ЖИГИТТЕР, ЧАПКЫЛА!

Бойдоктор парады

Ай чырайы келишкен, оймок ооз, кымча бел, каш-кирпиги төгүлгөн кыздары сулуу кыргыздын... Ошонун сыңары бийчи десеңиз бийчи, ырчы десеңиз ырчы, айтор, жигиттер издеген бийкечтерди тизмелеп чыктык. Бойдок жигиттер барсыңарбы? Анда чапкыла!

АЙПЕРИ КАЛЫКОВА мөмө-жемиштерди укмуш жакшы көрөт

Туулган жери – Жалал-Абад шаары
Жашы – 18де

Айпери ырчы жигит Акбар менен сүйлөшөт экен” деген имиштерге көңүл бурбай койсоңуз болот. Анткени биз тактап көргөнбүз. Алар жөн гана сахналаш ага-карындаштар. Бешенеңизге Айперини жазып койсо анда сыр, майдан куру калдым дей бериңиз. Башкача айтканда, Айка сырды, майды анча жактыра бербейт. Жер үйдө жашагандыктан, бардык иштин майын чыгара жасайт. Кыс­касы, Кубик Калыковдун күйөө баласы болуш оңой эмес.


НУРЗАДА ЖОЛДОШОВА
өзбек ырчысы Шахзодага окшош

Туулган жери – Аксы району Кош-Дөбө айылы
Жашы – 23тө

Ди-джей, ырчы, телеалпаруучу Нурзада идеалындагы мырзаны таба элек. Андыктан ак боз атчан жигиттер кыпкызыл гүлүңүз менен даяр туруңуз. Буйрук болуп үйлөнүп калсаңыз, Нурзада күн сайын өз колу менен түрдүү тамактарды жасап берип кубантат. Кийимдин түрүн алам деп чыр да салбайт, болгону, сапаттуусун тандайт. Бирок кыргыздын салты деп калыңына тогуздап мал берип, көпкө түшүп каласыз. Кыскасы, Нурзада кайын журтун сыйлап, абысындары менен урушпай, үй-бүлөлүк мыйзамга баш ийген ийкемдүү келин болот.


РОЗА ИБРАИМОВАнын көшөгөсү, шырдагы даяр

Туулган жери – Кочкор району Оро-Башы айылы
Жашы – 22де

«СуперТV» телеканалынын, «Браво» телеберүүсүнүн көркүн ачкан телеалпаруучу Роза сулууга ашык болгондор үчүн керектүү маалымат: Розаны жигиттердин жерлиги кызыктырбайт. Бойлуу, интеллектуалдык деңгээли жогору, кыргыздын жайдары жигитинин жубайы болууга даяр. Ал үчүн сиз Розага өзүн белек кылыңыз. Өзүн десек түшүнбөй калып жүрбөңүз. Жыпар жыттуу роза гүлүн. Бирок кафеге чакырып, лагман алып бере көрбөңүз. Себеби Роза лагманды чойгонду да, чуурутуп жегенди да жактыра бербейт. Баса, чоң энеси уз болгондуктан, улуттук колориттеги себи дапдаяр. Ди-джейдин сүйүктүү жолдошу болуп калсаңыз, “что за бардак?” дегенин укпайын десеңиз, тыкан болуңуз.


БЕГИМАЙ ЭСЕНГУЛОВА бир үйдүн жалгыз кызы

Туулган жери – Бишкек шаары
Жашы – 18де

Апасы Бегимайды бардык жумушка бышырган. Ак жуумалынан келген, бою узун, тамашакөй жигиттер бул бийкечтин табитиндегилер. Материалдык байлыгын айтсак, Бишкекте бир бөлмөлүү үйү бар. Кыскасы, Бегимайга бактыңыз буюруп калса, үйүңүздөн конок үзүлбөйт. Анткени ырчы кыз салаттын түрлөрүн жасап, конок күткөндү жактырат. Жерлиги таластык. Билесиңер, Таласта калыңды канча сураарын? Ошондуктан көз арткан жигиттер, капчыгыңарды кампайтып, калыңды камдай берсеңер болот.


НАЗИК ИСРАИЛОВАга ичкен жигиттер жакпайт

Туулган жери – Нарын шаары
Жашы – Жашыруун

Чимириле бийлеген Назикти байлык-бийлик кызыктырбайт. Эң негизгиси, чечкиндүү, сөзүнө турган, аялзатын сыйлай билген чыныгы мырза болсо болду. Назиктин болочок кайненесине жыргал. Анткени бийчи кыздын “кайненем менен бат тил табышып, курбуга айлантып алам” деген ою бар. Анан да кымбат үлпөт көйнөк алам деп башыңызды оорутпайсыз. Назиктин жеке үйлөнүү-үлпөт салону бар экени эсиңизден чыкпасын. Кыскасы, мырзалар, чамдагыла, Назиктин колун сурагандар көп.


САЙКАЛ САДЫБАКАСОВАны сүйгөндөр алты жыл чыдагыла

Туулган жери – Ош шаары
Жашы – 17де

Алты жыл чыдагыла деген себебим “Кыз-Бурактын” кыздары 23кө чыкканда гана жигит менен сүйлөшүшөт. Андыктан азырынча Сайкал жөнүндө маалымат топтоп, жакындан болбосо да, алыстан көз салып жүргөнгө эмнеге болбосун? Ал үчүн Сайкалга Сникерс алып берип, достошуп көңүлүн алганыңыз оң. Ал эми той жөнүндө Сайкалга угуза көрбөгүлө. Биринчиден, жогорудагы мыйзамды бузасыз. Экинчиден, өзүнөн улуу, турмушка чыга элек эжекелери бар. Бул сулуунун үнүнө гана эмес, өзүнө арбалган кытай улутундагы күйөрман бар экенин укканыбыз бар. “Алты жыл күтүү кыйын” деп Кытайга алдырып жибербегиле, жигиттер.

“Кыргыздын уучу куру эмес” дегендей, сулуу, бойдок, аты белгилүү кыздарыбыз көп. Биздин тизмеге илинбей калган бийкечтер да, жолдошу болсом деп кыялданган жигиттер да таарынбасын. Анткени «Бойдоктор парады» дагы уланат.

Бурул Исмаилова
star@super.kg
Сүрөттөр «Супер-Инфонун» архивинен алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
kapkaida
2010-02-28 00:08:55
Бегимай Эсенгулова Кыргыздардын Ксения Собчагы го?
0
Rim
2010-02-28 12:04:57
мен жон гана дос болгонду жактырам Сайкалдын жана Бегимайдын почтасын кандай тапсак болот? болбосо мага жазып койгула кыздарики besh_barmak@mail.ru
0
Simpotka
2010-03-01 11:22:58
Chin ele, Sobchakka okshoshup ketet eken
0
LIVER
2010-03-01 14:25:17
Дайте номера, я их хочу осчастливить
0
Margosha
2010-03-01 21:16:49
Замуж надо выходить только по любви деп айта беришет! Отвечаю, если толстопузый с полным кошелком имеющий под жопой Lexus LX570 да и еще в добавок имеющий жену и детей, сделает предложение вот нашим вышеперечисленным телкам из КЫРГЫЗСКОГО ШОУ БИЗА (типа)с кольцом из бриллиантов даже если сами не захотят (такое нынче вряд ли), то родоки ихние сами ему отдадут!
0
Margosha
2010-03-01 21:19:00
Если кто против че то имеет пишите пообсуждаем! Ведь обсуждение чью то личную звездную даже не звездную жизнь у нас же как наша постоянная неоплачиваеиая, но весьма с удовольствием выполняемая работа!!!
0
Margosha
2010-03-01 21:19:25
неоплачиваемая*
0
aiklaus
2010-03-02 03:57:03
Rim
mailden isdooo salsan ele tabasyn.Al menin dostorumdun arasynda bar.(moi mirde)http://my.mail.ru/mail/sadybakasova_sai/
0
uke
2010-03-02 10:41:04
Айпери менен Нурзада Экоонор абдан жакшынакайсынар, мен силерди жакшы кором, мен баргыча турмушка чыкпай тургула.
0
aksanat
2010-03-03 09:53:22
Эч кимиси жакпайт
0
NurEl
2010-03-03 14:41:56
мага Айпери жагат. Ал сулуу, ыймандуу кыз.
0
Тынчтыкбек
2010-03-11 19:55:59
Ой, биринен бири откон супер кыздар!!!
0
№ 382, 26-февраль - 4-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан