Мезгил үнү
Жогорку окуу жайларынын биринчи, экинчи, үчүнчү курстарынын студент жигиттери учурда тагдырга нааразы болуп жүрүшкөн чагы. Анткени өкмөттүн токтому менен жогорку окуу жайлардагы аскердик кафедралар жоюлду. Мурун студент жигит окуу жайынан диплом менен катар аскердик билет, ал эле эмес, кенже лейтенант наамын алып чыкса, эмки студенттер мындай мүмкүнчүлүктөн куру калышты.
ЗАРЫЛЧЫЛЫКПЫ ЖЕ КОШУМЧА КАРАЖАТ БУЛАГЫБЫ?
Жогорку окуу жайларынын алдындагы аскердик факультеттер менен кафедраларды жоюу тууралуу токтомго өкмөт башчысы 2010-жылдын 19-январында кол койду. Коомчулукка жарыяланары менен бул токтом кызуу талкууга алына баштады. Анткени эми кадимки аскердик билет алуу үчүн 18 жаштан 27 жашка чейинки жигиттер 12 000 сом төлөп, бир ай мөөнөттө чакырылуучу мобилизациялык резервде күжүрмөн даярдыктан өтүүлөрү керек. Ал эми офицердик наам алууга муктаж жигиттер 24 000 сом төлөп, эки айлык күжүрмөн даярдыктан өткөн соң гана тиешелүү аскердик күбөлүктү ала алышат. Ошондой эле запастагы офицердик наамын алуу мүмкүнчүлүгү каалагандын баарына эле берилбейт. Ал үчүн жаран жогорку билимдүү болушу шарт. Аны менен катар үй-бүлөлүк шарты, ден соолугу, жүрүм-туруму туура келиши керек. Бул токтомдун келип чыгышына эмне себеп болду? Коргоо министрлигине кошумча каражат булагы керек болдубу? Министрлик айтып жаткандай, бул токтомдун чын эле пайдасы барбы? Эми аскердик кафедраларда сабак берип жүргөн кызматкерлердин тагдыры эмне болот? Айтор, мындай суроолор биздин көптөгөн окурмандарыбызга тынчтык бербей жатыптыр. Андыктан ушул суроолорго жооп издедик.
“ЗАПАСТАГЫ ОФИЦЕРЛЕРДИН КӨПЧҮЛҮГҮНҮН ДАЯРДЫГЫ НАЧАР”
"Бүгүнкү күндө аскер факультеттери менен кафедралар даярдап чыгарган офицерлердин саны биздин керектөөбүздөн алда канча көп",- деп кеп баштады Коргоо министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын башчысы, полковник Батыр Кадыров.
Буга чейин Кыргызстандагы 46 жогорку окуу жайынын студенттери запастагы офицерлерди даярдоо боюнча күжүрмөн даярдыктан өтүп келишкен. Орто эсеп менен жылына 4 миңден ашуун студент офицердик наам алып чыгышчу. Өткөн жылда бүтүргөн
4 миңден ашуун кенже лейтенанттын ичинен болгону 14 гана адам Куралдуу күчтөрдүн катарына чакырылып, кызмат өтөй баштады. Андыктан республикабыздын аскер комиссариатында каттоодо турган запастагы офицерлердин саны мамлекеттин мобилизациялык талаптарынан 20 эсе көптүк кылат. Анын үстүнө мындай жол аркылуу наам алгандардын көпчүлүгүнүн даярдыгы талапка жооп бербейт. Ошондуктан аскердик кафедралардын жоюлушу туура иш болду. Муну менен запастагы офицерлердин саны кыскарып, сапаты жакшырат.
– Ал эми аскердик кафедраларда окуп жаткан студенттердин күнү эмне болот?
– Алар окуусун улантып, аскердик күбөлүккө ээ болушат.
ЭМИ ЗАПАСТАГЫ ОФИЦЕРЛЕР КАНТИП ДАЯРДАЛАТ?
“Аскердик кафедралар жоюлса эле запастагы офицерлерди даярдоо иши токтоп калбайт”,- деп билдиришти Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан. “Жылдагыдай эле быйыл да аскерге чакырык апрель айынан башталат. Кадимки аскердик күбөлүккө ээ болгусу келген жигиттер чакырылуучу мобилизациялык резервде бир айлык, ал эми офицердик күбөлүк алгысы келгендер эки айлык күжүрмөн даярдыктан өтүшөт. Учурда жоокерлер бир жыл кызмат өтөшөт. Бара-бара бул да жоюлуп, жалаң контракттык негизде аскердик кызмат өтөө жолуна өтүшүбүз мүмкүн. Келишимдик негизде аскер кызматын өтөгүсү келгендердин баарын эле кабыл ала бербей, Коргоо министрлигинде тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Башкача айтканда, жарандын аскердик адистигине, үй-бүлөлүк абалына, ден соолугуна көңүл бурулат”,- дейт маалымат кызматынын башчысы, полковник Алмаз Бейшеев.
КАФЕДРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ТАГДЫРЫ ЭМНЕ БОЛОТ?
Коргоо министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын башчысы полковник Б.Кадыровдун айтымында, жоюлган аскердик кафедраларда эмгектенген кызматкерлер жумушсуз калышпайт. Аларга аскердик окуу жайлардагы бош орундар сунушталат. Ал эми кафедралардын техникалык базасы да аскердик окуу жайларына өткөрүлүп берилет.
ГЕНЕРАЛ КАНДАЙ ПИКИРДЕ?
“Жогорку окуу жайларынын алдындагы аскердик факультет, кафедралардын жоюлушу туура чечим болдубу?” деген суроо менен биз Улуттук гвардиянын мурунку кол башчысы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаевге кайрылдык.
"Мен бул маселе тууралуу комментарий бербей эле койсом жакшы болмок. Анткени айткандарым катуу сын катары кабыл алынып калууда"-, деп алгач кыйылган генерал акыры өз оюн билдирүүгө макул болду.
– Мамлекеттик башкаруу, президенттик аппарат, Жогорку Кеңештен тартып бүткүл Кыргызстан боюнча бардык структураларда реформа жүргүзүлүп жатпайбы. Аскерий кафедралардын жоюлушу ошол реформанын чегинде жасалып жатат. Бизде атайын аскердик окуу жайларында, ага кошумча чет өлкөлөрдөн аскердик билим алып жаткан студенттерибиз бар. Демек, кадрлар тарабынан жетишсиздик маселеси жок. Запастагы офицерлердин саны талаптан ашыкча дегенге кошулам. Бирок престиж үчүн болсо да жок дегенде бир кафедраны калтырып коюшса болмок. Жогорку окуу жайларындагы келечекте аскер кызматкери болом деген активист, алдыңкы студенттерди окутуп, даярдап турса жакшы болор эле.
СТУДЕНТТЕР НААРАЗЫ
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин юридикалык факультетинин 1-2-3-курсунун студенттери бул токтом чыккандан бери көптөгөн суроолорго жооп таппай баш катырышууда. 3-курстун студенти Г.Маматова менен 2-курстун студенти А.Султанбаев:"Биз окууга тапшырып, өткөн кезде абитуриент менен окуу жайынын ортосунда келишим түзүлгөн. Анда Улуттук университеттин студентинде университеттин алдындагы аскердик кафедрадан эки жылдык күжүрмөн даярдыктан өтүп, запастагы офицер наамын алууга мүмкүнчүлүк бар экендиги көрсөтүлгөн. Эми аны жоюп салышты. "12 000 сом төлөп, бир айлык даярдоо курсунан өтүп, аскердик билет ала аласыңар" деп түшүндүрүштү. Бизде окуу акысынан тышкары 12 000 сом төлөө мүмкүнчүлүгү жок. Экинчиден, бир ай ичинде эмнени үйрөнөбүз? Күжүрмөн даярдык тургай сапка туура тизилгенди да кыйратып үйрөнбөсөк керек. Анда акча кетирип кереги эмне? Башка кесиптин ээлерине караганда да юристтерге аскердик билет, офицердик наам зарыл нерсе. Диплом менен катар запастагы офицердик наам алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калганыбызга бушайман болуп жатабыз. Окуу жайы менен абитуриенттин ортосундагы келишим бузулду. Буга ким жооп берет?",- деп суроо салышат.
Шаиста Шатманова
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА АСКЕР КАФЕДРАЛАРЫНЫН
ЖОЮЛУШУ ТУУРА ЧЕЧИМ БОЛДУБУ?
Ынтымак,
20 жашта, студент:
– Менин оюмча, айрымдарга бул чечим ыңгайлуу, ал эми кээ бирлерге ыңгайсыз болушу мүмкүн. Мен үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты. Окуум менен аскердик кызматты чогуу бүтсөм жакшы болмок. Досторум деле ушундай пикирлерди айтып кейип жатышат.
Зарлык,
75 жашта, мугалим:
– Туура эмес чечим чыгарышты. Бул чечимдин айынан канчалаган адамдар жумушсуз калышты. Мамлекет элин бакпай эле курутуп бүтмөй болду. Окуу жайлардан аскердик кафедраны жойгонго жараша милдеттүү түрдө армияга баруу тууралуу чечим чыгарса болмок.
Ниязбек,
56 жашта, социолог:
– Бул туура эмес чечим. Окуу жайларда сөзсүз түрдө аскердик кафедра болушу керек. Ал эми жанагы айтып жатышкандай бир ай барып кызмат өтөө аскердик кызматка жатпайт. Бул жөн гана акчаны талаага ыргыткандык. Өкмөт бул маселени кайрадан карап чыгышы керек.
Акыл,
22 жашта, студент:
– Мен армияга барып кызмат өтөп келдим. Менин оюмча, балдардын армияга барып кызмат өтөп келгени эле жакшы. Анткени чыныгы эркектик мүнөз армиядан түптөлөт деп ойлойм. Анын үстүнө ар бир кыргыздын эр жигити кокустук болуп кетсе, мекенин коргоого милдеттүү.
Жаныбек,
42 жашта, куруучу:
– Жигиттерди мурдагыдай армияга барууга милдеттүү кылып койсо болмок. Азыр альтернативдик деп жарымы армиядан качып жүрсө, жарымы акча төлөп коюп аскердик билет алышат экен. Кокус мекенди коргоого туура келсе, акча берип баш тарткандар да чыгабы деп кооптоном.
Айбек,
28 жашта, экономист:
– Азыр көпчүлүк эле жигиттер армияга баруудан баш тартышат. Окуу жайларында аскер кафедралардын болгону эле жакшы болчу. Аз болсо да тартип деген эмне экенин билишет. Ал эми акча берип бир ай кызмат өтөп коюу жөн гана министрликтин акча чогултуусу деп эсептейм.
Эмил,
18 жашта, студент:
– Бир чети жоюлганы деле жакшы болду. Угушумча, каалаган учуруңда барып, бир ай же 17 күн аскер кызматын өтөп келсең болот экен. Буга 12 миң сомдой төлөйт экенбиз. Буюрса, мен деле жайкы каникулга чыкканда барам.
Бахияна Сатылганова