SUPER.KG порталында «Күнсереп» рубрикасы өз ишин баштап, күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.26-май:
ЧИНОВНИКТЕРДИН БАССЕЙНГЕ СҮЗҮҮСҮНӨ ТАБЫЛГАН АКЧА БАЛДАРДЫН ӨМҮРҮН КОРГООГО ТАБЫЛБАЙТ
Жогорку Кеңеш өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргыз Республикасында 2014-жылы 106 өспүрүм өз өмүрүн кыйса, 2015-жылы 96 өспүрүм суицидге барган. Ал эми 2016-жылдын 5 айында 49 өспүрүм өз өмүрүн кыйган.
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйышына көбүнчөсү ата-энеси менен болгон уруш, мектеп рэкетчилиги жана балдардын ата-эненин кароосунан тыш калышы себеп болуп жатканын айтат. Көйгөйдү чечүү боюнча тийиштүү министрликтерде так, даана программа жок экени белгилүү болду.
Жогорку Кеңештин депутаттары өспүрүмдөр менен иштешүү үчүн мектептерге психолог алууну, жаштарды суицидге үндөгөн сайттарды жабууну сунушташты. Бирок жаңы кызматкерлердин айлыгын төлөөгө 185 миллион сом керектелери айтылды. Бюджеттин абалы белгилүү, акча тартыш. Буга карабай Каржы министрлиги өзүнүн кызматкерлери үчүн мамлекеттик казынанын эсебинен 230 миң сомго бассейнде сүзүү кызматын сатып алууга тендер жарыялап, коомчулукта кыжырданууну жараткан. Чиновниктер, депутаттар чет өлкөлөргө жыйынтыксыз сапарларын азайтышса, жогорудагыдай чыгымдарды токтотушса, балким, балдардын өлүмүн азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөр эле...
27-май:
ДЕПУТАТТАР МОЛДОЛОРГО ТИЙИШКЕНДЕН КОРКУШТУ
«Түгөйлөр расмий каттоодон өтмөйүнчө молдо нике окубасын. Бул мыйзамды бузуу менен диний жөрөлгө-нике окууга катышкандар, молдолор, ата-энелер 3 жылдан 5 жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылсын»... Жөнөкөй тил менен айтканда, ушундай мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, депутаттар тарабынан колдоо таппады. Кыздарды бой жете элек кезде зордоп күйөөгө берүүдөн, сексуалдык, психикалык, моралдык зомбулуктан коргоону көздөгөн бул мыйзам долбоорун депутаттар Чолпон Жакупова, Исхак Масалиев, Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошов, Гүлшат Асылбаева жана Аида Исмаилова демилгелеп чыгышты. Добуш берүүгө 105 депутат катталып, 44 эл өкүлү «макул», 61 депутат «каршы» деп добуш берди.
Демилгечилер расмий нике каттоодон өтпөй, диний жөрөлгө менен гана баш кошуп жашап жүргөн аялдардын укугу көп бузуларын, мыйзамдуу никеге турбаган түгөйлөр ажырашкан учурларда айымдар мамлекеттин көмөгүсүз калып жатканын, аларды коргоо зарылдыгынан улам да ушул мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын айтат Аида Салянова.
Мыйзам долбоору колдоо таппаган соң жарандык активисттер эл өкүлдөрүн «педофилдерди коргодуңар» деп сындашты.
«Мурунку башкы прокурор баш болуп ушундай демилгени көтөрүп чыгуу менен өлкө үчүн кооптуу ишти баштаганы турушат. Кыргыз Республикасы – светтик мамлекет. Мындай мыйзам кабыл алынса, анда диний жөрөлгөлөр мамлекеттик документ (жарандык абалдын актыларын каттоо) менен бир деңгээлге чыгат. Диний жөрөлгөнүн бирөөсүн мамлекет тааныса, демек, башкаларын да тааныш керек болот...» деп теманы талкуу кылгандардын арасында маселенин көпчүлүк анча маани бербей жаткан тарабын айтып чыккандар да болууда.
«Ата Мекен» фракциясынын өкүлдөрү жыйында жок депутаттардын атынан башка депутаттар мыйзам долбооруна «каршы» добуш бергенин айтып чыгышты. Мисалы, жыйында жок депутат Айнуру Алтыбаеванын ордуна башка кесиптеши кнопка басканы белгилүү болду. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар мыйзам долбоорлору боюнча башка кесиптештери үчүн добуш бере алышпайт.
Жыйынга келбеген депутаттардын добушун колдонуу менен керектүү мыйзамды өткөрүп алуу же өткөрбөй коюу көрүнүшү Жогорку Кеңеште маал-маалы менен кайталанып туруучу көрүнүш. Мисалы, 2014-жылдын январында Жогорку Кеңеште «мамлекеттик чыккынчылык», «коррупция» жана «кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыпталган адамды кайсы убакыт болбосун жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам каралган. Добуш берүүгө 99 депутат катталып, 44ү «макул», 55и «каршы» добуш берип, мыйзамды өткөрбөй коюшкан. Мыйзам кабыл алынып калганда «Кумтөр» боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол койгондорду бүгүн да жоопко тартууга мүмкүн болмок. 10 жылдык мөөнөт өтүп кеткенин пайдаланып алар кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетишти. Кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу чиновниктердин тизмесинде ошол кездеги депутат Курманбек Осмонов да бар болчу. «Ата журтчу» фракциялаштарынан бир да депутат мыйзамга «макул» деп добуш берген эмес. Мыйзам өтпөй калгандан кийин демилгечилер жыйында жок депутаттардын атынан башкалар каршы добуш беришкенин айтып чыгышкан. Фамилиясы аталган депутаттардын бир тобу ордуна башка бирөө добуш бергенин моюнга алышкан. Парламенттин 5-чакырылышында бул көрүнүш «гүлдөп» кеткенде электрондук чип системи ишке киргизилген. Ар бир депутатка чип берилип, анысы жоктор добуш берүү процессине катыша албай калмак. Бүгүнкү окуялар көрсөтүп тургандай, кайсы бир топтун кызыкчылыгын коргоого келгенде эл өкүлдөрүнө чип сиcтеми да тоскоолдук бере албайт өңдүү...30-май:
ТУРАК ЖАЙ САЯСАТЫНЫН ЖОКТУГУ ЖЕР БАСЫП АЛУУГА ТҮРТӨТ
Убагында басып алынып, үй курулган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу демилгеси кайра көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында 2012-жылдын 3-августуна чейин басып алынып, үй курулган жер тилкелерин документтештирүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз курулган үйлөрдү бузуп жок кылуу мүмкүн эместигин, ал үйлөрдө жашаган жарандарды социалдык жактан колдоо зарылдыгын айтууда. Демилге парламенттен колдоо тапса, Бишкектин четиндеги конуштарда жайгашкан 3600гө жакын үй мыйзамдуу түрдө таанылат.
Кыргыз жеринде үй куруу үчүн жер басып алуу 1990-жылдары эле башталган. 1990-жылдагы кандуу Ош окуясы да жер маселесинен улам тутанганы маалым. Кыргыз жаштарынын «Ош аймагы» биримдиги Ош шаарынан турак жай курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү бийликтен талап кылып чыккан. Ошол маалда Ош шаарында басымдуу көпчүлүктү түзгөн өзбек тектүү жарандардын «Адолат» кыймылы кыргыз өлкөсүнүн аймагында автономия түзүүнү, өзбек тилине расмий статус берүүнү талап кылып чыгышып, эки күчтүн кагылышуусу чоң жаңжалга, жүздөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген. Коррупция, көп жылдар бою жүргүзүлгөн улуттар аралык социалдык теңсиздик саясатынын жыйынтыгы Кыргыз Республикасына оор залал келтирген.
Оштогу козголоңдун толкуну Бишкекти да каптап, шаардын тегерегиндеги айдоо жерлерди басып алуу башталып, жаңы конуштардын алгачкылары да ошол 90-жылдары пайда болгон. Кийин алар мыйзамдаштырылып, бүгүнкү күндө шаардын айланасында 50дөй конуш бар. Массалык түрдө жер басып алуунун экинчи толкуну Бишкекте 2005-жылкы революциядан кийин болгон. Өлкөдө жыл сайын миңдеген жаңы үй-бүлөлөр пайда болот, буга кошумча Ош жана Бишкек шаарларын көздөй агылган ички миграция күчөп жатат, шаарларда турак жайга муктаждык күч. Мамлекетте турак жай саясатынын жоктугу жарандарды жер басып алуу аргасыздыгына түртүп келет.31-май:
ҮҢКҮР-ТОО БОЮНЧА ПРОТОКОЛ «ЖОГОЛДУ», КӨРГӨН КИШИ БАРБЫ?
«Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында жайгашкан» деп жазылган протокол боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгобойт. Маалыматты парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин 31-майдагы жыйынында башкы прокурордун орун басары Кылыч Токтогулов билдирди. Үңкүр-Тоо маселеси боюнча өкмөт жыйынына министрлер кабинетинин 23 мүчөсү катышып, алар жыйында «Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында жайгашкан» деп сөз болбогонун айтышкан. «Протоколдун түп нускасын таба алган жокпуз. Бизде бар протоколдор (Кербен шаардык кеңеши караган протокол жана өкмөттөн берилген протокол) бир номерде, бир дата менен жазылган болууда. Протоколдун түп нускасы жок соттук-техникалык экспертиза дайындай албайбыз»,- деди Токтогулов.
Прокуратура өкүлүнүн «протоколдун түп нускасы табылган жок» дегени суроо жаратты. Бул протоколду коомчулукка жарыялаганда өкмөттөн «Кербен шаардык кеңеши караган протокол жасалма» деген маалымат таратылбады беле? Документтин түп нускасынын сырдуу жоголуусу «Үңкүр-Тоо чын эле Өзбекстанга өтүп кеткенби?» деген күмөн ойлорду бекемдеди...
1-июнь:
170 МИЛЛИОН КЕРЕКТӨӨЧҮСҮ БАР РЫНОКТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАЧАН ПАЙДАЛАНА БАШТАЙТ?
Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 31-майында Казакстанда өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышты. Өлкө жетекчиси Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кириши менен кыргыз-казак чек арасынан бажы көзөмөлү алынып, Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын абалы жакшырганын, бирок чечилбеген олуттуу маселелер турганын айтты. Картошка, эт-сүт өңдүү азыктардын Кыргыз Республикасынан Казакстанга киргизилишин чектөө, кыргыз-казак чек арасынан ветеринардык көзөмөлдүн алынбай жатышы... Маселелер көп.
Кыргыз мамлекети альянска киргенде ал өлкөлөрдө жашап, иштеп жүрүшкөн кыргыз мигранттарына бир катар жеңилдиктер берилген. Мисалы, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагына Кыргыз Республикасынын жараны кирген күндөн тартып 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрө алат. Биздинжарандар ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде өз кесиби менен иштей алышат. Орусияда мурдагыдай орус тили, тарыхы жана укуктан сынак тапшыруудан кутулушкан...
Казакстан болсо макулдашылган жеңилдиктерди толук бербей жатат. «Казакстанда 30 күн жүрө алышыбыз керек эле, бирок мурункудай эле 5 күндүн ичинде каттоого турууну талап кылып жатышат» деп даттангандар көп. Коңшулар чек арадагы бөгөттөрүн да жоюуга шашылбай эле... Казакстандын аймагына кыргыз жеринен барган картошканын киргизилбей калганына 1 ай болду. Мөмө-жемиш бышып, дыйкандар күткөн 170 миллион керектөөчүсү бар ири рыноктун пайдасын сезе турган учур кирип келди. Ажонун сөзүнөн кийин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев маселени кыска убакытта чечүүнү убадалады.
Бүгүн президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жыйын боюнча маалымат берди. Назарбаев кыргыз өлкөсүнөн картошканы киргизүүгө казак өкмөтүнө тапшырма бергени белгилүү болду. Кыргыз тарап экспорттой турган картошканы лабораториялык текшерүүдөн өткөрүшү керек болот. «Айыл чарба министрлиги бул ишти жакын арада чечет»,- деди Исаков. Коңшулар кыргыз өлкөсүндөгү лабораториянын бүтүмүн тааныйбы же эл аралык стандарттагы текшерүү жыйынтыктарын талап кылышабы, азырынча белгисиз...
www.super.kg