Учурда блог жазуу маалымат каражаттарынын бир бөлүгү сыяктуу. Орчундуу теманы козгоп, коомдогу көйгөйлөрдү ачык билдирүү, аны чечүүдө иштин ордунан "козголушуна" түрткү берүүчү курал сымал. Өлкөбүздө кыргыз аялдарынын таламын кызуу талашкан, бир жыныстуу мамилени ачык колдоп, коомчулукта кызуу талкуу жараткан Данияр Айтман тууралуу сөз кылабыз.– Данияр, биздин жашоодо болуп жаткан орчундуу иштер сиздин блогсуз калбайт. Дегеле блог жазууңуз эмнеден улам башталды?
– Мен блог жазууну МБА программасы боюнча АКШдагы бизнес мектепте окуп жүргөндө баштагам. Анда АКШнын жашоосунун таасири жана окуум тууралуу жазчу элем. Менин блогдорум мекендештердин кызыгуусун арттыра баштаганын байкап, башка темалар жөнүндө да жаза баштадым. Кыргызстандын атуулу болгон соң мени өз өлкөмдөгү аялдарга болгон зомбулук же болбосо коррупцияга чыланган бийлик сыяктуу курч көйгөйлөр тынчсыздандырбай койбойт. Ошондуктан ушул темаларда көп жазам.
– Жазгандарыңыздан улам дүйнө таанымы кеңири адам экендигиңиз байкалат. Кайсы кесипти аркалайсыз? Эмне иш менен алексиз?
– Москвадагы Ломоносов атындагы мамлекеттик университетин, Будапешттеги Борбордук Европа университетинин магистратурасын жана Мичиган университетинин МБА программасы боюнча бизнес мектебин бүтүргөм. Кесибим болсо финансист, бизнес консультант. Көп жыл бою Кыргызстандагы эл аралык аудитордук компанияда эмгектендим. Кийинчерээк Казакстандагы эл аралык тоо-кен казуучу ишканада финансы боюнча менеджер, ошондой эле Орусия, АКШ, БАЭдеги бир канча эл аралык компанияларда консультант катары иштедим. Учурда инвестициялык ишмердүүлүк менен алектенем.
– Блог жазбай эле гезитке же маалымат сайттарга макала жазса болобу? Же блог жазып, анын астындагы талаш-тартыштардан ырахат аласызбы?
– Блоггер же колумнист болуу ойдо да жок болчу. Бул өзүнөн-өзү башталып кетти. Кыргызстандагы башка Фейсбук колдонуучулардан эч айырмам жок. Эл катары эле өз баракчама ой-толгоолорумду жазам. Болгону менин жазгандарым көпчүлүк колдонуучулардыкына караганда кичине популярдуу экен. Фейсбукта белгилүү болуп кеткен соң өлкөбүздүн бир канча маалымат каражаттары "макала жазып бербейсиңби?" деп кайрылышты. Мен жазган макалалар, интервьюлар көптөгөн маалымат каражаттарына чыкты. Бирок макала жазганга караганда блог жазганды жактырам, анткени мында өз оюңду ачык-айкын жеткире аласың. Мен блогдордо айкын чындыкты гана жазам. Аны туура эмес түшүнүп алуу мүмкүн эмес.
– Жазган блогдоруңуз аркылуу көпчүлүк учурда кыз-келиндердин, апалардын, дегеле аялзатынын таламын талашып келесиз. Бул сезим, зарылчылык качан, кайдан келип чыкты?
– Кыргызстандын аялдарынын зомбулукка кабылышы мурдатан эле оюмду ээлеп келген. Бала кезимде эле айлана-чөйрөмдөгү аялдардын көйгөйлөрүн өз көзүм менен көрүп келем. Жазгандарымдын арасынан аялдар тууралуу посттор абдан популярдуу болду. Ошондуктан бул темага көбүрөөк кайрылам. Мен ойлойм, биздин коомдун эң орчундуу темасы дал ушул. Аялдар – коомубуздун коргоосуз жана алсыз бөлүгү.
– Бир жыныстуу мамилелерди, гейлерди колдой турганыңызды айтып чыктыңыз. Сиздин пикириңизде, бир жыныстуу мамиле – эркиндик, байлык, жетишкендик экен. Табияттын мыйзамдарына каршы чыгуу түбү жакшылыкка алпарбасы тууралуу да ой болобу сизде?
