БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ОТУРУШУНУН ОРДУНА ПАЙДАЛУУ ИШ-ЧАРАЛАР

Акыркы жылдары мектепти аяктаганына 10, 20 жана 30 жыл болгон бүтүрүүчүлөр өз кичи мекендерине жана мектептерине пайдалуу иш кылган учурлар арбып жатат. Мындай иш-чаралар жыл сайын кийинки муунга үлгү болгону кубандырбай койбойт. Быйыл мындай кайрымдуулук жана соопчулук иштери былтыркыдан көп болду.

АЙЫЛЫНА ПАЙДАЛУУ ИШ КЫЛГАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ
Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Чаңгет айылында мектепти 20 жыл мурун бүтүргөн муун айылдын кире беришине дарек тактасын орнотуп беришти. Тактага айылдын аталышы жана өлкөнүн атрибуттары болгон желек менен гербдин сүрөтү түшүрүлгөн. Ушул эле бүтүрүүчүлөр билим алган мектебине суу чыгарып беришкен.
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Кара-Жыгач айылынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү аталган айылдын кире беришине калпактын элеси түшүрүлгөн арка орнотуп беришти.
Талас облусунун Талас районуна караштуу Осмонкулов айылындагы мектепти 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр айыл ичиндеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун, чай, май, кесме, макорон өңдүү азыктарды таратышканын жергиликтүү окурмандар билдиришти.
Ал эми Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Күлдү айылынын 10 жылдыктары болсо айылдагы жол чекесине аялдама жасатышкан.
Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылынын 1988-жылы туулган бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык отуруштун ордуна айылдык мечитке боз үй алып беришкен. Жергиликтүү калк "өлүм-житим болгондо боз үй таппай ары-бери чуркап калабыз. Жайлоого чыгып жүргөндөр "жасалгалап алган боз үйүбүздү жамандыкка тиктирбейбиз" деп бербей койгон учурлар бар. Эми бул көйгөйдөн арылдык" дешет. Мындан сырткары өлкөнүн бардык облустарында мектепке кызматтык унаа, компьютер, принтер жана сканер сыяктуу жабдыктарды белек кылгандар да болду.

"КЛАССТАШЫБЫЗДЫ ҮЙЛҮҮ КЫЛДЫК"
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт айылынын Айып Идинов атындагы орто мектебин 20 жыл мурун бүтүргөндөр көп жылдан бери айыл ичинде 3 баласы менен батирлеп жүргөн классташына 3 бөлмөлүү үй салып беришкен. Уюштуруучулардын бири Жылдызбек Дербишалиев мындай демилге кандайча келип калганын айтып берди:


– Көп идеянын арасынан классташыбыз Уланга үй салып берүүнү жактырдык. Айылда жашаган классташтар колдоо көрсөтүп, досубузду өзүбүздүн эле классташыбыз Жайнагүлгө үйлөнтүшкөн. Экөө андан бери 3 балалуу болушту. Балдары менен батирлеп жүргөнүнөн айылдан жер тилке сатып алып, үй тургузуп бердик. Бир чети классташыбыз үйлүү болуп калды, экинчиси бизден кийинки муунга да үлгү бололу дедик. Жерди кошкондо баш-аягы 380 миң сом сарптадык. Минтип эми ачылышын жасап отурабыз.

"КӨРҮНГӨН БОШ ҮЙДӨ БАТИРЛЕП ЖҮРЧҮМҮН"
Жаңы үйлүү болуп жаткан Улан Кыдыргычовдун кубанычында чек жок. Кубанычына ортоктош болуп, кепке тарттык:
– Мен кичинемден атамдан жетим калып, балдар үйүндө чоңойгом. Кийин атамдын кичи мекени деп бул жакка келип окуп калдым. 2005-жылы үйлөнүп, элдин малын алып жайлоого чыгып жүрдүм. Кыштоого түшкөндө айылдан бош үйлөргө батирлечүбүз. Балдар чоңоюп, окуй баштаганда малчылыкты да таштап, айылга келишке туура келди. Чындыгында үй маселеси кыйнап жүргөн. Учурдан пайдаланып классташтарыма чоң ыраазычылык айткым келет. Кудай сүйгөн пенделер болсун, жетимдин башынан сылаган сөзсүз баар табат.

КАРООЛЧУНУН КЕПЕСИНДЕ ЖАШАГАНДАР...
Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап (Куртка) айылынын мектебин 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөрү да ата-энесинин көзү өтүп кеткен 4 бир тууганга үй салып жатышат. "Буюрса, июнь айынын ортосу менен толук бүтүп калат" деген демилгечилердин бири Элдияр Турумбеков буларга токтолду:
– Айылда баарыбыздын эле боорубузду оорутуп жүргөн жетим балдар бар болчу. Алардын улуусу 11-класста окуп калса, кичүүлөрү 1-3-класста окуган балдар. Атасы өлгөн соң былтыр апасы дагы автокырсыктан кайтыш болуп калган. Атасынын бир тууган майып агасы менен айылдагы гараждын бир бурчундагы кароолчунун кепесинде жашашчу. Үйдө ишке жарактуу эч кимиси жок. Ата-энеси бар учурда деле ошол кичинекей жерде күн кечирип келишкен. Бул балдардын башка азабы деле жетиштүү деп ушундай ишти демилгелеп калдык.

Жумгал районундагы Кызарт айылынын бир тургуну үйлүү болду.

Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап (Куртка) айылында жетимдерге курулуп жаткан үй.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Serenada
2016-06-06 11:35:00
Жакшы демилге экен Алла ыраазы болсун баарына
+7
jemile
2016-06-06 12:25:08
Баарыңарды кудайым колдосун!
Көзүмө жаш айланып кетти...
+8
Chika2016
2016-06-06 13:32:30
Алла ыраазы болсун.
+3
Mavlyuda
2016-06-06 13:36:59
Ыйлагым келип кетти, жетимдерге боорум ооруп. Аллах баарынан ыраазы болсун, кайрымдуулук кылгандардын
+7
Izabella_an
2016-06-06 14:37:02
Аллахым ыраазы болсун жардам берген адамдардын баарынан , үй деген бул ээн жакшы нерседа бир шоколад алып берсе каанча сүйүнөбүз кылган, жакшылыктарыңыздар пендеден болбосода Аллахтан сөзсүз кайтат.
+6
nasik198
2016-06-06 21:43:38
Жакшы жоролго кийинки муундарга да сабак болсо экен.
+6
Qnet
2016-06-07 02:02:17
Эн сонун корунуш,Аллахка шугур,болбоду дегенде кийинки муунга ушундай жакшы жоролгону таштап кетээрибизге!Аллах баарынардан ыраазы болсун!
+4
fariuri
2016-06-07 14:15:15
а ий азаматсынар . Аллах ыраазы болсун . Бизден уулулар ушунтип жакшы жолдорду корсотсо . Кийинкилер да жакшы ийгиликтерди жаратабыз деп ойлойм . Менин быйыл 10 жылыдыгым .20 жылдыка барганда мен дагы бир пайда келтирем деген ойдомун .Аллах берерин унутпасын !
+4
Nurmuslima
2016-06-07 15:28:50
Ооба сонун иш кылышты,биздин мектептин да дарек тактасын орнотуп беришти Кара-Жыгачтыкын, Аллах раазы болсун!
0
Bek94
2016-06-07 21:56:44
Эң жакшы мен кубанып турам. сооп иш кылып турса кудай аны кайтарат
0
Rapas
2016-06-09 08:16:23
Ушундай жанылыкты окуп, журогун жылыйт. Алла ыраазы болсун сиздерге!!!
0
new_hacker
2016-06-10 19:55:52
ушундай иш чаралар коп коп болсун
0
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан