11-июнда Сен-Дени шаарында Франция – Румыния беттеши менен "Евро-2016" оюндары старт алды. Оюндардын башталышы менен фанаттардын "оюну" да башталып, бир канча өлкөнүн күйөрмандары футбол көрүү менен гана чектелбей, мушташуу менен да алек болушууда. Европа чемпиондугунун тайпадагы 1-турдук оюндары кандай кызыктарга бай болгонуна токтолобуз.
"РЕАЛ М" ПОГБАНЫ ЭМЕС, ПАЙЕНИ АЛАБЫ?
"А" тайпасы
1-тур
Франция – Румыния 2:1
Албания – Швейцария 0:1
2-тур
Франция – Албания 2:0
Румыния – Швейцария 1:1
Көпчүлүк үй ээлери алгачкы беттеште Румынияны оңой эле жеңип алат деп божомолдошкон. Футбол талаасында бардыгы башкача болду. Намыскөй румындар бул мелдешке конок катары келбегенин көрсөтүп, француздардын нервине бир далай ойношту. 1:1 эсеп саны оюндун акыркы мүнөттөрүнө чейин сакталып жатканда Францияны Димитри Пайе сактады. Погбанын көлөкөсүндө калган бул оюнчунун эми чындап жылдызы жанат өңдөнөт. Азыр эле айтып коюш керек, анын алыстан узатылган соккусу мелдештин эң кооз голдорунун арасынан ордун табат. Бул жайкы трансферде "Реал Мадрид" Поль Погбаны алууну көздөп келген, эми алардын ою өзгөрүшү толук ыктымал.
Үй ээлери 2-турда Албанияны утуп, алгачкылардан болуп жарым чейрек финалга чыгышты.
БЕЙЛ БРИТАНДЫКТАРДЫН НАМЫСЫН КОРГОДУ
"В" тайпасы
1-тур
Англия – Орусия 1:1
Уэльс – Словакия 2:1
2-тур
Орусия – Словакия 1:2
Тайпадагы оюндар голдорго эмес, ызы-чуу салган фанаттарга бай болууда. Марсель шаарында миңдеген англиялык фанаттар оюнга чейин эле дүрбөлөң салып жиберишти. Алар орус күйөрмандарынан тышкары жергиликтүү клубдун фанаттары менен да мушташа кетишти. Ал эми оюнда Березуцкийдин акыркы мүнөттөрдө киргизген голуна сүйүнүшкөн орус фанаттары стадиондо англиялыктарды ур-токмокко алышты. Өлкө бийлиги тентектиги чектен ашкан орус күйөрмандарын четинен депортация кыла баштады. УЕФА дароо эки командага катуу эскертүү берип, Орусияга шарттуу түрдө дисквалификация жарыялаганга чейин барды. Мындай дагы кайталанса, Орусия мелдештен таптакыр четтетилиши мүмкүн.
Азырынча британдыктардын уятын Гарет Бейл баштаган Уэльс сактап, өз тарыхында Евродогу алгачкы жеңишине ээ болушту.
ЧЕМПИОНДОРГО ЧАБУУЛЧУНУН КЕРЕГИ ЖОК
"С" тайпасы
1-тур
Германия – Украина 2:0
Түндүк Ирландия – Польша 0:1
Дүйнө чемпиону Германия мелдешти өздөрүнө мүнөздүү таризде баштады. Украина менен болгон беттеште Йоахим Лёв Гётцеге чабуулчулук милдетти аркалатканы менен, ал оюндун көпчүлүк бөлүгүндө ордун алмаштырып жатты. Жыйынтыгында "сары-көк" түстөгүлөр коргонууда кимден сактанууну билбей, коргоочу Мустафи жана жарым коргоочу Швайнштайгерден гол өткөрүп алышты. Муну менен Германия керек болсо чабуулчусуз эле беттеш жыйынтыгын чечип коё аларын көрсөттү. Ал эми экинчи беттеште Миликтин жардамы менен Польша 3 упайга жетти.
"КАПИТАН, БИЗ СЕНИ МЕНЕН!"
"D" тайпасы
1-тур
Хорватия – Түркия 1:0
Испания – Чехия 1:0
Хорватия – Түркия беттешинен кийин капитан көзүнө жаш алды. Ал "чакмактуулардын" капитаны Дарио Срна эле. Дал ушул беттеш болуп жаткан маалда анын атасы Узеир Срна оорунун айынан каза болгон. Бул тууралуу Срна оюндан кийин билип, дароо мекенине сапар алды. Күйөрмандар Дариону "кэп, биз сени менен!" деп колдоого алса, командалаштары калган беттештерде аны күтүп аларын билдиришти.
Экинчи оюнда Испаниянын коргоочусу Пике өзүн жек көрүп келген испан күйөрмандарына сонун жооп жасады. Анын командасы 80 мүнөт ашык чехтердин дарбазасына гол киргизе албай жатканда Жерар керекке жарап, жеңиш алып келди.
КАТЕНАЧЧОНУН ДООРУ БҮТПӨЙТ
"Е" тайпасы
1-тур
Бельгия – Италия 0:2
Ирландия – Швеция 1:1
Туюк коргонууда ойноп, 1-2 чабуул гана жасап жеңишке жетүү Италияга мүнөздүү. Дал ушул оюну менен алар Евронун негизги фаворити Бельгияны тизе бүктүрүштү. Эч бир катачылыкка жол бербеген коргоочулар Бельгиянын чабуулчуларынын айласын алты кетирсе, Жаккерини менен Пелле "Скуадра Адзуррага" алгачкы жеңишин алып келди.
Златан Ибрагимович Швециянын сап башында туруп, Ирландиядан утулууга жол берген жок. Тең чыгуу менен эки команда бирден упай алышты.
"ЛЕСТЕР" БОЛЧУ КИМ?
"F" тайпасы
1-тур
Австрия – Венгрия 0:2
Португалия – Исландия 1:1
Исландия ири мелдешке алгачкы жолу катышып жатканы менен, фавориттерден эч тартынбайт. Бул жагынан аларды "Лестер" командасына окшоштуруп, сенсация жаратат дегендер четтен чыгууда. Португалиянын жылдыздуу командасы намыскөй түндүктүк команда менен 1:1 эсебинде тең чыкканы буга далил. Дүйнөнүн мыкты оюнчуларынын бири Роналду азырынча "көлөкөсүнөн" чыга элек.
Тайпанын экинчи оюнунда мадьярлар бул тайпада бир эмес, эки "Лестер" бар экенин көрсөттү. Венгрия курамы боюнча бир далай күчтүү саналган Австрияны 2:0 эсебинде жеңип, көпчүлүк күтпөгөн жыйынтыкты алып келди.
КИМ КАЙСЫ КОМАНДАГА КҮЙӨРМАНДЫК КЫЛУУДА?
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg