт. Анткени аларга кичинесинен "эркек сулуу эмес, тескерисинче, эр жүрөк, колунан баары келген адам болушу керек" деген сыяктуу сөздөрдү кулагына куюшкан.
Эркектерге кеңеш: Акыркы жолу качан аялыңызга "сүйөм" деп айттыңыз эле? Эстей алдыңызбы? Ичиңизден "мен сүйгөнүм үчүн ага үйлөнбөдүмбү, демек, аны сүйөм да" дегениңиз жарабайт. Сүйүктүүңүзгө маал-маалы менен сүйүүңүздү билдирип, мурдагыдай сүйөрүңүздү далилдеп туруңуз. Ар бир курактын өзүнө тиешелүү сулуулугу бар эмеспи, аны баса белгилеңиз.
Астра Айдарова
erotika@super.kg