– Гомосексуалдуулукту адамдар ойлоп тапкан эмес, бул жаратылыштын кубулушу. Тарыхта белгилүү болгондой жана окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, гомосексуалдар бардык коомдо болгон жана болуп келет. Алар адам коомунун 1-5 пайызын түзүшөт. Алар гетеросексуалдар сыяктуу эле адамдар, ошондуктан эл сыяктуу ошондой эле укукка жана мүмкүнчүлүккө ээ болууга татыктуу. Гомосексуалдардын эч кандай зыяны жок.
– 9-Майды майрамдабайт экенсиз. Гейлер, анти 9-Май жана Азимжан Аскаровду баатырга теңөө... Демек, Данияр Айтман батыштын саясатын жайылтуучубу?
– Мен батыштын "баалуулуктары" эмес, жалпы адамзаттын баалуулуктары жөнүндө билдирем. Эркиндик, теңдик, адам укуктары, демократия, рынок экономикасы... Булар батыштыкы эмес, дүйнө жүзүнүн бардык элинде, ошондой эле Кыргызстанда актуалдуу болгон жалпы адамзаттын баалуулуктары.
– "Кыргызстан саясатчылардын билимсиздигинен улам өнүкпөй жатат" деп сындап келесиз. Өлкөнү кантип оңдоп, жакшыртуу керектигин айтып, аны иш жүзүнө ашырууга аракет кылбайсызбы?
– Саясатка аралашпайм. Анткени өзүмдүн жумушум мага абдан жагат. Ар ким өзүнүн ишин аркаласа деген пикирдемин. Саясат – бул олуттуу даярдыкты жана өзүңдү арноону талап кылган жумуш. Кыргызстанда мен урматтаган, колдогон демократиячыл жаш саясатчылар жок эмес. Мисалы, алардын арасынан Эдил Байсалов, Азамат Акелеевди айтсак болот.
"Жазган постторум бирөө үчүн илимге умтулууга, идеализмдин учкунун жандырган, жамандыкка каршы күрөшүүгө күч берген жашоосундагы бир кызык жана кокустук белгиси болот деп ишенем".
"Жаш чагымда менин адатым бар эле. Тааныш кыздарга дайыма бир суроону берчүмүн: «эгерде күйөөң урса эмне кылар элең?» деп. Көпчүлүгү төмөнкүдөй жооп берер эле: «шартка жараша», «биринчи жолубу же жокпу», «эгерде күйөөм жакшы болсо түшүнүп, кечирер элем». Бул суроону билими жогору, акыл-эстүү, келбети келишкен бир нече кыргыз кыздарына да берип көрдүм. Акыркы кыздан башкаларынын жооптору мурункулардай эле болду. Ал эми акыркы кыздын сулуу жүзү дүрт эте жалбырттап, көк көздөрү жалжылдап, бийик үнү дирилдеп: «ошол замат кетип калам» деп жооп берди. Анын ушул жообу, ошол кайнап турган кыжыры менин жүрөгүмдү биротоло эритти".
"Айтканым кулакка өтө жаман угулат, бирок эркек болуп төрөлгөнүмө абдан сүйүнөм. Себеби аялдын баасы Кыргызстанда малдан да арзан. Кадимки бээнин баасы базарда миң доллардан кем эмес. Ал эми аялды болсо чаламандын чак түшүндө бир куту арзан момпосуй, кийүүгө жарабаган эки кытай көйнөгү жана бир ящик самопал арак менен кудалардын көңүлүн алып, оңой эле көчөдөн сүйрөп келип өмүр өткүчө өзүңдүн чарбаңа кошуп койсоң болот".
"Гомосексуал болуу – бул чоң бакыт, демек, сен адамсың жана башка адамды сүйө аласың".
"Кыргызстандын глобалдуу көйгөйү – мамлекетти билимсиздер башкаргандыгында. Билимсиз, тарбиясыз, маданиятсыз, профессионал эмес. Өлкөнү адамдык потенциалы төмөн адамдар башкарып жатат. Коомдун каймактары эмес, таштандылары".
(Данияр Айтмандын блогдорунан үзүндүлөр)
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg