Тилекке каршы, акыркы кезде кичинекей балдарга карата кордук, зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйүүдө. Жакында эле Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери 5-класста окуган кызды зордуктаганга шектелген 32 жаштагы жаранды колго түшүрүштү.
КЫЛМЫШКЕРДИ КАРМООДО КҮБӨЛӨР ЖАРДАМГА КЕЛГЕН
Үстүбүздөгү жылдын 24-майында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 12 жаштагы кызды 30-35 жаштардагы белгисиз жаран зордуктап, андан соң из жашырып кеткен деген маалымат түшкөн. Оперативдүү-тергөө тобу барып, кылмыш болгон жерден кан болгон көйнөк, ич кийим, ашкана бычагы жана колдонулган салфеткаларды далил буюм катары алышкан. Күбөлөрдүн жардамы менен кылмышкердин фотороботу түзүлүп, аны издөө, кармоо иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында ошол эле күнү бул кылмышка шектелип Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун 32 жаштагы Калысбек аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-пункту (жаш балага карата жасалган зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
"БЫЧАК ТАКАП ЗОРДУКТАГАН"Бул окуя боюнча Свердлов РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Замир Бектенов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, окуя төмөнкүчө болгон. 24-май күнү саат 11:30дар чамасында белгисиз кылмышкер Бишкек шаарынын Набережная көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине кирип барган. Бул убакта үй ээлери жумушта болгон, ал эми алардын 2004-жылы туулган В.Н. аттуу кызы мектептен келип үйдө жалгыз отурган. Кылмышкер кыздан "үйдө ким бар?" деп сураганда, ал "менден башка эч ким жок" деп жооп берген. Ошондо ал столдун үстүндөгү аш бычакты кыздын тамагына такап коркутуп зордуктап салган. Кылмышкер кызды зордуктаган соң аны "бул тууралуу эч кимге айтпа, эгер айта турган болсоң, өлтүрүп салам" деп коркуткан да, из жашырып кеткен.
Андан соң жабырлануучу кыз жакын жерде жашаган чоң энесинин үйүнө барган, бирок зордукталганын айтуудан коркуп отура берген. Небересинин кийимдери кан болуп булганып жүргөнүн байкап калган чоң энеси такып сурап билип алып, уулуна телефон чалып айткан. Уулу болсо ошол замат милицияга кабарлаган.
Издөө иштеринин жыйынтыгында бул кылмышка шектелип 1984-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалды. Ал курулушта иштечү экен, кызды зордуктагандан кийин эч нерсе болбогонсуп барып курулушта иштеп жатыптыр. Ал кармалган убакта мас болчу. Жабырлануучу кыз өзүн зордуктаган ушул экенин көрсөтүп берди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg