КАЗАКСТАНГА КАРТОШКА КАЙРА КИРМЕЙ БОЛДУ

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 31-майда Казакстанга бир күндүк иш сапары менен барып, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын Астанада өтүп жаткан жыйынына катышты.

Аталган жыйынга ЕАЭСке мүчө болгон Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргызстандын өлкө башчылары чогулушту. Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭСке кирген бир жыл ичинде айрым тармактарда алдыга жылуулар бар болгону менен, көп маселелер жаралганын айтты. "Мен бул маселелер тууралуу жеке жолугушууларда айттым. Ошол эле кыргыз картошкасынын Казакстанга киришин чектөө, кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алуу, Орусия аймагы аркылуу товарларды ташуу, бирдиктүү темир жол тарифи боюнча маселелер... Казакстан жана Орусия президенттери ал маселелерди чечүүнү убада кылышты",- деп билдирди өлкө башчысы.
Эске салсак, Казакстан 4-майда кыргызстандык дыйкандар өндүргөн картошкада ылаң бар деген жүйө менен аны өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган. Рыноктун чектелип калуусунан Кыргызстандагы дыйкандар акчалай зыян тартышты. 1-июнь күнү Президенттик аппараттын башчысынын орун басары, тышкы саясат боюнча бөлүм башчы Сапар Исаков маалымат жыйын өткөрүп: "Казакстандын президентине ыраазычылык билдиребиз. Биз экспорттолчу картошканы лабораториядан текшерүү милдетин алып жатабыз. Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги бул багытта иш жүргүзүшү керек. Жакын арада маселе чечилет",- деп билдирди.
Кыргызстан ЕАЭСке 2015-жылдын август айында мүчө болгон. Биримдиктин жоболоруна ылайык, мүчө мамлекеттердин товарлары өлкөлөр арасында тоскоолдуксуз жүгүртүлүшү керек болчу. Бирок Кыргызстан 170 миллион керектөөчүсү бар делген рыноктун үзүрүн азырынча көрө элек.
Маалым болгондой, Кыргызстанды 2007-жылы Эл аралык эпизоотикалык бюро "жугуштуу оорулары көп, эпизоотикалык абалы начар өлкө" деп "кара тизмеге" киргизгенден кийин эле казак тарап Кыргызстандан эт ташууга тыюу салган. Ал маселе ЕАЭСтин катарына кирген күндө да чечилип кеткен жок. Кыргызстандагы ветеринардык абал менен башка өлкөлөргө эт-сүт азыктарын чыгаруу мүмкүн эмес. Казакстан учурда сүт азыктарын киргизүүгө 12 гана кыргызстандык ишканага уруксат берип, этти болсо малды идентификациялоодон кийин гана киргизери белгилүү болгон.
2008-жылы каржы министри болуп турган Акылбек Жапаровдун малды паспорттоштуруу идеясы коомчулук тарабынан күлкү менен кабыл алынып, ар түркүн сын-пикирлер жаап, куудулдардын чексиз мазагына айланган болчу. Жапаров демилгелеген малды идентификациялоо Кыргызстандан мал этин сыртка сатууга мүмкүнчүлүк экенин азыр баары түшүнүп турат. 2013-жылы малды идентификациялоо мыйзамы кабыл алынганы менен, 2016-жылдын май айында гана Ноокат, Кара-Буура жана Ысык-Ата райондорунда ири мүйүздүү мал боюнча бул иштер башталары белгилүү болду. Аталган аймактар пилоттук аймактар катары тандалып алынган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан