ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Саат 2 болуп калыптыр. 1:40та чыгышым керек эле. Коргондун бүтүшүнө барсам эч кандай машина жок. Жолдон чыгып чоң-чоң таштар бар экен, арасына бекинип отурдук. Дрон үстүбүздө ары-бери учуп жүрөт. Бычакты алып чалсам эч кандай жооп жок. Аскерди карасам жатат, дем алуусу кыйындай баштаптыр. Чекесин кармасам ысып чыгыптыр. Дарысынан дагы экөөнү ичти. Аты Микаел экен, кыскача Майк.
– Бизди машина күтүш керек эле,- десем, эмнегедир сөгүнүп алды да, ойлонуп жатып калды. Маал-маал сөгүнүп коёт.
– Эмне болду, эмне сөгүнүп жатасың?
– Дрон жүрөбү?
– Азыр эле жүргөн, эмнеге сурап жатасың?
– Жөн эле сурадым.
Кайра-кайра чалам, эч жооп жок. Дронду карасам ал деле көрүнбөйт. Жарым сааттай отурдук. Эки жакты карайм, анда-санда машиналар ары-бери өтпөсө, башка эч кандай кыймыл жок. Саат эки жарым болуп жатат, төрт жарым, бештерде жарык түшө баштайт.
Майк кыймылдабай жатат, сүйлөсөм же жооп бербейт. Минтип отура берсек кармалчудайбыз. Сууну бойлоп кетсек 2 километрден кийин тоо башталат, тоого чыгып кетсек дагы бир кеби болор.
Майкты тур деп көтөрдүм да, сууну бойлоп жөнөдүм, камыштар жоголуп, суунун бою таштак экен, чалынып 1-2 жолу жыгылып кетейин дедим. Ар жерге дем алып жатып бир жарым саат дегенде тоого жеттим. Токойлуу экен, бир сайына кирип 1 сааттай жүрдүк. Майкты колтуктап, рюкзакты желкеме илип алгам. Таң агара баштады. Мындан ары жүрүш коркунучтуу эле, тоонун боорунда анча эле бийигирээк жерде коюу болуп өскөн жери бар экен, ошол жерге эптеп жетип, ичине кирип бекинип алдык. Саат 6 болуп калыптыр. Майкты карасам крем сүртүнүп алгангабы, өңү оогандарга окшоп кара тору болуп калыптыр, билбеген адам ооган эле деп ойлойт. Буту ооруп жатканга кара тер болуп тердеп, денеси ысып чыгыптыр. Дарысын да ичип алганга убакыт бербеген экенмин ойлосом. Байкуш унчукпай чыдап келе бериптир. Жаныбыздан булак чыгат экен, суу менен дарысын ичип алды да, жатып калды. Буту шишип кетиптир, оогандардын кенен шымын кийип алган эле, ошонун сыртынан да билинип калыптыр. Кантип чыдап жатат түшүнбөдүм, дары күчтүү окшойт да. Жерге бутактардан сындырып салып, үстүнө чөптөрдөн жулуп келип калың кылып салдым да, Майкты жаткызып койдум. Дарынын күчүбү уктап калды, мен өзүмө да жай даярдап бир аз дем алып алайын деп жатып аябай чарчаганмынбы, уктап калыптырмын. Бирөө түрткөнүнөн ойгонуп кеттим, Микаел экен:
– Акырын,- деп ылдый жакты көрсөттү эле, карасам тээ ылдыйда ондой кара кийинген адамдар сайдын ичи менен өйдөлөп кетип баратышыптыр. Колдорунда автоматтары бар экен. Булар Ооганстандын полициясынын атайын даярдалган бөлүгү эле.
– Бизди издеп жүрүшөт,- Микаел чекесин бырыштырып сүйлөнүп калды.
– Бизди эмнеге издемек эле, эч ким деле билбей калды го, артыбыздан эч нерсе калтырган жокпуз го?
Микаел мени таң калгансып карап койду да, мен тигилерди карап турсам:
– Карай бербе, байкап калышат,- деди.
– Ушундай алыстан бизди кантип көрүшмөк эле?
– Карай берсең сезет ар бир адам, сезилет, сөзсүз бурулуп карайт, коюу дарактарды байкап калышса келишет, алар жөнүндө ойлонбогонго аракет кыл.
 Ордума жатып калдым, саатты карасам төрт болуп калыптыр. Тигилерди ойлобоюн деп ичимден санай баштадым. Бизди эмнеге издемек эле, эч ким көрбөсө, көрсө, ошол замат эле кармайт эле да. Акыры чыдабадым:
– Микаел, бизди эмнеге издемек эле? Бир нерсе билсең, жашырбай айт. Машина эмнеге келген жок?
– Азырынча эч нерсе айталбайм, өзүм да түшүнбөй жатам.
Бир нерсени билет, айткысы келбей жатат, мага даана эле сезилди.
Аябай жиним келди, куткарып чыксам, ушунча жерге алып келсем мунун кылганын. Эмне дешти билбей калдым, бир жагынан эми кантем деп коркуп жаттым. Микаел дагы ооруй баштаганбы, дарысын ичип уктап калды. Курсагым аябай ачып калыптыр, же жегенге эч нерсе жок, туруп сайдын ичин карасам эч ким көрүнбөйт, кара кийимчендер тээ тоонун башына чыгып кетишиптир. Ар нерсе оюма келет, бычакты тартып кайра-кайра чалып көрөм, эч кандай жооп жок. Кечке чейин жүз жолу чалдым окшойт. Микаелди бир жерге бекитип коюп Баграмга базага барсамбы деп ойлоном. Алып чыгып бер деген эле, алып чыгып бердим. Вертолёт менен келип алып кетишет да. Эртең менен эрте жолго чыкмак болдум да, кеңешейин деп Микаелди ойготсом ойгонбойт, кайра-кайра түртсөм да ойгонбоду. Жүрөгүн тыңшасам сокпой калыптыр. Коркуп кеттим, өмүрүмдө өлгөн адамды көрбөгөн элем. Ордумдан ыргып туруп эмне кылышты билбей 10 метрдей алыс барып туруп калдым. Бычакты кайра-кайра тартып көрөм, эч жооп жок. Эмне кылышты билбей калдым, бычактын сабын тартып:
– Микаел курман болду,- депмин, тигилер укпаса деле.
Бир маалда Микаел кыймылдап бир капталынан экинчи капталына оодарылды эле, жүрөгүм жарылып кете жаздады. Көзүн ачып мени издеп калды эле ушунчалык сүйүнүп кеттим, жакшы көрүп кеттим, коркконго кош көрүнөт болгон экен да...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
kepka
2016-06-06 11:09:47
Кызык жерине келдигооо китеби болсо айтып эле коюнузчуу админ
+3
ilgis1991
2016-06-06 12:39:25
Дагы 1жума... 1айдай болот ко....
+1
miki87-06
2016-06-06 13:25:07
китеби барбы болсо айтып койгулачы. кайсыл жерде сатылат сатылса.
+1
Begimkyz.
2016-06-06 13:28:19
Ии бүтүп калды, берилип окуп атканда...
+2
OMURBEK.
2016-06-06 14:17:33
Китеби барбекен админ айтып койунузчу же тернетте сайттарда барбы
+1
Gulmyrza.
2016-06-06 16:18:00
Зериктирип жиберди тескерисинче
0
kubanych92
2016-06-06 17:31:51
Кыска метраждуу киного окшоп бат эле бутуп калдыго кобурооктон жазгылачы супер.
+1
jalguzum
2016-06-06 18:27:05
Эн соонун чыгарма
+1
belka
2016-06-06 19:19:46
Сонун чыгарма
+1
nasik198
2016-06-06 21:57:15
Куто бербей биротоло бутсо окуйун деп чечтим.
+1
zara-919
2016-06-07 03:37:12
Мен окугам бул чыгарманы.
+1
omu
2016-06-07 10:49:58
zara-919, Каяктан окугансын?
0
ZANIA-92
2016-06-07 23:35:27
Мен дагы окугам,бирок чала була. Аябай сонун чыгарма. Авторго баракелде.
+1
borbuk
2016-06-10 21:24:01
каяктан окугансын?
0
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан