Өткөн жылы Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Эфиронос айылында 11 жана 5 жаштагы эже-сиңдини ээн талаага алып барып, улуусун зөөкүрлүк менен зордуктаган Нуразиз Кулманов аттуу зөөкүр өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул кылмыш тууралуу өз кезегинде гезитибиздин №666-санына макала жазганбыз. Анда жабырлануучу эже-сиңдилердин чоң апасы Асымкүл Сартбаева: "Айланайындар! Ушундай зөөкүрлөргө деги жаза барбы?! Чырактай болгон эки кызды ээн талаага алып барып тозокто жок кордукту көрсөткөндү адам дешке болобу?",- деп төмөнкүлөрдү боздоп айтып берген эле.
– Жабыркаган эки кыз кайнимдин кыздары. Мен аларга чоң апасындай болуп калдым. Мындан 1,5 жыл мурун кыздардын апасы жүрөк оорудан каза болгон. 24-июлда үйдө отурсак, кечки саат 8дер чамасында кайним телефон чалып чакырды. Абышкам экөөбүз машинаны айдатып алып жетип бардык. Эшиктин алдында ызы-чуу түшкөн эл. Жолдошум Рысбек милиция кызматкерлерин чакырды. Кыздарды машинага салып, ооруканага алып жөнөдүк. Ошол учурда кырдаалга жакшы түшүнгөн жокмун, ооруканага барганда психологдун катышуусу менен кыздардан болгон окуяны сурашты. Мен улуусун боорума кысып ошол жерде баарын угуп отурдум.
Көрсө, кечки саат 5тер чамасында кыздар көчөдө ойноп жүрүшсө бейтааныш киши келип, «атаңарга алып барам» деп жетелеп кетиптир. Айыл четине чыгып сай жакка алып барыптыр да, «үнүңөрдү чыгарбагыла, кыйкырсаңар башыңарды жулуп алам» деп коркутуп, улуусун чечинтип, арам максатын ишке ашырыптыр, акмак! Бечара кыздын эч жеринде тамтык жок. Алды, артын, айтор, кайсы жерге мүмкүн болсо зордуктай бериптир. Кызды 2 сааттан ашык кыйнаган. 5 жаштагы сиңдиси ыйлап, качса аны да кармап алып, «эжеңди, өзүңдү кошуп өлтүрөм» дептир. Ага да кол сала баштаганда улуусу «байке, ага тийбеңиз, ал кичинекей, мени эле кыйнап, аны коё бериңизчи деп жалындым» дейт. Тиги зөөкүр кызды чечинтип, жылаңачтап алып, ич кийиминдеги канды сайдын суусуна жуудуруп туруп кийгизиптир. Оо, Кудай! Он гүлүнүн бири ачыла элек наристелерге эмне мынча кордук бердиң, билбейм?! Эми кыздардын келечеги эмне болот?
Бул кылмыш боюнча караган Панфилов райондук соту 2016-жылдын 20-январында 1981-жылы туулган Нуразиз Кулмановду 129 (зордуктоо) жана 133-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыратып, жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абакта өтөсүн деп белгилеген. Кийин бул ишти караган Чүй облустук соту, Жогорку Сот Панфилов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg