Окурмандардан келген суроолорго психолог Канышай Кожогелдиева жооп берет.
"ЖОЛДОШУМ БЫЧАК МЕНЕН САЙЫП ЖИБЕРГЕН"
– Окуя мындан көп жыл мурун болгон. Ал кезде базарда иштечүмүн. Бир күнү жумуштан келсем жолдошум бейтааныш аялдар менен арак ичип отуруптур. Анан экөөбүз уруша кеттик. Бир убакта жолдошум бычак менен бутума сайып жиберди. "Ажырашабыз" деп сотко да бердим. Бирок кетпей койду, ошондон бери эле чогуу жашап келе жатабыз. Ортобузда эч кандай аял-күйөө сезими, жылуулук жок. Катуу коркуп калган окшойм, калтырап өзүмдү кармай албай, ичимден эле бир нерсе боло берем. Сыртка чыгып кыйкырып, бакыргым келет. Молдого барсам "өзүңдү кармасаң, эмне болуп жүрөсүң?" деди. Невропатологго да көрүндүм. Ал "баары жайында, сиз коркунуч менен жашайт окшойсуз, психологго барып көрүнүңүз" деди.
Кутунай, Токмок шаары
- Айтканыңызга караганда, сиз чынында эле катуу коркуп калыптырсыз. Коркуу сезими менен жашаган адамдар ошол окуя сыяктуу көрүнүштөргө, ызы-чуу, уруштарга туш болсо коркконунан калчылдап чыгышат. Кыйкыргыңыз келсе кыйкырып, бир нерсени талкалагыңыз келсе талкалаңыз. Мындай учурда жеңилдей түшөсүз. Жолдошуңуз "сени менен жашайм, үй-бүлөмдү сактап калам" деп жашап, кетпей жатат да туурабы, андыктан аны менен маселени ачык сүйлөшүңүз. "Кандай кылабыз, ушинтип эле жашай беребизби?" деп ортодогу мамилени ачыктаганыңыз туура. Ошондой эле сөзсүз психологго барып көрүнүңүз. Ал сиз менен баарлашкан соң өзүңүзгө ылайык ыкмаларды колдонуу менен жардам берет.
"СҮЙГӨНҮМ ӨЗҮМДӨН 8 ЖАШ УЛУУ..."
– Кафеден бир кыз менен таанышып калдым. Дароо эле тил табышып кеттик. Мен Оштон, ал Нарындан. Сүйлөшкөнүбүзгө эки жыл болгондон кийин үйлөнөйүн деп ата-энеме айтсам, "жер алыс" деп көнбөй коюшкан. Эптеп аларды ынандыргандан кийин сүйлөшкөн кызым мурун турмушка чыкканын, бир уулу бар экенин айтып жатпайбы. "Сени албайм" деп айтканга дитим барбай жатат. Жакшы көрөм, анын үстүнө көнүшүп да калдык. Мага жардам бергилечи?!
Актан, Өзгөн району
-Сүйүү сезими ыйык сезимдердин бири. Аны эч ким басынта, жеңе да албайт. Ошондуктан сезимиңизге баш ийгениңиз туура. Эгер жакшы көрсөңүз, анда үйлөнүңүз. Анткени жакшы көрүү сезими бардык кыйынчылыкты жеңиши мүмкүн. Бул сиздин жеке тандооңуз, ага башка бирөөнү кийлигиштирүүнүн кереги жок.
"ЖОЛДОШУМ КЕЧИКСЕ ЭЛЕ БИРӨӨ МЕНЕН "ОЙНОП" ЖҮРӨТ ДЕП ОЙЛОЙ БЕРЕМ"
– Турмушка чыкканыма 15 жылдай болуп калды. Урушуп-талашпай жакшы эле жашайбыз. Жолдошум кечинде жумуштан кечиксе эле бирөө менен "ойноп" жүргөндөй элестетип, кыйнала берем. Бирок ал босогону аттаары менен андай оюм өзүнөн-өзү жоголот. Бул кызганычпы?
Акбермет, Бишкек шаары
-Бул нормалдуу эле көрүнүш. Адамда сүйүү болсо ошондой сезим болот. Эгер сезим жок болсо, кызгануу да болбойт. Жолдошуңузду көргөндөн кийин жаман оюңуз жоголуп кеткени – сезимиңиздин таза экендиги, ага ишенгендигиңиз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenech@super.kg