"ЦЕНТЕРРА" КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН МАСЕЛЕСИН ГААГА СОТУНДА ТЕРИШТИРМЕКЧИ

"Центерра Голд Инк" компаниясынын юридикалык кеңешчиси болгон "Sullivan & Cromwell LLP" юридикалык компаниясынын атынан кыргыз өкмөтүнүн дарегине "Центерра" менен Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен болгон талаш-тартышты Гааганын арбитраждык сотунда чечүү ниетин билдирген кат түштү.
"Центерра" Мамлекеттик экотехинспекциянын 6,7 миллиард сомдук доосу, "Кумтөрдүн" Бишкектеги кеңсесине жүргүзүлгөн тинтүү, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан коюлган "200 миллион долларды мыйзамсыз алып чыгып кеткен" деген айыбы, кенди иштетүү боюнча 2016-жылга макулдашуунун жоктугу боюнча талаш-тартышты сот аркылуу тактаганы жатат.
Өз кезегинде кыргыз өкмөтү : "Учурда өкмөт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен болгон талаш-тартышты арбитражга берүү ниети тууралуу кабарламага негизделген "Центерра Голд Инк" компаниясынын доолорун иликтөөдө. Өкмөт келерки кадамдарын ар тараптуу укуктук талдоонун жыйынтыктарынын негизинде маалымдайт. Өкмөт "Кумтөр" долбоорун мындан ары ишке ашыруу тууралуу чечим кабыл алууда ачык-айкын иш алып барат, бардык өкмөттүк чечимдер жана аракеттер мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгында жүргүзүлөт",- деген билдирүү таркатты.
Кезинде "Кумтөрдөгү" абалды текшерүүгө алган депутаттык комиссияны жетектеген Садыр Жапаров: "Мөңгүлөрүбүздү талкалап жок кылышып, 5,5 миллиард долларга зыян келтиришкен",- деп билдирип келген эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан