Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов 28-май күнү эркиндикке чыкты. Эскерте кетсек, ал 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат бул акчаны Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевге бермек экенин айтып, 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.
2015-жылдын 27-ноябрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазов "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, Нарымбаев 3 жылга, Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Белгилей кетсек, адегенде Нарымбаев менен Коркмазовго "коррупция", "опузалап пара талап кылуу", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, бирок аталган беренелер "алдамчылык" беренесине которулган.
Ал эми 2016-жылдын 24-майында Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
УКМКнын СИЗОсунда 10 айга чукул отурган Коркмазов жазаны толук аткарып бүттү деген негизде эркиндикке чыгарылганы маалым болду. Мыйзамга ылайык, СИЗОдогу бир күн эки күн катары эсептелинет.