ДЕПУТАТТАРГА ӨКМӨТ МҮЧӨЛӨРҮНҮН КИЙИМИ ЖАКПАЙ ЖАТАТ

Жогорку Кеңештин жыйынында КСДПчы депутаттардын бири спикер Чыныбай Турсунбековго кайрылып: "Парламентте галстук тагынбай келген министрди залдан кууп чыккан учурлар болгон. Өкмөт мүчөлөрү эмне кийип отурушканын карагылачы. Бирөө шапкечен, бирөө көйнөкчөн. Биз журналисттерге дресс-кодду сактагыла, ачык түстүү кийим кийбегиле деп талап коёбуз. Өкмөт мүчөлөрү болсо минтип отурушат",- деп өкмөт мүчөлөрүнүн кийингенин сындады. Жогорку Кеңештин төрагасы, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге бул өтүнүч боюнча премьерге маалымат берип коюуну айтты. "Сооронбай Шариповичке булардын дресс-кодуна көңүл бурууну айтып коюңуз. Анан Жогорку Кеңеште качан, кантип чыгып сүйлөш керектигин үйрөтүп койгула",- деп билдирди.
Эске салсак, 2015-жылы парламентке жана өкмөт үйүнө кирүүдө журналисттерге спорттук кийимчен, ачык түстөрдөгү, кыска кийим менен кирүүгө тыюу салынган болчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан