КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада жагымсыз иштер көбүрөөк орун алып, олуттуу маселеге айланышы мүмкүн. Атаандаштардан, сизди көрө албагандардан абайлаңыз. Чыдамкайлык жакшы сапат экенин унутпай, компромисске барыңыз. Жумушуңузда жоопкерчилигиңиз артып, кадыр-барктуу орунга которулушуңуз күтүлөт.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада чогуу иштешкен адамдар менен конфликт болушу мүмкүн. Эч кимге карыз бербеңиз, ала албай бир топ убара болосуз. Апта соңунда жагымдуу жолугушуулар орун алат, жакшы иш баштоо үчүн ишеничтүү адамдарга жолугасыз. Акча булагынын көзү ачылат, эми аны көбөйтүүнү, андан ары алып кетүүнү ойлонуңуз.ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сизде эки ача жол болот. Бир ишти чече албай жакындарыңыздын кеңешине муктаж болосуз. Бирок азырынча жаңы иш баштоону артка жылдыра турганыңыз оң. Алдыда маанилүү окуялар, ишке байланыштуу жолугушуулар күтүлөт. Ишке байланыштуу сиз күтпөгөн сунуштар болот, анын аягы сизге ийгилик алып келет.БӨЙӨН (22.06-22.07)
Капыстан болгон таанышуулар жүрөгүңүзгө жылуулук алып келет. Түгөйү жоктор бул жолугушуудан сүйүү тапса, үй-бүлөлүүлөр түбөлүк дос табышат. Айланаңыздагыларга колуңуздан көп жумуш келерин далилдеңиз. Тагдырдын жагымдуу белегине туш болосуз. Анын арты майлуу-сүттүү болуп, ийгилик артынан ийгилик келет.АРСТАН (23.07-23.08)
Кетирген каталарыңыздын үстүнөн иштөөгө туура келет. Достор, кесиптештер ортосундагы мамилени оңдобосо келишпестиктер болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүк бюджетти майда-чүйдөгө коротпоңуз, анткени чоң иш баштоо алдында турасыз. Кайдигерлик мүнөзүңүздү жойбосоңуз, сүйүктүүңүздү таарынтып аласыз.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чыр-чатактар эч качан жакшылыкка алып келбесин унутпаңыз. Апта маанайды түшүрүүчү окуялар менен башталганы менен, апта ортосунда жакшы кабар көңүлүңүздү көтөрөт. Лидерлик сапат ойгонуп, чыгармачылыкка эргүү келет. Эс алуу күндөрүн жакындарыңыз менен чогуу өткөрүп, алардын көңүлүн алууну пландаштырганыңыз оң.ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жумуш, үй деп жүрө берип психикалык жактан катуу чарчап, көп оорулар козголот. Өзүңүзгө кам көрүп алган соң жашоодогу башка түйшүктөрүңүз менен алышыңыз, болбосо ооруларыңыз өнөкөткө айланып кетет. Апта соңунда алыстан туугандар келип, дасторконуңуз жайылып чер жазыша баарлашасыз.ЧАЯН (24.10-22.11)
Документтерди бүтүрүүдө бир аз көйгөй жаралышы мүмкүн. Чаян жетекчилерге бул жума оңой болбойт. Кызматкерлер менен конфликт чыгып, анын аркасы өзүңүздүн максаттарыңызга тоскоолдук жаратат. Бойдоктор бул жумада жолдуу болушат, келечектеги балдарынын апасына же атасына жолугуу күтүлөт. ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жаныңыздагылар жаман сөз айтып көңүлүңүздү оорутушу мүмкүн. Кийин алар бул жоругу үчүн кечирим сурашат. Бул жума сиз үчүн калыптагыдай эле жаңылыгы жок болот. Жумуш, үй, окуу болуп жатып апта аягына чыгат. Жакшы китептерди окуп, акыл-эс кампаңызды кеңейтүүнү жылдыздар сунушташат. ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Текечерлер башталып, бирок токтоп турган ишти бүтүрүүгө ашыгышат. Канча акча керек болбосун бүтүрүп салууга белсениңиз. Айрымдары өздөрүн жалгыз, эч кимге кереги жоктой, колунан иш келбечүдөй сезишет. Мындай санааркоо 3-4 күндө эле өтүп кетет да, өзүңүзгө жаккан бир иш таап, аны менен алектенип, башкача ой жүгүртө баштайсыз.СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жакын туугандарыңыздын жашоосуна аралашууга туура келет. Сиздин жүйөлүү сөздөрүңүздү туугандар жакшы кабыл алышат. Кыймылсыз мүлк алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Көптөн бери эңсеген максатыңызга жетип сүйүнөсүз. Аптанын ортосунда көңүл ачууларга орун бериңиз. Топтолуп калган бугуңуз чыгып, өзүңүздү жакшы сезип каласыз. БАЛЫК (20.02-20.03)
Жакшы жумуш орундары сунушталат. Жети өлчөп, бир кесип иш кыла берсеңиз утулбайсыз. Чыгармачылык жаатында эмгектенгендерге демөөрчүлөр табылып, иштери бир топ алдыга жылат. Сүйүү жаатында баары беш, анткени сүйүктүүңүз көптөн бери көксөп жүргөн буюмуңузду алып берип, көңүлүңүздү көтөрүп бакытка бөлөйт.