Гүлшан Коюкеева, Каныкейдин апасы:"ЖАКШЫ ЖАШАШЫМ КЕРЕК ДЕГЕН ТИЛЕГИНЕ ЖЕТТИ"

Гезитибиздин бул санында ырчылардын апаларын сөзгө тарттык. Каныкейдин апасы оор турмушта жашаганын, кызынын акыл-эстүүлүгүн айтып берди. Апасы менен сүрөткө тартып жатканда "Мен тууралуу эмне деди? Бир жолу окуп коёюнчу" деген ырчы апасынын айтканын окуп, көзүнө жаш алды.

"БАЛДАРЫМДЫ ЭРКЕЛЕТПЕЙ, КАТУУ КАРМАДЫМ"
– Каныкейдин элге таанылганына 10 жылдай болуп калды. Бул убакка чейин анын кандай үй-бүлөдө кантип чоңойгону тууралуу айтылды, жазылды. Антсе да көз алдымда чоңойгон кызымды менчелик эч ким билбесе керек. Кызым карапайым үй-бүлөдө чоңоюп, жашоого туура багыт алып, максатына жетти. Кичинесинде эле оюн жашырбай, бетке айткан өжөр кыз болчу. Айтканын аткарбай койсом, 3-4 жашында "Апа, азыр башымды дубалга, столго ургулайм. Ооруса сиздер күнөөлүү болосуздар" дей берчү. "Өзүң ургулап жатсаң, эмнеге биз күнөөлүү болобуз?" десем, "карап тургула, мен ургулайм" деп айтканынан кайтчу эмес. Кызымдын атактуулукту арттырышына өжөрлүгү, өзүнүн ою бардыгы себеп болду. Мектепте жакшы окуду. Балдарымды эркелетпей, катуу кармадым. "Тапшырманы аткар, жакшы оку, кечикпе" деген талап койчумун. Кызым элчилеп ойногон жок. Жайкы каникулда талаага чыгып кулпунай терип, алган 40 сомуна үйгө азык-түлүк сатып келчү. Биз бир күнү нан, кээде май калбаган жашоону баштан кечирдик. Ошол учурда ал "мен жакшы окушум керек, чет мамлекеттерди көрүп, жакшы жашашым керек" дечү. Кудайым тилегин берди, көп жерди кыдырды.

"БАТИРДЕН БАТИРГЕ КӨЧҮП ЖАШАДЫК"
– Мектепти аяктагандан кийин Кыргызстан эл аралык университетине тапшырды. Ага катар эле "вокалдан сабак алышым керек" деп Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына кирип, эки окууну тең ийгиликтүү аяктады. Студенттик күндөрүндө деле "муну кием, тигини алып бер" деген жок.
Кызым жатаканада, мен иштеген жеримде жашачумун. Каныкей ырдап, элге тааныла баштаган учур эле. Бир күнү келип "апа, батир карайлы" деди, батирден батирге көчүп көңүлүм калгандыктан кандай жерден батир чыгат деп ыйлагым келип, ойлонуп келе жаттым. Жаңы курулган имаратка алып келип, эч ким жашай элек батирди көргөзүп, "Ушул биздин үй болот. Буюрса, сатып алганы жатам, ишим жакшы болуп турса алабыз. Азырынча ушул жерде жашап турабыз" деди. Айткандай эле ошол батирди сатып алдык. Мага табышмак кылып үйгө алып келгенин эстеген сайын жүрөк бир болк этет, ошондогу кубаныч эске түшөт. Ал учурда Каныкейдин апасы экенимди билгендер "сыймыктанбайсызбы?" дешчү. Бүгүнкү күнгө чейин сыймыктанганымды, толкунданганымды ичимден чыгарбайм. Жөнөкөй эле кыз төрөдүм дейм. Эстүү болуп чоңоюп, максаттарына жетүүгө умтулуп, жүзүмдү жарык кылгандыгы үчүн сыймыктанам. Ал сыймыкты сөз менен жеткирип бере албайм.

"БИРИНЧИ ТАПКАН АКЧАСЫНА МАГА АЛТЫН ЧЫНЖЫРЧА АЛЫП БЕРГЕН"
– Кызым дискотекага, киного барып, ашыкча шапар тепкен жок. 2-курста окуп жүргөндө жаңы жылда Аяз кыз болуп иштеп 2500 сом акы алыптыр. Ошондо мага 1800 сомго алтын чынжырча белек кылган. "Кызым, өзүңө эле иштете бербептирсиң, бекер эле алыптырсың" десем, "атайын сизге алдым, алышыңыз керек" деди. Ошондо анын 2500 сому 25 000 сомдой туюлган. Алгачкы "Жүрөк сыздайт" деген ырын укканда таң калгам. Сөздөрүн угуп, өткөн күндөрүбүз, жашоо-турмушубуз көз алдыма тартылган. Ошондой жашоодон аксап калбай, ак эмгеги менен ийгиликке кадам таштап, кыйынчылыкты жеңе билгени үчүн сыймыктангам.

"ЭНЕЛИК БАКЫТКА БАЛКЫП ТУРАТ"
– Неберем 8 айга толгончо жанында жүрдүм. Каныкейден "эне болгон кандай экен?" деп сурасам, "энелик милдетиңизди аткарганыңызды эми сездим" дейт. "Баламды жакшы тарбияласам, эстүү кылып өстүрсөм, жакшы окутсам, уулум профессор болсо" деп тилек кылып жатат. Кызымдын келечекке койгон максаттары жакшы. "Жаңы чыгармаларды жаратсам, таланттуу балдарга сабак берсем" деген ойлорун ортого салат. Жараткандан анын тилеги кабыл болушун тилеп, бактылуу жашап жатканын көрүп топук кылам.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
aikokul14
2016-06-20 09:28:58
Кызынызга коз тийбесин,сиз дагы кызыныздын бактына аман болунуз!
+15
Palan4a
2016-06-20 10:10:19
Каныкейдин мурунку маектеринде да билинчуго, оор турмуш откоргону! Мындан ары бактылуу болгула!
+10
Siren.ms
2016-06-20 14:20:58
суротто аябай башкача болуп калыптырго Каникей а семирип алган окшойт
-4
Mahabbat
2016-06-20 15:39:42
Менин кумир туткан, эн жакшы коргон, ырларын суйуп уккан ырчым Каныкей. Мындан ары да чон-чон ийгиликтер каалайбыз, турмушта жумушта да
+6
owtu
2016-06-20 15:47:26
Atasy jonundo nege aitpady, myndan arky jawoonuzdarga iigilik
-1
Bermet_Kasymova
2016-06-20 17:37:24
Абдан кучтуу айымдар экен.!
+5
munduz2016
2016-06-20 23:33:47
Каныкейдей кызды тарбиялап бергенине ырахмат.Озгочо ырдайт.
+5
audi80
2016-06-21 12:20:39
Каныкей иштерине ийгилик чын ден соолук сага.Апсыда жакшы кучтуу аял экен ийгилик мындан аркы жашоонуздарга
+2
Uzakova.Z.A
2016-06-21 18:00:22
Жонокой уйбулодон ушундай адам чыгат деп эч ойлочу эмесмин мен учун Каникейдей адам миллиондон бири
+2
Alitet
2016-06-25 18:27:15
Сенин ойунча байларлан чыгат экенда ээ.
+2
Izdeim_seni.
2016-06-21 20:46:19
Каныкей биздин ырчы чоорчулардын арасында озгочолонуп турат. Жакшы жагына. Сыйга татыктуу адам. Бирок,ушу кулпунай жонундо тээ атам замандан бери эле айтып келатат. Апасыда кыпчый кетиптир. А так,молодец. Апасына да 5+,ушундай кызын жакшы тарбия бергенине.
+1
Kroxa
2016-06-22 22:33:57
Кара кыздын агынан эмес багынан бак берсе кандай соонун,кызынын эстуу болугону энесинин тарбиясы,сизге рахмат!!!
+1
Saji
2016-06-23 20:10:51
Акылдуу жан экени билинип турат
+2
akuna.matata
2016-06-24 04:26:07
Каныкей ишинизге ийгилик )))
+2
stervella415
2016-06-25 19:45:11
Молодец каныкей,ырчылардан бир гана каныкейди сыйлайм,сыймыктанам и сын айта албайм.АЗАМАТСЫН
+1
nurzat99
2016-06-29 10:42:52
Каныкейдин ырларын суйом гоо
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан