Рамазан айы жакындаганда орозо кармоону ниет кылгандар «мага болобу же болбойбу?» деп ооруган жерлерин айтышат. Мындан улам биз орозонун ден соолукка пайдасын, зыянын билүү үчүн дарыгерлерге кайрылдык.
«ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛАТ»
Медицина илиминин кандидаты, жогорку категориядагы врач-кардиолог Абдимиталип Халматов да орозонун пайдасы, зыяны тууралуу ой бөлүшөт:
– Бир жылда бир ай кармалуучу Рамазан айындагы орозо биз издеген мыкты ыкма экендиги дүйнөлүк окумуштуулар тарабынан тастыкталды.
Орозо кармаганда сырттан тамак-аш келбей, организмдин күчү тамак сиңирүүгө эмес, иммунитетти көтөрүүгө, шлак, туздар менен азыктанууга өтүп, өзүн-өзү тазалоо процесси жүрөт.
Ал эми жүрөк-кан тамыр ооруларына келсек, канда жакшы да, жаман да холестерин бар. Жаман холестерин кан тамырларды бүтөп калып, жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болот. Орозо кармаганда жаман холестерин азайып, жакшысы көбөйүп, кан тамырлар өз кызматын жакшы аткара башташат. Инфаркт, инсульттун да алдын алат. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын оор түрлөрүндө орозо кармаганга болбойт, жеңил түрлөрү менен жабыркагандар кармашса оору жеңилдейт.
«ОРОЗО КАРМОО ИЧКИ ОРГАНДАРДА ООРУ ЖАРАТАТ»
Орозо кармоо ички органдарга кандай таасир этет? Бул суроого КММАнын терапия кафедрасынын доценти, гастроэнтеролог Абдубакир Ибраимов жооп берет:
– Орозону ден соолугу чың адам өзүн руханий жактан тазалоо максатында кармаса болот. Бирок бир жери ооруган адам эмес. Тамак ичпей бир күн кечке ачка жүргөндөн улам ашказан менен ичеги өз кызматын аткарбай убактылуу токтоп турушу ичеги ооруларынан, ич катуудан айыгууга жакшы жардам берет деп ойлогондор бар. Бирок бул туура эмес. Мисалы, ашказанында жарасы барлар, ичи каткандар тез-тезден тамактанып туруусу керек, жок дегенде күнүнө 3 жолу. Анан бир күн кечке ачка жүрсө, оору өтүшүп кетпегенде айыкмак беле?! Орозону уйку бези, ашказаны, өтү ооругандар, кош бойлуу аялдар кармаганга болбойт. Анткени ачка жүргөндө өт суюктугу коюуланат, тамакты тоё жегенде ферменттер көп бөлүнүп, уйку бездин иштеши кыйындайт, кош бойлууларда аз кандуулук, авитаминоз пайда болот.
– Ашказанда тамак-аштар түгөнгөндө организм өзүн сакташ үчүн денедеги туз, шлактар менен азыктанып, жыйынтыгында тазалануу жүрөт дешет, ушул туурабы?
– Жок, организм андай жол менен тазаланбайт. Организмди тазалоонун өзүнүн жолдору бар. Ачка болуп турган адамга тамактын жыты келсе деле шарттуу рефлекстин негизинде тамакты иштетүүчү маңыз бөлүнүп чыгып, ашказандын былжыр бетин оюп жиберип гастрит, жара пайда болот.
«ОРОЗО КАРМАП АРЫКТАГАНДАР БАР»
«Орозону адам өз кызыкчылыгына пайдаланып кармоо туура эмес» дешет диний аалымдар. Орозо кармоо менен адам арыкташы мүмкүнбү, дегеле адамдын ден соолугуна кандай таасир этет деген суроого эндокринолог ӨРҮК МУКАМБАЕВА жооп берет:
– Толук адамдар «кантип арыктасак болот?» деп бизге көп кайрылышат. Негизи толуктардын көпчүлүгү эртең менен тамак жебейт, түштө жана кечинде майлуу тамактарды көп өлчөмдө жеп алышат. Ошондо эски оорулар козголуп, башка оорулар пайда болот. Биз аларга майлуулугу аз тамактарды аз-аздан жеп турууну, мөмө-жемиштерди көбөйтүүнү сунуштайбыз. Арыктагысы келгендер жеңил тамакка өтүп, өлчөмүн азайтып акырындан арыктоого эрктери жетпей, орозо кармап бир айда эле арыктоону максат кылышат. Чынында, орозо кармап арыктаса болот. Бирок мунун терс жактары да бар. Бир күн ачка жүрөбүз деп күчтүү, майлуу тамактарды көп жеп алышат. Мындай учурда холестерин көтөрүлөт, зат алмашуу бузулат да, оорулар пайда болот.
Орозону богоктун айрым түрлөрү жана кант диабети менен жабыркагандарга кармаганга болбойт. Бул эки ооруда тең адамдар тез-тез тамактанып турушу керек.
АКЫЛМАНДАРДЫН АЙТКАНДАРЫНАН
ОРОЗО КАЛЕНДАРЫ
Көрсөтүлгөн убакыттар Бишкек шаарына жана Чүй облусунун аймагына тиешелүү.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg