"Учурда ичегилери узарып кеткендер көбөйүүдө, андай ооруларга операция жасалып жатыптыр" дегенди угуп Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун ичеги хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Абдрасул Калжакеевдин кабинетинин босогосун аттадык. "Баарына ич катуу күнөөлүү" деп баштаган анын маалыматын сиздер менен бөлүшөбүз. Мүмкүн бул оорунун белгилери сизде да болуп жүрбөсүн?
ИЧЕГИЛЕРДИН МИЛДЕТИ – ТАМАК-АШТЫ СИҢИРҮҮ
– Адамдын ичегилеринин жалпы узундугу 4-5 метрге чейин жетет жана ичке ичеги, жоон ичеги болуп бөлүнөт. Ичке ичегинин узундугу 3-5 метрди, жоон ичегинин узундугу 1-1,5 метрди түзөт.
Ашказан биздин ичкен-жеген тамагыбызды өзүнөн бөлүнүп чыккан зили (курамында туз кычкылы, ашказан суюктугу бар) менен эритип, майдалап, 12 эли ичегиге өткөрүп берет. Эритилип, майдаланган тамак – химус деп аталат. 12 эли ичеги өзүнө боордон куюлган өт суюктугу жана уйку безинен куюлган атайын суюктуктун жардамы аркылуу ашказандан келген тамактагы майлар менен ачуу заттарды эритип, ичке ичегиге өткөрүп берет. Ичке ичегиде тамактагы башкы керектүү азык-заттар канга сиңет. Жоон ичегиде канга негизинен суу, витаминдер сиңирилет жана калдыктарынан заң жаралат. Заң түз ичеги аркылуу сыртка чыгарылат.
Ичке ичегиден жоон ичегиге адамдын жеген тамагына жараша күн сайын болжол менен 2 килограмм химус өтөт. Булардан сиңбей калган калдык (заң) 300 граммга жакын.
"АДАМ АПТАДА 3 ЖОЛУДАН АЗ ИЧИН БОШОТСО, ДЕМЕК, ИЧ КАТУУ"
– Адамдын заңы убагында сыртка чык паса, анда ич катуу күтүлөт. Адам бир аптада ичин бошоткону 3 жолкудан аз болуп жатса ич катуу диагнозу коюлат. Кокус ич катуу өнөкөткө айланып кетсе, ич бошотуу мурункудан да сейректей баштайт. Ичти айдоочу дарыларды иче бергенде организм ошол дарыга көнүп, ичегилердин иштөөсү начарлайт.
ИЧ КАТУУНУН СЕБЕПТЕРИ
ИЧ КАТУУНУН БЕЛГИЛЕРИ
ЗАҢДЫН ИЧЕГИДЕ ЖЫЙНАЛЫП КАЛУУСУНУН ЗЫЯНДАРЫ
Организмдин ууланышы
– Топтолуп калган заңда бактериялар жана мите курттар көбөйүп, алар ууларды бөлүп чыгарат. Уулар жоон ичеги аркылуу канга сиңип, бүт организмге тарайт. Мындай учурда боор, тери, өпкө, бөйрөк да чыңалып иштейт. Уулануу өнөкөткө айланса организмде өзгөрүүлөр жаралып, оорулар келип чыгат. Мисалы, сасык тумоодон баштап аллергия, жүрөк-кан тамыр, тери, рак оорулары.
ИЧЕГИНИН ЧОЮЛУШУ, ОПЕРАЦИЯ ЖАСОО
– Убагында сыртка чыкпаган заңдар акырындап катып, ичегинин сезгенген жеринен ары жакшы жылбай ошол жерде топтоло баштайт. Ичегинин ошол бөлүгү акырындап оорлошуп, булчуңдарына күч келип алсызданат да, ичеги чоюла баштайт. Анын үстүнө адам аз кыймылдап, оорлошкон ичегинин чоюлуусуна кошумча болот. Алгач 3-5 сантиметрге чоюлса, акырындап бир метрге же андан да узун чоюлат. Ичеги канчалык узун болуп чоюлса, ичтин бошоосу ошончолук кыйындай берет. Адам дааратканада 30 мүнөт же 1 саат отура баштайт. Анткени жаңы заңдардын да ошол бөлүктөн ары жылышы кыйындайт. Акырында 5 жыл болобу, 10 жыл болобу заңдар жакшы чыкпай, ичеги бүтөлөт. Мындайда операция жасалып, чоюлган ичегилер кесилип салынат.
Андыктан ичегилердин улам узарып чоюла беришин токтотуу зарыл. Мисалы, текшерилип, дарылануу, туруп калган жана күчтүү (өзгөчө эттүү), бат даярдалуучу тамактарды, газдалган суусундуктарды жана таттуу азыктарды четтетүү, көп кыймылдоо, сууну 1 күндө 2-2,5 литрдей ичүү, гречканы, кара нанды колдонуу, жашылча-жемиштерди жана кактарды көп жеш керек. Ич узакка катса клизма жасатуу же ичегилерди суу менен тазалатуу (гидроколонотерапия) да зарыл. Негизи эле ич катууга жеткирбөө үчүн убак-убагы менен ичегилерди шлактардан арылтып туруу ар бир адамга керек.
Ичи катуу катып калгандардын айрымдары 5-10 күндөп, ал тургай 2-3 апталап дааратканага барбай калат. Акырында ичегилери иштебей калат. Мындайда да операция аркылуу иштебей калган ичегинин бөлүгү кесилет. Бизге келген бейтаптардын ичинде ичегисин жарым метрден тартып 1-1,5 метрге чейин кестиргендери бар. Жалпысынан 1 жылда биздин бөлүмдө ичегилери узарып операция жасаткандардын саны 200дөй. Ичинде 1 килограммдан 5-6 килограммга чейин таштай каткан заңды көтөрүп жүрө бергендерге күбө болобуз.
Ичегинин бүтөлүшүнүн жана иштебей калышынын белгилери: ичегинин толгоп оорутуусу, кусуу, желдин чыкпай калышы, ичтин көбүшү, дене табынын көтөрүлүшү жана башка. Андыктан операцияга жеткирбей, ичегилериңизге кам көрө билиңиз.
Канымжан Усупбекова
densoluk@super.kg