МАКSИМ

– МакSим, алгач өзүң тууралуу айта кетсең?
– Менин толук атым – Марина Максимова. Татарстандын Казань шаарында төрөлүп өскөм. Апам тарбиячы болуп иштейт. Атам машинанын тетиктерин оңдоочу адис. Жалгыз Максим деген агам бар. Ал экөөбүздүн мүнөзүбүз карама– каршы. Мен шок болсом, ал өтө токтоо. Учурда Максим үйбүлөлүү, бир баласы бар. Ал эми МакSим деген менин сахнадагы псевдонимим.
– Бул псевдонимге кандайча ээ болуп калгансың?
– Мектепте окуп жүргөнүмдө абдан шок болчумун. Эмнегедир кыздардан да балдар менен ойногонду жакшы көр­чү­мүн. Мындан тышкары, спорт ийриминде каратэ менен ал­ты жыл машыгып жүрүп, “кызыл курдун” ээси болгом. Бир жолу бир бала менен мушташа кетип, колун сындырып салганым эсимде. Балдардыкына окшош мүнө­зүмдөн улам Казандагы досторум мени МакSим деп коюшчу. Кийин ырчы катары тааныла баштаганымда досторум ыйгарган кличка МакSим боюнча калууну чечкем.
– Ал эми чыгармачылыкка кандайча аралашып калдың?
– Чыгармачылыкка мен окуучу кезимден эле кызыгып келем. Вокал ийримине катышканыма байланыштуу сабакка да кечигип басып жүрчүмүн. Анткени, окуумдан да чыгармачылыгымды артык көрөр элем. Мектеп арасында уюшулган конкурстар менсиз өтчү эмес. Мерайа Кери, Селин Дион, Уитни Хьюстон, Жанна Агузаровалардын ырларын берилүү менен аткарганым эсимде. Баарынан кызыгы, эркектей мүнөзүм менен мектеп арасында өткөн сулуулар конкурсуна катышып жеңип алгам.
– Сен өзүң да ыр жазат эмессиңби. Эми ошол ыр жазууга өтүүңө эмне себеп болгон?
– Белгилүү ырчылардын ырларын ырдап, бир нече конкурска катыштым. Кийин эмнегедир өзүм ыр жазып, өзүм аткарсам деген ниет пайда болду. Ошондон кийин ыр жаза баштадым. Мааниси келишпесе да уйкаштырып эле жаза берчү адатым бар эле. Бирок, “аракетке берекет” дегендей, бара-бара ырларым оюмдагыдай жарала баштады. Алгачкы “Чужой”, “Заведи” аттуу ырларым учурунда Казанда бир топ популярдуу болгон эле.
– Ата-энең чыгармачылыгыңа кандай карашат?
– Ата-энем менин юрист болгонумду каалашчу. Башында өзүмө да бул кесип абдан жакчу. Бирок, музыкага болгон кызыгуум басымдуулук кылып кетти көрүнөт. Муну ата-энем түшүнүү менен кабыл алды. Казань шаарындагы окуу жайдын бирине сырттан тапшырып койгом. Сессиям болгондо ата-энеме барып турам.
– Туулган жериңди таштап Москвага келе бергениңдин себеби эмнеде?
– Эгерде мен Татарстанда жүрө берсем азыр популярдуу болуп калмакмын. Бирок, мага ал аздык кылды. Москва деген баары бир чоң шаар, өсүүгө болот дегендей. Москвадан мен издегенимди табам деген тилек менен келгем.
– Алгач чыгармачылыгыңа ким колдоо көрсөткөн?
– Москвага келгенимде жашай турган жерим, иштей турган ишим да жок болчу. Кокусунан эле вокзалдан тааныш кызга жолугуп калдым. Бир нече убакытка чейин ошол кыздыкында жашап жүрдүм. Андан кийин таланттуу музыкант балдар менен таанышып, алар менен кошо көчө­дө ырдай баштадым. Анда мен эч кимден уялчу да эмесмин. Тескерисинче, ушун­чалык шайыр болчумун. Кандай жол менен болсо да шоу-дүйнөсүнө аралашып кеткенге бардык аракетимди жумшадым. Татарстанда белгилүү болгонум менен Москвада ал кезде мени эч ким таанычу эмес. Ошондуктан, баарын башынан баштоого туура келген.
– Орус шоу-дүйнөсүнө кандайча аралашып кеттиң?
– Тааныш музыкант бала менин ырларым жазылган дискти үн жаздыруучу бир компанияга жиберген. Алар ырларымды угуп көрүшүп, мени менен иште­шүүгө келишим түзүшкөн. Ошондон кийин 2005-жылы күзүндө “Трудный возраст” деген ырымды жаздырдым. Мага ийгиликтин эшигин дал ошол ырым ачкан десем болот. Анткени, ырым радиодон кете баштаганда эле сүйүп уккан угармандарым пайда болгон. МТV каналынан ырымдын клиби тынбай кете баштады. Андан көп узабай “Нежность” аттуу ырымды жаздырдым. Ушул ырым 2006-жылдын хит ыры болуп табылып, көптө­гөн ийгиликтерге, анын ичинде “Золотой Грамофонго” татыктуу болдум.
– Ушундай ийгиликтерден кийин жылдыз оорусуна чалдыккан жоксуңбу?
– Жылдыз оорусу менен мен Казанда окуп жүргөнүмдө ооругам. 14 жашымда бир нече конкурстардын жеңүүчүсү болгонумда, өзүмдү жылдыз элестетип алгам. Бир жолу “Hi-Fi” тобу конокко келгенде, биз аларга өзүбүздүн өнөрлө­рү­бүздү тартуулаганбыз. Ошондо мен өзгөчө көрктүү көйнөк кийип ырдагам. Курбу кыздарым мага абдан суктанышкан. А мен болсом өзүмдү бийик сезип, такыр эле болбой калгам. Курдаштарым ошондогу менин жоруктарымды айтып күлүп калышат.
– “Тату” тобу менен болгон келишпестиктер жөнүндө айта кетсең.
– Ортобузда чоң деле келишпестиктер болгон эмес. Болгону менин биринчи ”Заведи” аттуу ырымды бир жеке үн жаздыруучу компания уруксатсыз “Татунун” ырларына кошуп сатыкка чыгарып салыптыр. Ошондо “Татунун” кыздары менен жолугушуп, ызы-чуунун чоо-жайын тактаган элек.
– Учурдагы мамилелеш адамың жөнүн­дө билсек болобу?
– Азырынча мамиле курган адамым жок.
– Негизи сүйүү сезимине кабылдың беле?
– Кабылгам. Орус актёрун сүйүп калгам. Атын атабай эле коёюн. Андан көрө биринчи сүйүүм тууралуу айтып берейин. 10-классымда бир кезде “Ласковый Май” тобунда иштеген музыкант балага биринчи сүйүүмдү арнагам. Чыгармачылыгыма анын жардамы көп тийди. Москвага келгениме да ошол себепкер. Бирок, ал менин ырчы болгонумду каалачу эмес. Анткени, ал “кыздар популярдуулукка шоу бизнесмендери менен мамилелеш болгондо гана жетет” деп ойлочу.
– Чыгармачылыктын чыйыр жолунда са­га ушундай сунуштар болгонбу?
– Болгон. Бирок, мен андай адамдар менен мамиле курбайм. Анткени, чыгармачылыгыңа кызыкдар болуп, сени сыйлаган адам эч убакта мындай сунуш жасаганга барбайт.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 220, 19-25-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан