КАЗАКСТАНДА ПЕДОФИЛДЕРДИН МААЛЫМАТ БАЗАСЫ ИШКЕ КИРДИ

Жогорку Кеңеште педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүү боюнча маселе кайрадан көтөрүлүүдө. 2013-жылы да Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан педофилдерди химиялык жол менен бычуу демилгеси көтөрүлгөн эле. Ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өтүп, бирок ага президент Алмазбек Атамбаев кол койгон эмес.
Мындан сырткары "Күчтүү үй-бүлө – күчтүү мамлекет" балдарды коргоо комитети да педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча кол топтоп, кол койгондордун саны учурда 13 миңден ашып калганы айтылууда.
Коңшу Казакстанда педофилдерди химиялык жол менен бычуу боюнча мыйзам 2018-жылдан баштап күчүнө кирмей болду. Ага апрель айында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кол койгон. Ошондой эле Казакстанда педофилдердин электрондук маалымат базасы да ишке кирди. Электрондук карта түрүндөгү бул базада жашы жете электерге карата зордук-зомбулук кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар тууралуу маалыматтар (аты-жөнү, сүрөтү, туулган жылы, жашаган дареги жана соттолгондугу тууралуу маалыматтар) киргизилген. Үстүбүздөгү жылдын башынан баштап педофилдер тууралуу маалыматтар топтолуп, ал сайтка жүктөлө баштаган жана дайыма жаңыланып турмакчы. Казакстандын укуктук статистика комитетинин сайтына киргизилген бул маалыматтар каалагандардын баарына жеткиликтүү.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
AykaMer
2016-06-06 10:08:16
Казакстан жакшы ойлоптур ушуну,ырас эле кылыптыр. Биздин ажобуз эмнени кутот билбейм,эмнеге кол койбоду такыр тушунбой калдым... "Башына тушмойунчо,баркын билбейт"-болдубу же...
+5
owtu
2016-06-06 11:59:26
en tuura jol,a bizdin atambai nege kol koiboptur kyzyk
+2
daniel87
2016-06-06 17:47:34
Туура деп эсептейм!!!Бирок деген жери Кыргызстанда Жана коншу олколордо адилеттуулук такыр жок!!!Ким кепилдик берет бейкуноо адамдар жабыркабайт деп ?
+5
daniel87
2016-06-06 17:50:10
Туура!!!Ким кепилдик берет бейкуноо адамдар жабыркабайт деп?Кыргызстанда Жана мен билген коншу олколордо адилеттуулук такыр жок!
+2
AykaMer
2016-06-07 10:50:18
daniel87,Эгер олум жазасы киргизилсе соттор кылдаттык,адилеттуулук менен иштешет... Куноосуз адамды олум жазасына тартып куноого баткысы келбейттир соттор деле
0
Flared
2016-06-08 07:12:00
Ажо эмнени ойлоп жатты болду экен, химиялык эмес хирургиялык жол менен эле ХХХ керек.
0
admin_superstan
2016-06-08 09:17:28
Flared,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
0
Abdyrashit.Satylganov
2016-06-09 06:56:47
Жогоруда бирөө туура айтат. Адилеттүүлүк бизде жок .соттордун бизде туура чечим чыгарарына мен ишенбейм. Андыктан бизде бул мыйзамды кабыл алууга али эрте деп ойлойм.
0
XAH
2016-06-27 18:12:13
Эмнени кутобуз боло турган иштин эрте эле болгону жакшы, кутуудон караганда жаны талаптарга конуу жакшы натыйжа берет
0
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан