ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Кызматым бүтүп кайра Америкага кеттим. Атам мага ишин ишенип тапшыра албады. Бир эң чоң дүкөнүнө башкаруучу кылып койду эле, 2 айдай араң иштедим. Күндө эле бир иш кайталана берген мен үчүн эмес экен. Кыскасы, ордумду мурунку башкаруучуга тапшырдым да, эч кимге айтпай Таллахасси деген шаарга кетип калдым. Досум бар эле, өзүнүн туристтик агенттиги, Майамиде 2 чоң отели жана бир канча мотелдери бар. Ошону менен кеңешип өзүмчө бир бизнес ачсамбы дедим. Ки-Уэст шаарында 200 гектар жер фермерлерден сатылып алынып эс алуучу чоң комплекс курулат деген сөз жүрүп жаткан. Досум шериктери менен ошол жерге туристтер үчүн пираттардын шаарчасын курабыз деп жүргөн. 300 миң долларлык бир долбоорду «кааласаң ал, башка эч кимге бербейли» дегенинен дароо эле макул болдум. Ал долбоордо илгерки пираттардын кемесин дал өзүндөй кылып жасап, жээкке коюш керек экен. 1 айда башталат экен, ошого чейин кайдан акча тапсам деп ойлоно баштадым. Атама айткан менен бербейт эле. Оюма дароо эле ушул үй келди.
Өзүм бай үй-бүлөдөн болгондуктан досторум да байдын балдары эле. Болгон досторумдун баарына бардым. Бирок эч кимиси берген жок, ишенишпейт да мага. Ойлоп көрсөм жашым 25ке барып калыптыр, өзүмдүн эч нерсем жок экен. Досторум токтолуп, алды өзүнчө иштеп калышыптыр, бир-экөө мага тимеле акыл үйрөтүшөт. Өзүмө-өзүм аябай нааразы болдум, же досторума өчөштүмбү билбейм, кантип болсо да акча таап булардын көзүнө көрүнөм дедим.
Акча издеп канча жерге бардым, эч майнап чыкпады. Акыры Ооганстанга келмекчи болдум, акча жер төлөдө турчу. Оңой эле алып чыксам болот эле. Себеби жер төлөнүн арт жагында бир кичине терезеси бар, адам оңой эле батат. Ал жагы дээрлик каралбайт деле. Бак менен оңой эле барсаң болот. Эч кимге айтпай жасалма паспорт жасатып, Ооганстанга турист катары учуп келдим. Оогандардын кийимин таптым. Түндө ээнирээк жакка чыгып кийинип, крем менен гримденип алдым. Мени эч ким америкалык деп ойлобойт эле. Үнү чыкпаган Израилдин кол автоматын, бычак таптым. Түндөп Пули-Хумриге келип, үйгө келдим.
Жер төлөнүн терезесинен оңой эле кирдим. Бул үйдүн сакчылары эч ким даап келе албайт деп көңүл ток жүрүшө турган, билбеген адам кире албайт эле. Сейфтин комбинациялары өзгөрбөптүр, ушундан корктум эле, эски боюнча эле экен, акчаны алып жер төлөдөн чыгып бакка кирип кеттим. Бакты аралап ортосуна жетип калгам, сакчылар топурап кыйкырып, ары-бери чуркап калышты. Азыр ойлосом сейфтин сигнализациясы болуп, ошол иштеп кетип билинип калган окшойт. Сакчылар дароо эч ким чыгып кете албай тургандай кылып коргонду курчап калышты. Мен бактарды сугарган арыкка жатып калдым, бакты бир четинен тинте башташты окшойт, маал-маал бир нерселерди рация менен сүйлөп коюшат. Арык чоң эле экен, арык менен сойлоп барып чоң сууга жетип алдым да, жардын түбүнө камыштардын арасына пистолетти, рюкзакты бекитип, өзүм камыштан кичине түтүк жасап сакчыларды карап турдум. Сакчылар жакындап келгенде сууга түшүп, түтүк менен дем алып турам да, кетери менен кайра чыгып камыштын ичинде бекинип отурам.
Суу өтө эле муздак экен, түндө аябай суук да болуп кетет, аябай үшүдүм. Колдорум кымтууга келбей калды. Сакчылар дагы суунун жээгин текшерип келатышканда сууга кирип баратып бутум тайып эки чоң таштын ортосуна кыпчылып, оң бутум санымдан сынып кетти. Эсим ооп калыптыр, мени кантип байкабай калышты билбейм, өзүмө келсем камыштын арасында жатыптырмын.
Эми бул жерден качып чыгыш мүмкүн болбой калды. Айлам кеткенде Жон Макфеллге чалдым. Атамдын досу эле, жардамын аябас дедим. Алып чыкса көп акча береримди айтсам аябай ачууланды, сөгүнүп-сагынып жатып макул болду.
Мен көп адам менен келип алып кетет деп ойлогон элем. Сен жалгыз келгенде бир нерсени жүрөгүм сезген.
Сакчылар таңга чейин 10 жолу менин жанымдан өтүштү окшойт, күндүзү да кайра-кайра сууну бойлоп издеп жатышты.
Алардын сени байкабаганы, сенин алдыңда дрон чымчык учуп жүргөн. Сага тоскоол боло турган сакчыларды атып уктатып коюп жатты да. Аткан адамдар 2 саатка чейин уктай берет, ойгонгондо да 1 сааттай кыймылдай албай же сүйлөй албай жатышат.
Калганын өзүң билесиң. Мен өлсөм да эч кимдин оюна келбейт америкалык экеним, кийимим, өңүм оогандарга окшоп турса. Бир ооган ооруп өлүп калыптыр деп көмүп коюшат, болду.
Мунун баарын угуп айлам кетип отуруп калдым. Кара кийингендер бизди издеп жүрүшкөн турбайбы. Базага кайра бара албасам, бул жерде таанышым жок болсо, тынч мамлекет болсо да бир жөн, согуш жүрүп жатса.
– Эмне кылабыз, Майк?- айлам кетип Майкты карадым.
Майк жооп бербестен асманды карап жатып калды. Бир аздан кийин:
– Ганни, базага барам деп ойлобо, бизде мындайга өтө катуу турушат. Америкалыктардын кымындай да зыяны жергиликтүү тынч жашап жаткан адамдарга тийбеши керек. Мен да бул жакка 5 жылга чейин келбешим керек эле. Аскердик кызмат кылган мамлекетке 5 жылга чейин келүүгө укугу жок адаммын. Бир мен деп бүт базаны жаманатты кылгандан көрө мени тынч эле жок кылабыз деп чечишиптир да. Сен да билип калдың, элге жайылып кеткенден коркушат. Ошого сени да жок кылышы мүмкүн.
– Эмне кылабыз анда, каякка барабыз?
– Мен эми эч жакка барбайм, менин бул жакта экенимди атама деле айтышпаса керек. Бир жагынан атам деле менден жадады, канча кыйнадым. Билген күндө деле жардамга келбейт болуш керек. Сен акчаны ал да, эптеп үйүңө жетип ал. Акчаң болсо чечилбеген маселе болбойт. Мен таңга жетпейм эми, дарым түгөндү, бычагыңды ыргыт. Базадагыларга таптырбай, дайынсыз кетишиң керек.
Көңүлүн көтөрөйүн деп бир нерселерди айтайын десем Майк «эс алайын» деп койду эле, унчукпай жатып калдым. Ар нерсени ойлонуп жатып уктап кетиптирмин...  

(Уландысы кийинки санда)

 

Субан Жуманалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
maisalbek_93kg
2016-06-20 09:32:44
Мен биринчи
+1
Patriot..kg
2016-06-20 10:01:58
Ыы кызык жерине келди
+1
Siren.ms
2016-06-20 10:23:12
жомок
-2
Gulza2014
2016-06-20 10:38:28
Абдан кызыктуу экен... эми эмне болот байкуш алданыптыр да
+1
belka
2016-06-20 11:53:15
Сонун чыгарма киного окшош.
0
adi.sumi
2016-06-20 15:51:26
Сериалдын темасы аныкталды. Ошо акчаны алып келеткенда Эми эптеп. Ошо айттим ооганстандан кандай белек болоткен деп
+2
adi.sumi
2016-06-20 15:52:17
Ой не кетпейтат менден
+1
Bermet_Kasymova
2016-06-21 03:38:05
Кызыктуу экен аябай. менимче КРга келгенден кийин Оогандан бир коокунучтуу белек келет окшойт. анан окуя ошондон ары онугот. а то аз болуп эле бутуп калбайт да. Кара поястагыдай жакшы детектив экен.
+1
stervella415
2016-06-22 16:40:39
Iii baikuw maik,olot ekenda
-1
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан