АТАЙ ӨМҮРЗАКОВ ДҮЙНӨЛҮК МАСШТАБДАГЫ ДОЛБООРГО КИРИШТИ

Атай Өмүрзаков "Адем" тобу менен масштабдуу долбоорду ишке ашыруу үчүн колдоо сурап, коомчулукка кайрылды. Анда: "Былтыр ири дүйнөлүк продюсердик компаниядан сунуш алганбыз. Аларга өзүбүздүн идеяны сунуштасак жактырышты. Буюрса, биз жаңы технологиялар менен 3D форматында дүйнө кыдырып бий концертин уюштурсакпы деп жатабыз. Бул Кыргызстанды улуу, таланттарга бай, өнүккөн өлкө катары көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк. Биз командабыз менен каражаттын басымдуу бөлүгүн өзүбүз көтөрөбүз. Шоуну талаптагыдай өткөрүш үчүн дагы каражат талап кылынууда. Андыктан инвесторлордон биздин долбоорду колдоп бериңиздер деп суранабыз. 1 жыл ичинде чыгаша толугу менен акталат",- деп билдирген.
Кыргызстанды бий жагынан дүйнөгө таанытып келе жаткан Атайдын бул кайрылуусун колдоп, көпчүлүк колдорунан келген жардамын аябай тургандыгын айтышууда. Алардын арасында блоггер Кайрат Бекмамбетов "Биз 6 миллион элбиз, көп түкүрсө көл болот. Эч кандай инвесторсуз эле ар кимибиз каражат чогултуп берсек бул долбоор ишке ашмак",- деп жазган. Ал эми ырчы Урмат Усенов "Бул биринчи иретте Тарых жана маданият жылынын урматына өкмөт алдында чоң мүмкүнчүлүк. Сапатсыз мааракелерге кеткен чыгымдардан кыскартып Атайга колдоо көрсөтсөк жыйынтык көбүрөөк болмок" деген пикирин калтырган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
tynchtyk93
2016-06-20 10:54:24
Атай молодец жигит аябай жонокой Атай Марат Исаевден кем калбаган жасады деп ойлойм ийгилик.!
-1
flow23
2016-06-20 14:00:55
Азамат, даны коптогон ийгиликтерди багынтасын дер ой лом
-1
Nurmuslima
2016-06-20 14:15:08
Азаматсыз ,биз да колдон келген жардамыбызды бермекбиз
+1
owtu
2016-06-20 15:54:47
Urmat Usenov tuura aityptyr
-1
Bermet_Kasymova
2016-06-20 17:31:52
Азамат. Осо бергиле)
+1
Ada3003
2016-06-20 23:34:00
Мен да Урмат Усеновко кошулам
0
nasik198
2016-06-21 02:36:27
Бизде ушул маданият жаатында жакшы конул болунбой келет.Эгер ушул корунуш башка мамлекетте болсо мамлекетти таанытат деп кубанып колдоо корсотушмок.Ал эми бизде каражаттын жоктугунан канчалаган таланттар коксогон тилегине жетпей бара албай калат.Атай сага ийгилик .Ак жол.
+1
mister.ailasyz
2016-06-21 17:50:44
Эркек Атай!
+1
ZHaziko
2016-06-22 16:44:27
Супер инфо гезити силер деле колдоо корсотуп озунордун абыроюунарды дагы бир тепкичке которуп алсанар деле болот
+2
ofcourse
2016-06-24 16:52:12
Alga atay
+1
Karataev.kg
2016-07-03 05:49:19
Ийгилик каалайм
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан