Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КӨПӨЛӨКТӨЙ КАЛКЫП, ААРЫДАЙ ЧАККАН МУШКЕР МУХАММЕД АЛИ ДҮЙНӨ САЛДЫ

№710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж


ХХ кылымдын улуу мушкери Мухаммед Али азыркы бокстун пайдубалын түптөгөн десек жаңылышпайбыз. Мушкер оору менен күрөшүп жүрүп 3-июнь күнү 74 жашында дүйнө салды. Эмне үчүн Алини улуу дешет, ага жооп издеп көрөлү.

Толук аты-жөнү
– Мухаммед Али (төрөлгөндө коюлган аты Кассиус Клей)
Туулган жылы, күнү 1942-жыл, 17-январь, (2016-жылы 3-июнда каза болду)
Туулган жериЛуисвилл, АКШ
Профессионалдык карьерасы Жалпы 21 жыл мушташкан (1960-жылдан 1981-жылга чейин) 61 беттештин 56сын уткан (анын 37син нокаут менен), 5 жолу жеңилген.
Жетишкендиктери – Олимпиада чемпиону (1960-жыл), оор салмакта абсолюттук чемпион (1964-1966-жылдары, 1974-1978-жылдары). "ХХ кылымдын мыкты мушкери" наамынын ээси.

САБАКТАН НАЧАР, ТЕНТЕК БОЛОЧОК ЧЕМПИОН
«Өзүмдү күзгүдөн карап, өзүм менен сыймыктанчумун. Бирок көпчүлүк кара терилүү адамдар өздөрүн антип ойлошчу эмес. Кичинекей кара балдар кимден үлгү аларын билишпейт эле».

Келечектеги мушкер сүрөтчү жана үй кожойкесинин үй-бүлөсүндө чоңойгон. Ал кезде Кентукки штатында расалык теңдик деген түшүнүк жок эле, андыктан бул жагдай кичинекей Кассиустун мүнөзүнө чоң таасир берген. Ал 12 жашында алгачкы жолу бокс залынын босогосун аттаган. Машыгып жүргөн кезинде эле тентектик кылып, залдын ичине «атактуу чемпион болом» деп жар салгандан тажачу эмес. Бирок анын мектептеги окуусу абдан начар эле, бир жылы класстан көчпөй да калган. Бирок мектептин директору бул баланын спортко болгон кызыгуусун байкап, келечекте мектептин атагын чыгарат деген ишенимде окуусун бүтүрүүгө жардамын аяган эмес.

ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНУ
«Олимпиададан кийин Луисвиллге алтын медалым менен келип, «актар» гана тамактануучу жайга кирдим. Аларды ордуна коём деп ойлодум, чемпионмун кантсе да. Алар «караларга эч нерсе берилбейт» деп узатып коюшту. Ошондо Огайо дарыясына бардым да, медалымды сууга ыргытып ийдим».

18 жаштагы Кассиус Клей Рим шаарында өтчү Олимпиадага барууну каалаган эмес. Себеби ал учакка түшкөндөн абдан коркчу. Машыктыруучулар мыкты мушкерин 2 ай бою көндүрүү аракетин көрүп, жыйынтыгында Кассиус парашют менен гана учакка отурган. Мушкер барганына өкүнгөн эмес. Анда атаандаштарын жеңил эле утуп, серепчилер бул жигиттен келечекте көптү күтсө болорун баамдашат. Финалдык беттеште Клей өзүнөн 9 жаш улуу Збигнев Петшиковскийдин таш талканын чыгарган.

АТАКТУУЛУКТУН АЛГАЧКЫ НУРЛАРЫ
«Колдор иштейт, көздөр көрөт. Көпөлөктөй калкы, аарыдай чак».

Римдеги жеңиштен соң профессионалдык бокско өтүп, жаш мушкер 3 жыл аралыгында чемпиондукка талапкерликке жетет. Серепчилер бул мушкердин чемпион Сонни Листонго каршы эч мүмкүнчүлүгү жок деп белгилешет. Бирок 22 жаштагы Кассиус Листонду бир эмес, эки беттеште тең утуп алат. Ал чемпиондук мүнөзү жана укмуштуу техникасы менен бирге трештокингдин башатын ачып өзгөчөлөнөт. Атаандаштарын беттешке чейин эле кагыпсөгүп, эки чайнап, бир жутуп салчу. Ринг анын үйү, атаандашы анын курмандыгы эле. Беттеш учурунда атаандашынын айласын алты кетирип кааласа сокку узатып, кааласа буттарын бийлетип кирчү.

БААРЫНА КАРШЫ ТУРУУ
«Жеңилген спортчунун кийинүүчү жайында эмне деп айтууну эч ким билбейт».

Атактуулуктун келиши менен жаңы чемпиондун жашоосундагы татаал сыноолор башталат. Ошол эле жылы чемпион «Ислам улуту» уюмуна кошулуп, ислам динин кабыл алат. Төрөлгөндө коюлган Кассиус Клей атын Мухаммед Али деп өзгөртөт. Бирок муну менен көптөгөн сыноолорго туш болуп, америкалыктар анын бул кылыгын жактырышкан эмес. Бул арада жаш кезинде кумир туткан Флойд Паттерсондон тарта эч кимге белгисиз Зора Фолейге чейин беттешип, чемпиондугун жалпы 8 жолу коргойт.
1967-жылы Али расмий түрдө АКШнын армиясында кызмат кылуудан баш тартат. Арадан бир саат өтпөй, спорттук комиссиялар анын мушкердик лицензиясынан тарта чемпиондук курларына чейин тартып алышкан. Спорттон четтетилген мушкердин өкүнүүгө убактысы жок эле, анткени Али бул үчүн абдан атактуу болчу. Ал ораторлук сапаты менен өлкөнүн университеттеринде лекция окуу менен алаксыйт. Рингге 1970-жылы гана кайтып келет.

КЫЛЫМДЫН БЕТТЕШТЕРИ
«Беттеш узактыгы 13 секунда гана болушу керек. Жакындаганга 2 секунда, соккуга 1, калганы калыстын саноосу».

Карьерасын жандандырган Али 1971-жылы «кылымдын» алгачкы беттешине чыгат. Анын атаандашы – ал кездеги чемпион Жо Фрейзер эч кимге утулуп көрө элек эле. Бул беттеште Али алгачкы жолу жеңилүү ызасын тартат. Чемпиондук кур үчүн 1974-жылы кайрадан чыгып, чемпион Жорж Формен менен кезигет. «Формен көлөкөсү менен беттешкенин көрдүм, анда ал утулуп калды» деп сөз менен чабуул жасаган Али жаш чемпионду 8-раундда нокаутка учуратат. Беттеш Заирде өткөндүктөн «Жунглидеги дабыш» деген ат менен белгилүү. Эми Али Фрейзер менен реваншка чыгуусу керек эле.
«Маниладагы триллер» атка конгон тиреш 1975-жылдын 1-октябрында Филиппин аралдарынын борборунда өткөн. Фрейзер менен Алинин көз караштары кезигип, соккулар сокку менен тирешти. Беттеш ортосунда эки дөө ринг ичинде чайналып, ар бири көздөрүнүн алдына бирден шишик алышты. 13-14-раунддар боксту эмес, кадимки кыл чайнашты элестеткен. Фрейзердин машыктыруучулары мушкерин соңку раундга чыгарышкан жок. Бул беттештер Алинин чыныгы улуулугун даңктаган.

ПАРКИНСОН МЕНЕН КҮРӨШҮҮ
«Менин эң оор беттешим – бул Паркинсон оорусу менен болгон тиреш. Ал оор деле эмес, бирок түшүндүрүү мүмкүн эмес».

1981-жылы Али акыркы беттешин өткөрүп, карьерасын жыйынтыктайт. 3 жылдан кийин мушкерге Паркинсон оорусу (калтыратма шал оорусу)жабышат. Бул азаптуу ооруну айыктыруу мүмкүн эмес болгондуктан, тагдырга баш ийгенден башка арга жок эле. Али дин жолуна түшүп, кайрымдуулук менен алектенген. Жашоосунда 4 жолу үйлөнүп, 7 кызын жана 2 уулун тарбиялаган. Лейла Али аттуу кызы атасынын жолун жолдоп, орто салмак категориясында IBA, WIBA жана IWBF версиялары боюнча Дүйнө чемпиону болгон. Мухаммед Али 3-июнда 74 жашында Финикс шаарынын ооруканасында өмүрү менен коштошту.

Атасынын жолун жолдогон Лейла Али карьерасында жеңилүүнү билген эмес.

«Спорт залда чемпион боло албайсың. Чемпионду адамдын өзүнүн ичиндегилер жаратат: каалоо, кыял жана максат».

«Күн нурунун соккусунан башкасы жоопсуз калбашы керек».

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
13.06.2016. 05:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
15-11-2013
Соӊку аракети:
13-09-2016 23:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
+3
Кудай колдоп,кызыр даарып кылымда бир чыккан адамдар да. М Али менен Тайсон рингде нак "жиндилер"да булар коргон кишинин коксоосун кандырган. Экоо тен мусулман.
13.06.2016. 15:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
11-02-2016
Соӊку аракети:
04-02-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ФРУНЗЕ
+3
Улуу мушкер. Рингде гана мыкты болбой, жашоодо дагы мыкты болгон.
Жаткан жерин жайлуу болсун, Алла Таалам бейиштен орун берген болсун. Амин.
13.06.2016. 15:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
14-04-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 19:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Түп айылы
+9
Мухаммед АЛИ...Мага бул мушкердин ислам динин кабыл алганы, Вьетнамдагы согушка барбаган интернационал мүнөзү, рингдеги чабуулдары,Бушту "келесоосуңбу" деген тайманбастыгы, "Тайсон ж.б. менменсиген мушкерлерди жаш кезим болсо соо койбойт болчумун" деген өкүнүчү абдан таасир калтыра берет!
13.06.2016. 16:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-05-2016
Соӊку аракети:
30-08-2016 16:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалган дуйно
+2
Аллахым жаткан жерин жайлуу кылсын
14.06.2016. 07:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
10-09-2015
Соӊку аракети:
27-08-2016 07:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акылдуу адам болгон экен. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Аллах бейишинен жай берсин!
14.06.2016. 12:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
05-02-2015
Соӊку аракети:
14-07-2018 13:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо Али Менен Тайсондун жетишкендиктерин салышытырып кимиси мыкты экенин билип бербейсинерби?
14.06.2016. 13:06 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5910
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 17:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
mister.ailasyz,саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
20.06.2016. 01:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
13-07-2012
Соӊку аракети:
02-12-2017 13:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулманча жаназа окулуп комулупбу ошонусун билип берсениздер болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: