"РЕАЛ" ЧЕМПИОН!

28-май күнү Милан шаарынын "Сан-Сиро" стадионунда УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалы орун алды. Зинедин Зидан машыктырган "Реал" Диего Симеоненин "Атлетикосуна" каршы. "Падышалыктардын" "карапайымдар" менен болгон тиреши.

2 жыл мурун ызалуу жеңилүүгө дуушар болгон "индейлер" реванш алууга даяр эле, ал эми Роналду жана анын командасы утулуу деген сөздү уккулары келген жок.
Оюндун алгачкы бөлүгү "актардын" үстөмдүгүндө өттү. 17-мүнөттө команданын капитаны Серхио Рамос стандарттык абалдан гол киргизип, эсепти ачты. Тыныгуудан кийин Гризманн пенальтиден жаза басканы менен, Карраско 79-мүнөттө эсеп санын теңеди. Эки команда тең бул жыйынтыкка макул болушкандай, оюндун негизги мүнөтү жана кошумча 15 мүнөттүк экстра-таймында гол кирген жок. Жеңүүчү пенальти сериясында аныкталмай болду.
Кыл чайнашкан кармаштын ток этер жери – дарбазачы жана сокку узатуучунун ортосундагы беттеш болду. Анда "Атлетиконун" коргоочусу Хуанфран жаза басса, Роналду Ян Облакка эч мүмкүнчүлүк берген жок. Канчалык "Атлетико" быйылкы жылы жеңишке татыктуу болбосун, "Реал" өз тарыхында 11-ирет Чемпиондор Лигасында жеңишти илип кетишти.

Сезондун ортосунда "Реалды" колго алган Зинедин Зидан күйөрмандарды чексиз бакытка бөлөдү.



Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Urmat-1989.
2016-06-06 09:29:39
кыска го))
+3
eldar96
2016-06-06 17:26:03
Urmat-1989.,
Супердин спорт журналистери баары Барсанын куйормандары. Эми тушундунузда ээ.
+9
admin_superstan
2016-06-06 17:47:26
eldar96,Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Оозеки эскертүү!
-12
bazarkyl
2016-06-06 10:35:45
Торрестин ыйлаганын көргөндө, жаман болдум. Атлетикого жан тарттым эле, мени келинчегим көрүп алып, алда жаман болду. Эмки сезон, Семионеге ийгилик каалайм.
+9
Aigat
2016-06-06 12:48:38
Былтыр Барсанын макаласы кооп сонун чыккан, чын быйыл кыска го)))
+7
Aduk_aksuu
2016-06-06 13:15:18
Aigat,болот жетиштүү эле жазылыптырго,көп жазуунун кереги жок баары эле билетго реал жеңгенин
0
Mamadiyar
2016-06-06 13:55:57
Реал чемпион!
0
aidana96
2016-06-06 15:10:56
Real Madrid 4empion jana Zidan dagy ozunun kylgan emgegine tatyktuu belek aldy...
+2
rukopashnik
2016-06-06 16:52:43
атлетико оооо жаль
-3
kazybek0108
2016-06-06 21:34:26
Жениш Атлетиконуку болду. Кандай гана кучтуу командаларды утту Барса Бавария. Ал эми Реалга ушул командалар туш келгенде Реал финалга чыкмак эмес.
+1
kazybek0108
2016-06-06 21:39:48
Эн кызыгы Реалда кандай оюнчулар ойногонун озунуздор корсонуздор керек, ХХХ
0
admin_superstan
2016-06-07 09:52:26
kazybek0108,кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
-2
kazybek0108
2016-06-06 21:40:43
Циркте ойногондой ойношот
0
Nureles92
2016-06-07 15:49:22
Роналдо красавчик
0
kazybek0108
2016-06-07 22:17:07
Роналдо Реалда эмес, Манчестерде мыкты болчу
0
aianaaiana
2016-06-08 00:56:16
Евро 2016 жөнүндө да маалымат бергилечи суперчилер
0
Zulya2
2016-06-13 01:18:11
29-май куну танкы саат 4 жарымда эркек балалуу болгонбуз.Жолдошум реалдын болельщиги болгондуктан уулубуздун атын Зинедин деп койду .алар ошондо майрамдап жаткан учуру болчу....
0
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан