"ЦЕНТЕРРА ГОЛД" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ТАРАПТАН ЭКОЛОГИЯЛЫК ДООМАТТАР ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРЕТ

Центерра Голд Инк." компаниясы (мындан ары: "Центерра" же "Компания") Кыргыз Республикасында Бишкек райондор аралык соту 2016-жылдын 25-майында "Центерранын" 100 пайыз туунду компаниясы "Кумтөр Оперейтинг Компанияга" (КОК) карата КРнын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (ЭТКМИ) экологиялык дооматтарын канааттандырып, 6 698 878 290 сом компенсация төлөөгө милдеттендиргени жөнүндө билдирет.

ЭТКМИ
бош текти "Кумтөрдүн" төгүндүлөрүндө жайгаштырууда өнөр жай жана тиричилик калдыктарына колдонулуучу тарифтер боюнча акы төлөөгө жатат деп тастыктады. Ошентип, Бишкек шаарынын райондор аралык соту ЭТКМИнин экинчи дооматын канааттандырды, себеби 24.05.2016-жылы ЭТКМИнин өнөр жай жана чарбалык-тиричилик агындыларын тазалоочу жабдуулардын эсепке алынбаган калдыктарына байланыштуу 663 839 сомго дооматы канааттандырылган.

Ц
ентерра" жана КОК ЭТКМИнин дооматтарында билдирилген талаптарга таптакыр каршы жана эки соттук чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна жана зарылчылык болсо, КРнын Жогорку Сотуна даттанмакчы. Андан тышкары "Центерра" да, КОК да мындай түрдөгү талаштарды эл аралык арбитражга берүү укугун колдоно алары белгилүү. Мурда түшүндүрүлгөндөй, "Центерра" ЭТКМИ да, КТЧКжТЧМА да койгон талаптарга таптакыр каршы жана ал дооматтарды орунсуз деп эсептейт. "Кумтөр" долбоорунун ишмердүүлүгү толугу менен долбоор боюнча 2009-жылкы келишимди так аткарууга багытталып, келишимдеги макулдашуулар аркылуу жөнгө салынат. Бул макулдашуулар өзүнө 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык келишимди камтып, анда "Кумтөр" долбоору боюнча бардык милдеттүү төлөмдөр менен салыктар жана башка төлөмдөрдүн толук тизмеси камтылат.

А
ндан тышкары "Кумтөр" долбоору көптөгөн жылдар бою кыргыз жана эл аралык эксперттерди тартуу менен жүргүзүлгөн системдүү текшерүүлөр жана иликтөөлөргө алынып, алар "Центерра" компаниясынын Директорлор кеңешинин Коопсуздук, ден соолукту жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча комитетинин өтүнүчү боюнча "Кумтөр" тарабынан коопсуздук, ден соолукту жана курчап турган чөйрөнү коргоо нормативдеринин сакталуу маселесин тыкан изилдеп чыгышкан.

К
омпания "Кумтөр" долбоору иштеген бүт мезгил аралыгында КРнын мамлекеттик органдары менен конструктивдүү нукта жемиштүү, тыгыз кызматташкан жана "Кумтөр" долбооруна таасир этүүчү бардык талаш маселелерди, анын ичинде:

а) ЭТКМИ жана КТЧКжТЧМА тарабынан экологиялык дооматтар;
б) КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан "Кумтөр Голд Компани" (КГК) компаниясынан "Центерра" компаниясына 200 миллион АКШ доллар суммасындагы корпорация ичинде дивидендди которуу жана бул дооматтын алкагында 2016-жылдын 28-апрелинде КГКнын Бишкек кеңсесинде тинтүү жүргүзүү фактысы боюнча;
в) Башкы прокуратура тарабынан коюлган "Кумтөрдүн" жерди пайдалануу сертификатын жокко чыгаруу жана бир катар аянттарды "Кумтөрдүн" концессиялык аймагынан алып коюу;
г) Алардын жоктугу "Кумтөр" долбоорунун 2016-жылдын 1-июлунда токтоосуна алып келүүчү кен ишканасынын ар жылдык иш планы боюнча уруксат берүү жана макулдашуулар жөнүндө азыркыга чейин чечилбеген маселени чечүү максатында мындан ары да бул кызматташуу милдеттенмесинен баш тартпайт.

Ошол эле учурда компания "Кумтөр" долбоорунун иштешине таасир этүүчү бардык же кайсы бир маселени ийгиликтүү чече аларынан эч кандай кепилдик жок. Аталган жагдайда КРнын Өкмөтү жана парламенти "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашууларга КРнын Өкмөтүнүн милдеттенмелери дал келбөөчү, мисалы, "Денонсация жөнүндө" мыйзамды же "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашуулардын же КРда ага байланыштуу кабыл алынган мыйзамдарды жокко чыгаруу же токтотуу каралган башка мыйзам кабыл алууга алып барбайт деген да кепилдиги жок.
Бардык көрсөтүлгөн маселелерди ийгиликтүү чечүүнүн мүмкүн эместиги компаниянын болочок накталай агымдары, кирешелери, өндүрүштүк натыйжалары жана финансылык абалын алганда олуттуу терс кесепеттерге ээ болушу мүмкүн.

Пресс-релиз толугу менен
www.kumtor.kg
сайтында

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан