– Мен аны ой жүгүрткөндү үйрөнгөндөн тартып эле жакшы көрөм. Ооба, адегенде аны мени менен оюнчуктарын бөлүшүп ойногону үчүн жакшы көргөм. Көкүлү бар, көзү бүтүк бала эле да.
Анан 1-класска бардык. Бири-бирибизди тааныган үчүн бир партага отуруп алдык. Түстүү карандаштар, өчүргүчү менен бөлүштү. Жок, бул ирет бөлүшө берген буюмдары үчүн эмес, мени коргоп баштаганы үчүн жакшы көрдүм. Ооба, менин кош өрүм болуп турган чачымды тарткылаган балдардын сазайын берчү. Ыйлап калсам сооротчу. Портфелимди үйдөн мектепке, мектептен үйгө ташыйт...
Бирок 7-класста окуп жатканда ал ымандай сырын төгүп, бизге англис тилинен берген мугалимди жакшы көрөрүн айтты. Акмак десе! Мен аны айткан жокмун. Англис тилчи мугалимди айтам! Азыр да жиним келет! Ошондо да ичим күйгөн! Бирок чын эле сулуу эжей болчу. А мен ал кезде эмне, тыңыраак боёнгонду да билчү эмесмин. Баса, биринчи ирет мен ошондо боёндум да. Же бир баалап койсочу?..
– Оозуңду эмне кылып алгансың?- деген түшүнбөгөн көз караш менен карап. "Боёп алгам, боёп! Сен үчүн!" деп айта алган эмесмин. Уялып кетип өчүрүп койгом.
9-класста болсо ал биздин класстагы Айпери менен сүйлөшүп алган. Ыйлаган жокмун. Жок, калп айтам, эч кимге көргөзбөй бир-эки жолу ыйлагам. Бир-эки эле жолу...
Мектепти бүткөн соң ал башка окуу жайга, мен башка окуу жайга окуп кеттик. Биринчи курста ал мага телефон чалды. "Мас болуп калдым. Үйгө бара албай жатам" дейт. Жетип бардым. Түнкү клубда экен. Бетин муздак суу менен жууп, салкын абада ары-бери бастырып соолуктурдум. Айпериси менен урушуп кетиптир. Ошого ичкен экен. Кубанганымды айтпагыла!
Бир ирет болсо автокырсыкка кабылды. Ооруканага кантип жеткенимди билбейм. Кирсем Айперисинин колун кармап, сынган бутун асып керебетте жатыптыр. Уф, ушул Айпери! Жетип барып алыптыр менден мурун! Бирок ал бир эле күн барды. А мен күн сайын ар кайсыны алып барам. Бир күнү манты, бир күнү палоо, бир күнү жөн эле банан... Айпериси менен дагы урушуп кетиптир. Арманын мага айтат. Аны менен кошо кайгырган киши болом. Ичимден жыргайм, бийлейм...
Бирок ал мага көңүл бөлбөй койду... Айпериден кийин Гүлнур менен сүйлөштү, Алина менен сүйлөштү, Алтынай менен. Карагылачы, мен ар бирин билет экенмин!
3-курста окуп жүргөндө анын апасы үйүнө чакырды. Коңшу болчубуз да. "Балам бүгүн келечектеги келиним менен тааныштырганы жатат. Сен мага аны-муну жасашып койчу?" дейт. Ичим өрттөнүп кетти.
– Жакында үйлөнгөн жатабы?
– Ооба, күздө.
Тамак жасадык, салат даярдадык. Пияз аарчымыш болуп ыйлап да алдым. Тим эле шолоктойм. Бир убакта тиги бүтүк келди. Жасанып, гүл көтөрүп алган.
– Кана келин бала?- жиним келип кекете сурадым.
– Келет азыр. Мен үйдө эле күтөм. Карачы, сонун гүлдөр бекен?!
– Хе, розабы? Абдан баналдуу...
– Мм... Менимче, ага жагат.
– Жакса эле болду. Мейли, мен кетейин. Бардыгын даярдап бүттүк.
– Кетпей тур! Көрүп кет да келин баланы,- апасы сөзгө аралашты.
– Ооба десеңиз, көрөйүнчү мунун келечектеги жубайын. Кандай неме экен?!- кекете сүйлөп, жаңы келип таанышчу кызды күтүп отуруп калдым. Столдун үстү даярдалган. Бир сыйрадан чай ичтик. А тиги келин сөрөй жок.
– Кечигип жатат го,- деди апасы.
– Келсе керек...
"Келсе керек деп коёт..." ичимден жиним кайнап жатты.
–Ага алтын шакектен мурун саат белек кылат окшойсуң,- апасы күлүп калды.
– Жок, биринчи шакек тагам!
Чыдабай кеттим. Ыйлагым келип чыкты. Капыстан эле тиги жанымда отурган бүтүк тизелей отура калды да:
– Саатты кийин белек кылам, ээ. Мага жубай болчу?- деп чөнтөгүнөн шакек алып чыкса болобу.
– А тигичи?- оозума ушул келиптир.
– Эч ким келбейт. Апам экөөбүз ушинтип сүйлөшүп алганбыз. Мен сени жакшы көрөм. Жубайым болосуңбу?
Ыйлап жибердим. Ушунчалык бактылуу элем. Көкүрөгүм кубанычка толуп турду.
– Жооп бербейсиңби? Тизем ооруп чыкты, бул жак кафель го билесиң...
–Жинди! Макулмун албетте!
– Баналдуу болгон розаларды бербей эле коёюн, ээ, апа?- апасын карап күлүп алды.
– Баналдуу эмес, мен жиним келип ошентип койгом. Ким эле роза алгысы келбесин?!- бир эле убакта ыйлап да, күлүп да, сүйлөп да жаттым.
Ошону менен биз күзүндө үйлөнүп алдык. Баса, жакында эле мага алтын саат белек кылды. Муну менен мактанбай коё албайм. Эмнени айтмакчымын, силерди жакшы көргөндөр жаныңарда эле жүрөт. Байкагыла!
Мээрим
Марат Жанбараков