Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!
Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.
АЙЗАДА АБАНБЕКОВАЖашы – 20
Параметри – 85-64-90
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 54 килограмм
Учурда – КУУнун философия илимдери жана социал-педагогикалык технологиялар факультетинин алдындагы дин таануу багытында 2-курста окуйт
«КЕЛЕЧЕКТЕ АКТРИСА, КАСКАДЁР БОЛСОМ ДЕЙМ»
– Айзада, чыгармачылыкка жакын экениңди билебиз...
– Ооба, 8-классымдан баштап 5 жыл Бишкектеги «Форум-театр» деп аталган долбоордо актриса, волонтёр болуп иштегем. «Фрунзенин кечтери» деген жаңы жылдык берүүдө тартылгам. Жакында эле тартылган «Миң бир түн» деген тасмада режиссёрдун жардамчысы болуп иштедим, айрым эпизоддорун өзүм тарттым. Учурда каскадёрлор ассоциациясына барып жатам, актрисалык менен чогуу каскадёрлукту да алып кетсемби деген оюм бар.
– Косметика көп колдонбойм деп калдың...
– Ооба, косметиканы дээрлик колдонбойм. Фотосессияларда гана бир аз жеңил макияж жасап алам. Кашымды такыр тербейм, жөн гана формага келтирип чийип, боёп коймоюм бар. Курбуларым “сен боёнуп жүрсөң мындан да сулуу болмоксуң” дей беришет.
АЙЧҮРӨК БОЛОТОВАЖашы – 20
Параметри – 86-66-87
Бою – 171 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Учурда – КММАнын дарылоо факультетинде 3-курста окуйт
«ӨЗҮМДҮ МОДА ЧӨЙРӨСҮНДӨ СЫНАГЫМ КЕЛЕТ»
– Айчүрөк, болочоктогу дарыгер экенсиң, сынакта жеңиш үчүн кандай "дарыларды" колдоноюн деп жатасың?
– Ооба, кесибим боюнча дарыгермин, сынакта кесибимдин пайдасы тийбей эле койсун, баарыбыз ден соолукта аман бололу. Элди сынактын талабына төп келе турган бүт ыкмалар менен "дарылаганга" аракет кылам. Көпчүлүк кыздар сулуулугу, наздуулугу менен "дарыласа" керек, мен деле ушул ыкманы колдоном.
– Кошумча эмне менен алектенесиң?
– Негизи көп убактым окуума бөлүнгөндүктөн кошумча убакыт кээде гана табылат. Окуудан сырткары бий ийримине катышам. Курбуларым менен эс алам. Волейбол ойнойм. Сынакта жеңип калсам өзүмдү мода чөйрөсүндө сынап, модель болуп иштегим келет.
SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Гулинса 146 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Элиза 45 добушка ээ болду.