Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!
Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.
ЖУМАДИЯР КЫЗЫ АЙНУРАЖашы – 21
Параметри – 85-68-90
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Учурда – Борбордогу сулуулук салондорунун биринде визажист болуп иштейт
«ӨЗҮМӨ ИШЕНГЕНДИКТЕН СЫНАККА КАТЫШТЫМ»
БЕГАЙЫМ СУЛАЙМАНОВАЖашы – 22
Параметри – 88-69-91
Бою – 172 сантиметр
Салмагы – 58 килограмм
Учурда – Убактылуу бош
«СЫНАК ҮЧҮН КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНӨМ»
– Бегайым, сүйлөгөндө кыргыз тилинен бир аз кыйналат экенсиң?
– Ооба, шаарда төрөлүп, шаарда өскөм. Анын үстүнө үйдөгүлөр да орус тилинде сүйлөшөт. Буюрса, эми сынакка катышуу үчүн кыргыз тилин үйрөнүп, кыргыз тилинде сүйлөп баштайм. Сулуулар сынагына мурун катышып көргөн эмесмин. Ушундай мүмкүнчүлүк болуп жатканда өзүмдү сынап көрүүгө эмнеге болбосун?
– Байкашымча, музыкага жакын окшойсуң?
– Мени кичине кезимде эле апамдар кызыбыз ар тармактуу өссүн деп окуудан сырткары көркөм гимнастика ийримине берген. Андан кийин «Шаттык» бий ансамблинде бийлеп жүрдүм. №8-музыкалык мектептин фортепиано бөлүмүн аяктагам. Учурда гитарада ойногонду үйрөнүп жатам. Андан сырткары сайттардын башкы бетин жасап жүрөм. Сиз баамдагандай эле, искусствого жакынмын. Кино көрүп, китеп окугандан ырахат алам. Быйыл Кыргыз улуттук университетинин экономикалык башкаруу бөлүмүн аяктадым.
SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Айзада 115 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Айчүрөк 40 добушка ээ болду.