ИНТЕРНЕТМоралфаг – (англисче moral fag), социалдык тармактардын негативдүү колдонуучусу. Моралфагдар ошол эле социалдык тармактардагы кыйыр айтылган ойду же тамашаны түшүнбөй, ага ачуулануу менен пикир калтыргандар. Алар адатта коомдо талкууланып жаткан тамашалуу же популярдуу окуяларга ачуулуу, агрессиялуу комментарийлерди көп жазышат. «МДК», "4ch" сыяктуу белгилүү пабликтердин мүчөлөрү моралфагдарды жек көрүшөрүн көп жазышат. Себеби бул пабликтерде дал ушул колдонуучулардын ачуусуна тийген темалар талкууланат.
КООМГуру – (санскрит түшүнүгүндө көптү билген адам) белгилүү бир тармакта эң жогорку тажрыйбага ээ, өзүнүн артында шакирттерин тарбиялап калтырган адамды айтышат. Акыркы учурда ар түрдүү тармакта дасыккан адамдарды ушундай атап келишет. Мисалы, «кулинария гурусу», «пикап гурусу» же «секс-гуру» деген сөздөр менен адамдарды сыпаттап жүрүшөт. Демек, сизди өз адистигиңиздин гурусу экениңизди айтып калышса, төбөңүз көккө жетип, көкөлөп кубана берсеңиз болот.
ТЕХНИКАЧип-тюнинг – (англисче «chip» – микросхема, «tuning» – тууралоо), автоунаа кыймылдаткычтарынын программасын заманбап үлгүдө тууралоо, иштеп чыгуу же оңдоо. Чип-тюнинг автоунаанын түзүлүшүн өзгөртпөстөн туруп, анын мүнөздөмөсүн жакшыртуучу эң жеткиликтүү ыкма. Мындай ыкма менен унаанын кыймылдаткыч күчүн жогорулатууга, унаанын көп «май ичишин» төмөндөтүүгө, мотордогу иштелип бүткөн газдын уусунан арылтууга болот. Автосервисте мындай ыкма менен кызмат көрсөтүүчүлөрдү тюнерлер деп коюшат.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg