НАСЫЯ АЛУУДА ЭМНЕГЕ МААНИ БЕРҮҮ КЕРЕК?

Калкыбыздын басымдуу бөлүгү муктаждыгын чечүүдө же жаңы иш баштоодо насыя алуу жардамга келет. Насыя алууда эмнелерге көңүл бөлүү керек, нюанстары жана керектүү маалыматтар жөнүндө "ФИНКА Банк" ЖЧКсынын аймактык операциондук менеджери Жамалдин Буваев менен маектештик.

– Жарандар насыя алууда эмнеге биринчи маани берүүсү керек?

– Алгач насыяны эмнеге алып жатам деген муктаждыкты аныктап, өзүнүн киреше-чыгашасын эсептеп алуусу керек. Ошондой эле насыянын мөөнөтү, пайыздык чендери жана башка шарттары тууралуу маалыматты толугу менен билүүсү шарт.

– "Пайыздык ченге маани берүү керек" дедиңиз. Көпчүлүк бул чендер кандайча түзүлүп, эмнеден көз каранды экенинен кабардар болбосо керек?
– Насыялардын пайыздык ченинин өлчөмү банкка тартылган насыя каражаттарынын баасы, резервди түзүүдөгү жана операциялык чыгашалар, компаниянын маржасы менен насыянын баасынын түзүлүшүнөн келип чыгат. Алардын ар бирине кыскача токтолсок:

  • Тартылган капиталдардын баасы. Бул банктагы физикалык жана юридикалык жактардын депозиттик эсептери жана чет өлкөдөн тартылган насыя каражаттар. Өлкөбүздө депозит каражаттар 17-18%, ал эми тартылган каражаттар орточо 21-22%ды түзөт.
  • Насыялык чыгашаларга королуучу чыгашалар резерви. Насыя берүүдө каражаттар кайра кайтарылбай калуу тобокелдиги болгондуктан, КРУБнын талабына ылайык банктар мындай резервди түзүүсү керек.
  • Операциялык чыгашалар. Бул банктын кызматкерлерине, имараттын ижарасына, транспорт, маркетинг жана башкаларга кетүүчү чыгашалар.
  • Маржа. Бул банкка түшкөн киреше. Ал компаниянын мындан ары иштөөсүнө, өнүгүшүнө жумшалат. Анткени кардарлар жана инвесторлор ийгиликтүү иштеген банктарга гана ишенери белгилүү.

– Банктар кардарлардын активин алып коё алабы, алса кандай учурда?
– Банктар жеке адамга же бир канча адамдарга топтук насыя берет. Топтук насыя берүүдө күрөө коюлбайт, ал эми жеке насыя берүүдө алган суммасына жараша күрөө коюлат. Күрөөгө коюлган активдер менен иштөө – бул насыя алуучунун башка жол таппай калганда банктар тарабынан эң акыркы гана учурда колдонулуучу аракет. Банктарда кардарларды максималдуу коргоо үчүн кыймылсыз мүлктү сот аркылуу гана алуусу каралган, эл аралык "СМАРТ" системасына мүчө болгондуктан жоопкерчиликтүү баалардын түзүлүшү, кардарлар менен адилеттүү жана сый мамиледе болуусу менен бирге жеткиликтүү, түшүнүктүү маалымат берүүсү негизги орунда.
Банктардын насыя алган кардарлар менен иштөөдөгү негизги принциби кардардын Банк алдындагы насыя каражаттарын төлөө милдеттерин талаптагыдай аткаруусу саналат. Ал эми банк өзү тарабынан калыс, адилеттүү жана бардык кардарларына бирдей мамиле кылуусуна кепилдик берет.

– Кардарлардын төлөй алуу жөндөмдүүлүгү кантип текшерилет?
– Насыя алуудан мурда банк кызматкерлери кардарлардын төлөй алуу жөндөмдүүлүгүн дыкаттык менен анализдеп, текшерип чыгат. Мисалы, кардардын бизнесинин киреше-чыгашасын, насыянын суммасын канчалык төлөй алат жана башка ушундай суроолорду анализдеп чыгат. Жеке адамга берилген насыяларда кепил болчу адамдын да төлөй алуу жөндөмдүүлүгү текшерилет. Төлөө мүмкүнчүлүгү бул кардарларга насыя бөлүнүп берилишинин эң негизги фактору.

– Банктар насыя берүүдө жарандардын кредиттик тарыхына көңүл бөлүшөт. Дегеле кредиттик тарых деген эмне?
– Кредиттик тарых деген – бул жарандардын качан жана кайсы финансы компаниялардан насыя алгандыгы жана аны келишимге ылайык өз убагында төлөп жаткандыгы тууралуу маалыматтар. Эгерде сиздин кредиттик тарыхыңыз оңдуу болсо, анда сиздин имиджиңиз жакшы, банктар сизге ишенип, насыя берүүгө даяр. Ал эми тескерисинче болгон жагдайда насыя алууда оорчулук жаралат. Кредиттик тарых жарандардын жоопкерчилигинин деңгээлин аныктоочу көрсөткүч болуп эсептелинет.

– Эгер бир маселе жаралса, банк менен кардар ортосундагы көйгөйлөр кантип чечилет? Кардар кимге кайрылышы керек?
– Банк менен кардарлардын ортосунда жаралган талаш-тартыш маселелер болсо сүйлөшүүлөр менен чечилет. Насыя төлөөдө кыйынчылыктар болуп жатса, түзмө-түз банк кызматкерлерине кайрылуусу зарыл. Мисалы, FINCA Банкы кардарлардын ар бир арызын, кайрылууларын кылдаттык менен карайт. Банк өзүнүн кардарларын баалап, суроолорду түзмө-түз чечүүгө аракет кылат.

– Өтө оор абалдарда насыяны толугу менен кечип салуу же амнистия каралганбы? Ушундай сыяктуу учурлар катталабы?
– Банк системасында насыяны толугу менен чийип салуу кадимки эрежелерден тышкары көрүнүш. Бул өзгөчө гана жагдайларда гана колдонулушу мүмкүн. Мисалы, жаратылыш кырсыктары же кардардын аракетинен көз каранды болбогон жана финансылык мүмкүнчүлүгүн кемиткен учурларда гана каралышы мүмкүн. Ал эми кардардын ар кандай саясий иш-аракеттерге, жыйналыштарга, митингдерге катышуусу, өз оюн билдирүү бул ар бир жарандын укугу. Бирок эки тараптуу келишимди бузууга, өзгөртүү киргизүүгө же жокко чыгарууга негиз боло албайт. Банк кардар менен келишим түзгөн, демек, эки жак тең бул келишимди аткаруусу тийиш.

– Эгерде келишимди кардар аткарбай, алган насыясын төлөбөй жатса, банк кардар менен кандай иш алып барат?
– Мындай учурлар да кээде кездешет. Төлөө мүмкүнчүлүгү болуп өз милдеттерин аткаруудан баш тарткан учурда банк кардар алган насыясын эмне үчүн төлөбөй жаткандыгын аныктоо иштерин жүргүзөт. Кандай жагдай болгон учурда дагы банктар эң биринчи маселени мыйзам чегинде сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылат. Сүйлөшүү жолу менен чечилбеген меселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде каралат. Сот талаш туудурган маселелерди чечүүдөгү акыркы инстанция катары каралат.

– Маегиңизге рахмат. Бул маалыматтар көпчүлүк үчүн керектүү болуп, насыя тууралуу кенен билип алуусуна шарт түзөт деп ойлойбуз.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kamyr26
2016-06-21 11:19:59
Дуйно жузундогу адамдар алган кредитти толугу менен кутулам деп бироо крепилдик берсе анча акча дуйно жузундо жок экен бул деген адамдарды кулчулука же мулкун тартып алууга алып келет кудай сактасын кредит жаман нерсе экен жоон терим менен сезип коруп атам.
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан