Нурлан Насип: «ЫРДАЙМ ДЕСЕМ АТАМ КАРЫЗГА МИҢ ДОЛЛАР ТААП БЕРГЕН»

«Эл көзүндө жүрүү өтө кыйын экен. Кээде концерттен кийин башым ооруп, соолуп жатып калам. Элдин колдоосун көрүп ооруганымды унутуп коём. Бир жолу «медайымдар жагат» деп маек берген экем, «сиз үчүн Медакадемияга тапшыргам» деп көз жашын төгүп турган кызды көрүп өзүмдү күнөөлүү сездим. Чыгармачылык менен алек болуп, сүйлөшкөн кызымды тарттырып ийдим». Булардын баары гезитибиздин тандоосу боюнча үч жыл катары менен «Супер ырчы мырза» аталган Нурлан Насиптин сөзү. Көрсө, атактуулукка жетүү да, атактуу болуу да оңой эмес экен.

«200 СОМ МЕНЕН 1 АЙ ЖАШАЧУМУН»
– Мен үйдө эки эжем, бир байкемден кийин төрөлгөндүктөн өтө эрке өстүм. Мектепке окуганга чейин апамдын эмчегин эмип жүрдүм. Эсимде, үйгө коноктор келип, апам мени тынч отурсун деп алдына алып эмизип койду. Алар менен берилип сүйлөшүп отурат, такыр мага көңүл бурбай койду эле, апамдын бетине шак эткизип чаап ийдим. Азыр ойлосом акылым деле жетчү экен, эмнеге чаптым десеңиз. Атам эрке болгонума карабай ушул баламдан бирдеме чыгат деп башка бир туугандарымды чычалата берчү.
Кичинекейимден комуз, аккордеон, гитара ойногонду үйрөндүм. Акчадан кыйналып жашайт элек. Атам «бюджетке өтсөң окуйсуң, контракт бөлүмү болуп калса айылга кетесиң» деген. 2006-жылы 9-классты бүтүп, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, өтүп кеттим. Атам мени жатаканага жашаткандан кооптонуп туугандардыкына таштап кетти. Таежемдикинде, бөлөмдүкүндө, таякелеримдикинде, айтор, шаардагы туугандардын баарыныкында жашадым. Бирөөсүнүн жактырбай жатканын байкап калсам башкасыныкына кетип калмайым бар эле.
Ошол кезде акчаны ушунчалык үнөмдөчү экем, троллейбуска 1 сом төлөп, 3 сомго лакомка алып жеп, 200 сомго 1 ай жашачумун.

«ПРОДЮСЕР ТАБАМ ДЕП ТЕЛЕВИДЕНИЕНИ КАЙТАРЫП КАЛГАМ»
– Мен шаарга келген жылдары Мирбек Иманбеков, Султан Садыралиев, Ильяз Абдыразаков популярдуу болуп жаткан кез эле. Алардын ырларын ырдап, аларды ээрчиген кыздарды көрүп "качан мен да ушундай деңгээлге чыгам?" деп кыялданчумун. Жадакалса чачымды да Ильяздыкындай кылып тегиздетип жүрдүм. Баса, сиздердин гезиттен Султан, Мирбектин «телевидениенин алдында күтүп туруп Динара Эсенгулова менен же Канат Култаев менен жолугуп сүйлөшүп, продюсер таап ырчы болуп кеткем» деген интервьюсун окуган элем. Мен да аларды туурап телевидениени кайтарып калгам. Тилекке каршы бир да продюсер жолукпай койду. Ошентип жүрүп жаңылыктар жаатында иштеген Гүлнур деген эже менен жолугушуп калдым. Ал Тынчтыкбек Кожобеков менен тааныштырды. Ал ырдатып көрүп талантымды байкап, продюсерим Канат Кадыржан менен жолуктурду.

«МЕНИ АЙЫЛДАН КЕЛГЕН «МЫРК» ДЕШЕТ»
– Бир күнү ырларымды радиого берели деп Тынчтык байке фамилиямды сурап калды. «Нурлан Мусаев» десем жактырбай койду. «Атамдын аты Насипбек» десем, «анда чыгармачылыгың насиптүү, жемиштүү болсун» деп Нурлан Насип койгон. Ошол күнү Ильгиз деген досум менен маршруттук таксиде келе жатып «сахнада Ильяз Абдыразаков» десем жарашат, «сахнада Нурлан Насип» десем кыска болуп эч эле окшошпойт экен, ээ?" деп суроо берип аны тажаткам. Кийин көнүп кеттим, азыр мага Нурлан Насип деген жагат.
2009-жылы «Унута албайм» деген ырым радиолордон кетип, хит болуп турганда Политехникалык университеттин жатаканасында айылдаш байкелер менен жашачумун. Ал жердегилер менин ырдаганымды билип калышып, «сен Нурлан Насип турбайсыңбы» деп бөлмөгө чейин издеп келип тажатканда батирге көчүп кеттим. Анан алгач сиздердин гезитке интервью берип чыкканымда мени бүт кыргызстандыктар окуп жатат деп аябай сүйүнгөм. 2012-жылы «Супер ырчы мырза» болгонумда төбөм көккө жете кубанып, анан катуу иштеп 3 жыл катары менен «Супер ырчы мырза» аталдым.
Учурда мектептеги да, окуу жайдагы да мугалимдерим сыймыктанышат. Өткөндө окуу жайдын директору «ырчы болом деп чогулгандардын арасынан суурулуп чыгуу деле оңой эмес, азаматсың!» деп кубантты. Бирок мени жактырбай келбетиме, ырларыма асылгандар бар. «Бул айылдан келген «мырк» дешет экен. Элдин баарына бирдей жакпайсың да.

«ОФИЦИАНТ, КҮЗӨТЧҮ БОЛУП ИШТЕДИМ»
– Мен жаңы ырдап чыгып жаткан жылдары «Дасмия» ресторанында официант, күзөтчү болуп иштеп жүрдүм. Ал жерде таякелерим жылкы союп касапчылык кылып иштеп, ресторандын бир бурчунда батирде жашашчу. Мен да алар менен турчумун. Турусбек Мамашевди «шеф» деп койчубуз. Бир күнү оюнга алаксып кетип бейтааныш кишилерди кампага киргизип ийиптирмин, ошондо ал киши мени жумуштан кууп жиберген. Учурда Турусбек байке менен аябай жакшымын, «биздин бала» деп сыймыктанып калат.
Атактуу болуш үчүн чыгармачылыгыма миң доллар жумшагам. Ал кезде андай акчаны табуу кыйын эле. Атамдар тууган, тааныш-билиштерден карызга алып, жетпегенин үйдөгү малдарды сатып толуктап берген. "Мынча көп акчаны алып, кийин карыздарды кантип төлөйм?" деп сарсанаа боло берчүмүн. Ал акчага продюсерим экөөбүз ыр жаздырып, клип тарттырып, фотосессия жасатып, форма тиктиргенбиз. Буюрса, акыбети кайтып, атама акчаны ашыгы менен кайтарып бердим. Мурунку жылы өзүмдүн туулган күнүмдө атама унаа белек кылдым. Тапкан каражатымды клубдарга барып, ойноп-күлүп чачпай, чогултуп батир, машина сатып алдым, салып жаткан эки кабат үйүмдү күзүндө бүтүрүп, атамдын 60 жылдык юбилейин өткөрсөмбү деп турам. Андан кийин үйлөнөм деген жакшы тилектерим бар. Азыр Казакстандын бир белгилүү продюсери иштешүүнү сунуштап жатат. 3 жылга келишим түзсөкпү деп долбоорлорду карап жатабыз.
Атактуу болгондон кийин эл алдында өзүңдү татыктуу алып жүрүү өтө кыйын экен. Колумдан келишинче жөнөкөй болгонго аракет кылам. «Жылдыз» болуп алгандарды көрүп эле жүрөм, алар мага чоң сабак болот.

Насипбек Мусаев, атасы: «НУРЛАН ӨЖӨР, КЕЖИР БАЛА»
-Нурлан төрөлгөндө улуу балама шерик болду деп сүйүнүп, катуу майрамдаганбыз. Ошол күнү кошунам да уулдуу болуп, ал Уланбек, а мен Нурланбек деп атын өзүм койгом. Балам кичинесинен өжөр, кежир эле, кылам дегенин кылган, жетем дегенине жеткен бала болду. Өзү да музыкага жакын болуп, ыр дегенде ичкен ашын жерге коёор эле. Теледен «Арноо концерт» башталганда көз ирмебей көрчү. Кенедей болуп концертке түшүнүп жатабы деп таң калчубуз. Көрсө, көрөңгөсү ошол кезде эле болгон экен. Мектептен келе жатканда болобу, кой кайтарганда болобу, айтор, эмне жумуш кылбасын заңкылдап эле ырдап жүрчү. Баламдан бирдеме чыгарын байкап, кичине кезинде эле комуз менен аккордеон ойногонду үйрөтүп койдум. Кошуна-колоңдун баары «бул балаң ырчы эле болбосо, кара жумуш колунан келбейт» деп айтып калышчу. Анан биз да чыгармачылыгын колдоп, шаарга алып келип окуттук. Окуу жайда окуп жүргөндө да Султан, Мирбектин сүрөттөрүн илип алып, «качан мен да ушундай белгилүү ырчы болом?» дей берчү. Кудайга шүгүр, тилегине жетти.
Ырчы болгондон кийин күйөрман болгондор чыгат экен. Бир күйөрман кызы биздин айылга «Нурлан Насиптин үйү кайсы?» деп издеп да келген. Ырчыларда андайлар боло берет турбайбы. Эми ыймандуу келиндүү кылса экен. Байбичем экөөбүз Нурландын колунда калабыз да.

Канат Кадыржан, мурунку продюсери: «ДАЙЫРДАН ДА АТАКТУУ БОЛУШУМ КЕРЕК ДЕГЕН»
-Нурлан менен 2008-жылы, Дайыр Исмадияров менен иштешип жатканда таанышкам. Келгенде эле «Канат байке, мен атактуу болушум керек, колдон келсе Дайырдан да өтүшүм керек. Мен сизге кой союп берем» деген эле. Ошентип иштешип баштадык. Кудайга шүгүр, Нурлан сахнадан өз ордун тапты.
Негизи Нурландын калың элдин катмарына таанылуусуна «Супер-Инфо» гезитинин салымы чоң. Малайзияга жибергениңерде да аябай кубандым. Илгери экөөбүз такси менен жүрчүбүз, ага кеткен каражатты эсептеп, «мындан көрө машина сатып албайлыбы?» дей берчү. Бир жолу чоң гастролдук турне өткөрдүк. Андан түшкөн каражатты экөөбүз тең бөлүп алмакпыз. Ошондо мен акчанын баарын Нурланга берип, ал биринчи унаасын алган. Ал кезде айдай да алчу эмес. Гастролдо жүрүп эле үйрөнүп алды.
Нурлан тартиптүү, бейчеки баспаган тырышчаак бала. Аны атактуулук деле 100 пайызга өзгөртө албады, болгону 20 пайыз өзгөрдү окшойт. Өзүн өзү байкап, көзөмөлдөп, кемчилигин сезип калса кечирим сурап турчу. Башка продюсер, менеджерлер «менин ырчым жашыруун тойго барып келиптир» деп айтып калчу. А мен Нурланды байкап жүрдүм, такыр анткен жок. Тойго чыкса да ачык айтчу. 3 жылдык келишим бүткөндөн кийин «уланталы, мен Кайрат Нуртас менен концерт коюп, бир сахнада дуэт ырдашым керек» деп келиптир. «Нурлан, ал даражага жетиш үчүн убакыт керек, эмгек керек» деп койгом. Кийин эле Кайрат Нуртас бизге байланышып калды, «Маякчы карындашты» саткыла, ырдайм» деп. Биз сатпай эле бекер бергенбиз. Ошондо мен Кайратка «Нурлан менен бирге концерт коёсуңар» деп айткам. Андан кийин, тилекке каршы, ден соолугума байланыштуу продюсерликти токтоттум. Азыркыга чейин чоң иш баштаарда мени менен кеңешип турат. «Канат байке, мени ырчы кылам деп оорудуңуз, мен күнөөлүүмүн, оорубаңыз» деп чалып калат. Азыр бир туугандай болуп калдык.

Аваз Акимов, ырчы, досу: «НУРЛАН ЖЫЛДЫЗ БОЛУП БАРАТКАНДА ОРДУНА КОЮП КОЙГОНБУЗ»
-Нурлан экөөбүз окуу жайга бирге тапшырып, жылдызыбыз келишип, жакын достордон болуп кеттик. Кумара деген кызды бизден кичүү курста окуган Айбек Бакытбеков менен Нурлан экөө жактырып калышыптыр. Айбек шаардык бала болчу, Нурлан экөөбүз айылдан келгенбиз. Урушуп, талашып, мушташып жүрүп ал кыз акыры Нурландыкы болгон. Ошондо сүйүнүп келип «доскелер, кыз меники болду» деп кубанганы эсимде. Ал кыз азыр турмушка чыгып, бир баланын энеси болуптур. Буюрбаган кыз үчүн канча мушташып жүрдүк деп эстеп күлүп калабыз.
Бир жолу жаңы жыл күнү Нурлан экөөбүз сүйлөшкөн кыздарыбыз менен майрамды тособуз деп тоңуп калганбыз. Анткени менин кызым "Ош базарында" аяз кыз болуп сүрөткө түшүп иштечү. Ал иштеп алсын деп күтүп жатып, түнкү саат 12ден өтүп кеткен. Нурландын кызы болсо чыкпай койгон.
Студент кезде Нурлан нанга майонезди шыбап жеп, анан дюшес ичип алганды жактырар эле. Башка нерсе жейли десем да көнбөй, тажабай ушуларды эле жей берчү. Дайыма троллейбуста баратып терезеден Жип машиналарды көрүп, «биздин да ушундай машиналарыбыз болсо, жаштар биз менен сыймыктанса» деп кыялданар элек. Ошол кезде эле бири-бирибизди аябай колдочубуз.
Башында Нурлан мени угуп, айтканымды жасачу. Бир аз аты чыгып калганда айтышып, өзгөрүп калды. Ильгиз деген досум экөөбүз «бул жылдыз болуп баратат, ордуна коюп коёлу» деп Нурлан менен такыр сүйлөшпөй койдук. Нурлан жини келип «эмне эле болуп жатасыңар, шаардагы эң жакын адамдарым силер болсоңор» деп бир сыйра ыйлап алды, анан кайра сүйлөшүп калдык.


"Гезиттин 1-бетине чыгам деп толкунданып, даярданып келип, эң алгачкы тартылган сүрөтүм".

"Үч жыл катары менен “Супер ырчы мырза” аталып, төбөм көккө жетип турган кез. Мындай бакыт ар бир ырчыга келе бербесе керек".

"Супер-Инфо" гезитинин жолдомосу менен Малайзияда эстен кеткис эс алып жүргөн учурдан көз ирмем".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурлан Насиптин атактуулукка карай жолу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (51)
evidens
2016-06-07 10:30:36
Супер инфо Бактыгул Бадыевадан интервью алгылачы
+8
admin_superstan
2016-06-07 11:18:15
evidens,саламатсызбы? Сунуш, суранычыӊыз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+2
rahat07
2016-06-07 13:20:29
Ийгилик!!!!! Нурлан чындыгында эле мыкты ырчы! Ийгилик!
+1
takowa94kg
2016-06-07 14:38:29
Ооо красавчик Алга биз сени сыйлайбыз москвадагы концертини ийгиликтуу откоруп ал биз сени кутобуз.
+1
Myrza.
2016-06-07 15:49:12
Ийгилик!
+1
Ainur
2016-06-07 17:49:38
Талантына таазим менин кичинекей балам да Нурландын ырларын ырдап,уккандай жадабайт.
0
stervella415
2016-06-07 18:24:39
Azamatsyn Nurkan.seni II buloobuz hemen jakwy korkup syilaibyz
0
stervella415
2016-06-07 18:25:23
Азаматсын нурлан
0
gulnara2014
2016-06-07 20:53:10
Нурлан азаматсын. Терс комментарий жазгандарга конул бурба. Алар сага куйугуп жазып жатат. Сенин ырларынды биз баарыбыз жакшы коруп угабыз. Озун да жонокой бала экенсин
0
Mediziner
2016-06-08 09:14:17
Элге таанымал болуп, атагы таш жарып турган ар бир ырчы "Жылдыз" оорусуна, канча бир убакка чейин кабылаары бышык. Буга таң калуунун зарылчылдыгы жок. Башкысы Нурлан,көзү бир жолу тумандап калбай, ушул атактуулугун туура пайдаланып,алдыдагы келечеги үчүн канча бир пайызда жетишээрлик шарт түзүп алууда, мына ушул анын жеңиши! Адатта Нурланга чейинки жылдыздар, бул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалана алган эмес.Ал эми мезгил болсо баарына тараза, убагы келсе Нурлан бул оорудан да айыгат.
+8
Inna_91
2016-06-08 13:45:29
Нурландын ырларын укпайм уккумда келбейт.
-3
venka8484
2016-06-08 23:40:29
достору да айтып жатышса чынындале озунон кетип калганго доорго мас болуп
0
elmurat.kg
2016-06-09 17:30:46
Алга Нурлан!!!! Ийгилик!!!
0
Adi-95_95_95
2016-06-11 07:52:30
Ийгилик!
0
Birimdik5555
2016-06-12 03:24:24
Тилегине жеткирсин Кудайым
0
Saji
2016-06-21 01:22:03
Менин уулдарым, уй-булобуз менен сыйлайбыз. Эн берилген фанаттарыбыз. Алга Нурлан. Балдарым ырларын жатка билет. Тан кала берем кайдан жаттап алды деп.
0
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан