Кыргызстандын дизайнерлеринин сап башында турган Дилбар Ашимбаеванын колунан жаралган кийимдер дүйнө жүзүнүн бир топ бурчуна тарап жатат. Ал өлкөбүздүн биринчи канайымдары Майрам Акаева, Татьяна Бакиева, Раиса Атамбаева, Орусиянын биринчи канайымдары Наина Ельцина, Людмила Путинаны да кийинткен дизайнер.
Туулган жылы, күнү – 1964-жыл, 22-ноябрь
Туулган жери – Фрунзе шаары
Билими – Москва шаарындагы бүткүл союздук Косыгин атындагы текстиль институту
Учурда – "Dilbar" мода үйүнүн директору
Коллекцияларынын саны – Өтө көп, санаган эмес
Кумири – Апасы Гүлжакан
Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын энеси
– Дилбар эже, бала кезде куурчактарыңызды да мода менен кийинтчү белеңиз?
– Жок, куурчактарыма башка кыздардыкындай эле кадимки сатып алгандагы көйнөктөрүн кийгизчүмүн. Сиңдимди аябай жакшы көрөр элем, ошондуктанбы, анын куурчактарына апамдан ашкан кездемелерден көйнөктөрдү тигип берчүмүн.
Алгачкы жолу 5-класста өзүмө төрт кыйыктан турган кыска юбка тиккем. Аны 2 жыл кийдим, менден кийин сиңдим бир жыл кийди. Ал кезде окуу менен катар тигүү ийримине катышчумун. Апамды тартыптырмын, ал жаш кезинде үйдү кооздоо үчүн жиптен ар түрдүү сүрөттөрдү түшүрүп жасалгаларды токучу экен. Кийин бизге жеңил жууркандарды тикти, байпак, мээлейлерди түйүп берди.
– Дизайнерлик сиздин колдон келе турганын, жан дүйнөңүзгө жуурулушкан жеңишиңиз болорун качан сездиңиз?
– Көйнөктөрдүн үлгүсүн ойлоп табуу, кооз кылып тигүү бала чагымдан эле башталган дебедимби. Ошондуктан мектептен эле келечекте кийим тигүү менин жумушума айланарын сезгем.
– Сиз дипломдуу дизайнерсиз, кайсы жерде окудуңуз?
– Москва шаарындагы бүткүл союздук Косыгин атындагы текстиль институтун аяктагам. Бул окуу жайга жолдомону эки жыл Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагында иштеп жүрүп араң алгам. Москвага баргандан кийин бир жыл даярдоо бөлүмүндө окуп, кийин 5 жыл жогорку билим алдым. Окуумду бүткөн соң дароо Фрунзеге келип, бут кийим чыгаруучу "Чолпон" фабрикасына орноштум. Көп өтпөй бут кийим чыгарган "Тулпар" ишканасында дизайнер болуп иштей баштадым.
– Кийимдин үлгүсүн кантип ойлоп табасыз?
– Кандай эргүү келсе, ошондой иштей беребиз. Элдин баары кызыгып көргөн "Даңазалуу кылым" сериалын мен да берилүү менен көрдүм. Каармандар менен кошо ыйладым, сүйүндүм, жоголуп кетишсе издедим, качса кошо качтым дегендей. Ошол киного таасирленип түрк жибегинен бир коллекция жараткам. Бир үлгүнүн артында көп күчтү, убакытты, чыдамкайлыкты талап кылган чоң эмгек бар. Эскиздери даяр болгондо ага ылайыктуу кездемелерди чет өлкөдөн буйрутма менен алдыртабыз.
– Эмгектериңиздин орточо баасы канча?
– Биздин кийимдер 200 доллардан жогору турат. Бишкекте эки, Ошто бир дүкөнүбүз бар. Негизги сатып алуучулар мода менен кийинген, санга эмес, сапатка караган, улуттук кийимдерди жактырган жаш кыздар жана айымдар.
Бизге буйрутма берип тиктирген чет өлкөлүк кызыкдар тарап дайыма бар. Андан сырткары чет жерлерде өтүүчү "Кыргызстан маданият күндөрү" фестивалдарына катышып, өзүбүздүн эмгекти чет жерликтерге көрсөтүп келебиз. Подиумдан кийин кийимдерибизди сатып алгандар көп болот. Мисалы, ушул жылдын февраль айында Кувейтте өткөн фестивалда Орусия элчилигинде иштегендер өздөрүнүн жубайларына бардык кийимдерибизди сатып алышты.
– Сизге атаандашкандар, бут тоскондор барбы?
– Бут тосуу, атандашуу болгон жана боло берет. Андай болбосо өнүкпөйсүң, күчтүү да боло албайсың. Кыргызстанда негизи текстиль тармагында атаандаштык күч. Кымбат, модалуу, саркеч кийимдерди биз эле тикпейбиз да. Биздин костюмдарга, көйнөктөргө окшоштуруп башкалар да тигип жатышат, бирок бизге салыштырмалуу арзан сатышат. Бул бизди эч кандай ойлонтпойт. Анткени "Dilbar" бренди алардан кездемесинин сапаты, тигилиши, уникалдуу дизайны менен айырмаланат.
– Жолдошуңуз сценарист Талгат Асыранкулов да чыгармачыл адам эле. Агай бул дүйнөдөн өтүп кетти, ал киши менен кандайча табышып калгансыз?
– Москвадан Фрунзеге келгенимде Гапар Айтиев атындагы музейде жаш сүрөтчүлөр арасында көргөзмө болуп калды. Мен да өзүмдүн студент кездеги бир нече эмгегимди койдум, Талгат дагы сүрөттөрүн алып келиптир. Ал биринчи менин акварель менен тартылган натюрмортума кызыгып калды, анан экөөбүз таанышканбыз. Мен үчүн, балдарым үчүн атабыз бүтпөс дастан эле. Талгаттын бизди таштап кеткенине балдарым дагы, мен дагы ишенгибиз келбейт, бир күнү кирип келчүдөй сезиле берет. Улуу балам Арсен 22 жашта, азыр Кытайда окуйт, ортончусу 7-класста, кичүүсү 2-класста окуйт. Балдарына камкор ата, мага кеңешчи, кесиптеш эле, азыркыга чейин өзүбүзгө келе элекпиз.
– Билишимче, өтө энергиялуусуз, дагы кандай мүнөздүн ээси болосуз?
– Чарчабаган, чыдамкай, оптимист, укмуштуудай романтик, кыялы алып учкан кыялкечмин.– Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз!
Кино тармагына салым кошкон сценарист, режиссёр Талгат Асыранкулов көзү өткөнгө чейин жубайы Дилбардын ишмердигин дайыма колдоп келген.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg