"Өз киндигимди өзүм кесип чыгармачылыгыма ушул кезге чейин жалгыз аракет кылып келем. Жолдошумдун менин жумушума жардамдашканга нерви чыдабайт. Өзүм кыбырап жүрүп өйдө көтөрүлдүм. Элге таанылып калгандан кийин атыңды булгабай, татыктуу жүрүү да өзүнчө чоң маданият. Бирөө мактап койсо көкөлөп кетпей, көңүлүмдү түшүрүп койсо чөгүп кетпестен элдин кызы болоюн деп жүрөм. Күнүгө кечинде жатканда "бүгүн кимдин көңүлүн алдым же жүрөгүн ооруттум?" деп ойлонуп, алар укпаса деле кечирим сурап, анан уктайм",- дейт бүгүнкү маектешим Алтынай Нарбаева.
– Саламатсызбы? Бала багам деп арыктай түшкөнсүз го?
– Саламатчылык! Ооба, төрөгөндөн кийин арыктап кеттим. Кызымды эмизем, анын үстүнө басам деп талпынып жаткан кези эмеспи. Буюрса, 10-июлда 1 жашка чыгабыз. Кызымдын кылыгы чыгып, баарыбызды элжиретип жаткан учуру. "Пока, пока" дегенди үйрөнүп алган, баарына "пока" дейт, мен "пока" десем, "ыкы, сага пока эмес" дегенсип быйтыйган колун артына алып алат. Ырдасам бийлейт, келечекте ырчы болом десе каршы болбойм. Кызым атасына окшош, бирок мага жакын. Ушул кызым төрөлгөнү балдар кийимин саткан дүкөндөргө кирүүнү адат кылып алдым. Жок эле дегенде топу, байпак алып чыгам.
– Жаш өткөндө төрөп бир жашарып алайын деген экенсиз да...
– Уулум менен кызым чоңоюп калды деп 37 жашымда төрөгөнгө аракет кылсам болбоду. Андан кийин 42 жашымда да ушунчалык бала жытын сагынып аракет кылдым, анда да тилегим ишке ашкан жок. Картайдым, эми кайдан төрөмөк элем деп үмүтүмдү үзүп койгом. 47 жашымда дагы бир ирет эне болуу бактысы буюрган экен. Минтип кубанып отурам. Кош бойлуу экенимди билбей иштеп жүрө бериптирмин. Декреттик өргүүгө деле чыккан жокмун, төрөгөндөн кийин кызым 4 ай болгончо өзүм бактым. Кийин жеңемди айылдан чакырып, ага каратып коюп, күзүндө шайлоодо иштедим.
– Улуу балдарыңыз деле бой жетип, куда күтө турган болуп калсаңыз керек?
– Кызым Акмарал 24 жашта, Жогорку Сотто иштейт. Юридикалык жогорку билимдин ээси. Уулум Темирлан Эл аралык университетинин 5-курсунун студенти. Кенжетайым Карина 11 айлык. Туура айтасың, куда күтө турган куракка жеттик. Өздөрү "түгөйүмдү таптым, турмушка чыгам же үйлөнөм" дешсе биз азыр деле даярбыз. Кызымдын колун сурап канча адам келди, болбой койду. Азыркы жаштар "сүйлөшүп, жолугуп көр" дегенди да укпайт экен. Илгери биз ата-энебиздин көңүлүн кыя албай, куда түшүп келгендердин балдары менен сүйлөшүп койчубуз. Азыр балдарыбыздын көңүлүнө карап отурабыз. Куда күтсөк, небере жытын жыттасак жакшы болот эле.
– Кызыл-Кыяга турмушка чыккам дейсиз, бирок кайын журтум Лейлектен дегениңизди да кулагым чалды эле?
– Кайнатам Лейлек районунун Көк-Таш айылынан болот. Кызыл-Кыя шаарына келип шахтада иштеп, кайненеме үйлөнүп очор-бачар болуп, ушул жакта отурукташып калышкан экен. Кызыл-Кыя шаарынын келини болгонум менен, ата-тегибиз Лейлектен. Ошондуктан лейлектиктерди кайын журтум деп сыйлап, ар дайым ийилип турам.
– Сахнада сиздин кандай экениңизди билебиз, үй иштерине да тың болсоңуз керек?
– Тыңмын, ырдаганга да, үй иштерине да жетишем. Ырчы болгонума карабай жалкоо аялдардын 2 күндүк жумушун 2 саатта бүтүрүп коём. Ана кылам, мына кылам дегендерден эмесмин, бир мүнөтүмдү текке кетирбейм. Мына, карачы колумду, туурулуп кеткен. Таң атканда эле тытынып баштайм, короодогу чөптөрдү жулам, эртең мененки тамакка чейин бардык жумуштарды бүтүрүп салам. Короодо жүздөн ашык түрлүү гүлдөрүм бар.
Кашка-Суудагы дачабызга бардык шарты менен 2 кабат үй салганбыз. Бассейн, бакча баары бар. Ошондуктан жаздын келишин чыдамсыздык менен күтөбүз. Майдын аягында дачабызга кетип, шаардагы үйүбүзгө октябрда келебиз. Ал жакта кышында ысык, жайында салкын. Илимпоздор изилдеп, Кашка-Сууну абанын 3 түрү бириккен жер деп айтышкан экен. Ошондуктан ал жердин абасы жүрөк оору, бронхит, айтор, көп ооруларга даба. Силерди да келип эс алып кеткиле деп чакырам.
– Рахмат, буюрса, үйүңүзгө конокко барып окурмандар менен бөлүшөрбүз. Кийинки суроомо өтсөм, былтыр күйөрмандарыңызды коркутуп "кырсыкка кабылдым" деп жаттыңыз эле?
– Үгүт иштери боюнча жүргөнүбүздө абысынымдын апасы каза болуп, батага барыш керек болду. Жолдошум Бишкектен учуп барды, жалгыз сороюп барбайын деп Роза Шакированы ээрчитип алгам. Такси менен келе жатып автокырсыкка кабылдык. Шоопурубуз аябай катуу айдайт экен, жакшы эле "балам, шашпай айда" деп айтып жаткам. Муну да болсо маңдайга жазган экен да. Машина 3 жолу оодарылып, төрт дөңгөлөгү асманды карап калды. Роза экөөбүз катар отурганбыз, бир маалда эле оодарылып барып бир нерселер бетимди каптап калды, эч кимди көрө албайм. Өлүм деген ушул экен деп ойлодум. Ошондо да "Роза, жакшы элесиңби, үнүңдү чыгарчы, колу-бутуңду кыймылдат" деп коём. Бирөөлөр келип терезелерди сындырып, бизди чыгарып алып ооруканага алып барышты. Ошол замат эл бизди видеого тартып, интернетке чыгарып ийишиптир. Экөөбүздүн тең жолдошубуз, балдарыбыз ыйлап чалып жатышат. Телефондорубуз талкаланып калган, эптеп байланыштык. Кудайга шүгүр, Роза жеңил эле жаракат алды, менин баш мээм чайкалып, доктурлар 3 жылга чейин машина айдаганга тыюу салышты. Кудайым берген оор сыноону башыбыздан бирге өткөрүп, аман калганыбыздын урматына Роза экөөбүз мындан ары бир тууган болуп, үй-бүлөлүк катышта бололу деп антташтык.
– Кырсыкты жакшылыкка айлантканыңыз жакшы экен. Эми кеп нугун чыгармачылыкка бурсак, ырларыңыздын көпчүлүгү эле кайгылуу...
– Ооба, туура баамдадың, мен ырдаган ырлар элдин арзуусуна алынуу менен бирге, көздөрүн нымдаштырарын байкап жүрөм. Мага жаккан ырлар элге деле жагат экен. Ошондуктан кайгылуу, муңдуу ырлар шайыр ырларга караганда көбүрөөк жашаарына көзүм жетти. Менин тембрим да муңдуу ырларга жакшы түшөт. Күйөрмандарымдын бири "Жарты кайык" ырында менин тагдырымды ырдап койгонсуз" десе, бири "сиздин "Кимибизден" деген ырыңыз биздин үй-бүлөнү жараштырды" дешет. Жашың улам өйдөлөгөн сайын өзүңө ылайыктуу ыр издеп калат экенсиң. Мисалы, азыр "барам сага" деп ырдасам окшошпойт, мени эч ким күтпөйт да, туурабы?
– Ырдап жатканда көзүңүздү жумуп алган адатыңыз өзүңүзгө билинеби?
– Аккордеон тартып ырдаганда эки колуң бош эмес болгондуктан эмоцияны көзүм менен билдирип ырдайм. Анан эл "көзү жакшы көрбөйбү же көзү чалырбы?" деп ойлошот экен. Эргүү келип образга киргенде көзүм жумулуп кетеби, оозум кыйшайып жатабы өзүм билбейм. Баары эскерте берип азыр көзүмдү ачып ырдаганга аракет кылып калдым. Айрымдарга, тескерисинче, көзүмдү жумуп ырдаганым жагат экен. Ар бир ырчынын өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Оркестр менен ырдаганда желкемди көтөрүп коёт экем. Баары эле "көкүрөгүн өйдө көтөрүп койду" деп ойлошот тура. Мунумду куудулдар, тамашоучулар туурап жүрүшүптүр. Мен атайын кылбайм, ритм башталарда жутунуп даярдангандагым го.
– Маегиңизге рахмат! Элге жагымдуу ырларыңызды тартуулап жүрө бериңиз!
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg