БАЛАКАЙЛАР ЖОМОКТУН КААРМАНДАРЫНА АЙЛАНЫШТЫ

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Супер-Инфо» гезити 30-май күнү «Асанбай» сейил багында «Бактылуу балалык» аталышындагы акция өткөрдү. Балакайлардын майрамы бир чети ата-энелердин да майрамы болот эмеспи, иш-чарада бөбөктөрдөн өтүп сүйүнгөн ата-энелер көп болду.

БАЛАКАЙЛАРГА БАЛМУЗДАК, СЭНДВИЧ, БЕЛЕКТЕР БЕРИЛДИ
Бала бар жерде баары шаң-күлкү, куунак маанай менен коштолот эмеспи. «Супер-Инфонун» бул жолку акциясы да шайыр, кичинекейлердин күлкү-шаңына бөлөнгөн атмосферада өттү, себеби майрам балакайлардыкы эле. «Асанбай» сейил багы жомоктогу каармандарга окшоп кийинген балакайларга толуп калды. Иш-чаранын алкагында балдар үчүн оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө атайын белектер, ал эми катышуучуларга бекер балмуздак, сэндвичтер таратылды. Балакайларды куттуктап келген «Ак шоола» балдар хору, Жакут Сыдыков, Наргиза Айтемирова өнөрлөрүн тартуулап, тамашоучулар Самат Эркинбеков менен Актан Рыскелдиев балдарды ойнотуп, белек тапшырышты. Ал эми ырчылар Азиза, Айнура Салахидинова жана Роза Шакирова калыстык кызматты аркалап, мыктыларды аныктаганга жардам беришти.

Самат Эркинбековду кичинекейлер Доорон деп таанышат экен. «Доорон байке менен сүрөткө түшөм» дегендер көп болду. Өз кезегинде Самат балакайларды майрамы менен куттуктап, өнөрлүү балдарды ырдатып, ыр айттырып, белектерди берди.

Концерттик программаны «Ак шоола» балдар хору «Доктур эже» деген чыгармасы менен ачып, майрамга келген кичинекей көрүүчүлөрдү бир сыйра бийлетти.

Кеченин алып баруучусу «Позитифф» командасынын капитаны Актан Рыскелдиев балакайларга табышмак айтып, туура тапкан балдарга балмуздак берип жатты.

Жакут Сыдыков менен Наргиза Айтемирова «Алло» деген ыры менен майрамды көркүнө чыгарды.

Кезек оюндарга келди. Балдар пластилинден жакшы көргөн жаныбарын жасап көрсөтүшү керек болчу. Катышуучулар абдан көп болуп, калыстардын шаштысын алышты.


Жеңүүчүлөр белектерге маарып жаткан учур.

Белек алабыз деп кызыгына кирип алган балдардын минтип отура калып манас айткандары да болду.

«Сүрөт боёо» тапшырмасында бардык катышуучулар өз убагында, сүрөттөгүдөй туура боёгондуктан баарына белектер берилди.


Акциянын шарты боюнча катышуучулар жомоктогу каарманына окшоп же кооз кийинип келиши керек болчу. Майрамга келген катышуучулардын ичинен бул балакайлар мыкты форма кийип келгени үчүн белектер менен сыйланды.

Оюндарга активдүү катышып, бийлеп, ырдап чер жазган балакайлар үйлөрүнө мыкты маанайда тарашты.

Кеченин соңунда атайын акцияга даярданып кооз кийинип келген балакайлар бир нече аттракционго бекер түшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.


«Супер-Инфодон» белектер, балмуздак жана таттуулар кичинекейлерди өзгөчө бактылуу кылды.

Балдарга майрам тартуулоого көмөктөшкөн «Асанбай» сейил багынын жетекчиси Элбурс Карбанов да кичинекейлерди куттуктап, жаңылыктары менен бөлүшүп кетти:
– Балакайларды майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! «Асанбай» сейил багы жыл сайын кеңейип жатат, быйыл балдар үчүн муз аянтчасы, футбол талаасы курулат. Буюрса, шаар тургундарын эс алдырууга толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.



Лунара Бакиева
Адилет Бектуров
balalkai@super.kg
 Кыстарылган видео 
Балакайлар майрамда жомоктун каармандарына айланышты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
evidens
2016-06-07 10:38:59
Супер инфо бобокторго иштетилчуу памперстер тууралуу жазсанар
0
HAPPY.GIRL
2016-06-07 12:13:30
evidens,Супер Инфону кутпой интернеттен карап окуп ал.
0
admin_superstan
2016-06-07 12:42:42
evidens,саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан