Окурмандардан келген суроолорго Бишкек шаарындагы «Темир жол» ооруканасынын акушер-гинекологу Элмира Акматова жооп берет.
"ЖЫНЫС ЭРИНДЕРИМДИН БИРИ ЧОҢ"
– Мени көптөн бери ойлондурган көйгөй бар. Турмушка чыга элек кызмын. Жыныс эриндеримдин бири өтө чоң, экинчиси нормалдуу эле. Чоң болушунун себеби эмнеде, зыяны жокпу? Дарыласа же хирургиялык жол менен кичирейтсе болобу?
Элиза, Ош
-Мунун эч кандай коркунучу жок. Кээ бирөөлөрдүкү тубаса ушундай болот. Турмушка чыкканда жолдошумдан уялам деп кыжалат болсоңуз, кичирейтүү жолу бар. Муну гинекологдор жасайт. Бирок эң жакшысы тийбей эле коюңуз. Анын төрөткө да, ден соолугуңузга да зыяны жок.
"5 ЖАШТАГЫ КЫЗЫМДЫН ИЧ КИЙИМИ БУЛГАНА БЕРЕТ"
– Кызым 5 жашта, кээде ич кийими булганып калат. Кынынан суюктук келет окшойт, анан «кычышып жатат» деп калат, эмне кылуу керек?
Анипа, Талас
-5 жаштагы кызды балдар гинекологуна алып барып көрсөтүп, мазок тапшыртуу керек, ошондой эле гельминттерге дагы анализ берүү кажет. Анализдердин жыйынтыгынан кийин дарыгер кантип дарылоо керек экендиги тууралуу кеңешин берет.
"СПЕРМАНЫ СЫРТКА АГЫЗСА БОЙГО БҮТПӨЙБҮ?"
– Жолдошум экөөбүз азыр балалуу болууну пландай элекпиз. Сперманы сыртка агызып эле сактансак болобу?
Акылай, Нарын
-Сперманы сыртка агызып сактануу туура эмес, бойго бүтпөйт деген кепилдик жок. Анан да мындай ыкма эркектерди импотенцияга алып келиши мүмкүн.
"МУСУЛМАН СВЕЧАЛАРЫ ЗЫЯНБЫ?"
– Мага таежем "бойго бат бүтүрөт" деп мусулман свечаларын берген. Жакында эле боюмдан түшүп калды, свечаны колдоно берсем болобу? Бойдон түшкөндөн кийин канча ай сактануу керек?
Жийдегүл, Бишкек
-Мусулман свечалары зыяндуу деп айта албайм. Алар зыяны жок чөптөрдөн жасалат. Бирок кош бойлуу кездин алгачкы айларында свеча салууга болбойт. Балким, сиз боюңузда болгонун билбей свеча салып алдыңыз. Биринчи бойдон түшүүнүн себептерин аныктап алуу керек, ал үчүн анализ тапшырыңыз. Эгер дарыгер свеча да бойдон түшүүгө себепкер болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келсе, анын курамын текшерүү керек. Эгер свечанын зыяны жок болсо бойдон түшкөндөн кийин бир айдан соң сала берсеңиз болот. Негизи бойдон түшкөндө 6 айдан кийин кайра балалуу болууну пландоо керек.
"ЖЫНЫС КЫНЫНАН ЧЫККАН СУЮКТУКТАН ТАКЫР АРЫЛА АЛБАЙ КОЙДУМ"
– Бир нече жылдан бери эле жыныс кынымдан жагымсыз жыты бар суюктук келет. Бир канча жолу анализ тапшырып, дарыландым. Дарылангандан кийин баягы суюктук жоголот да, көп өтпөй кайра пайда болот. Врачка айтсам "коркунучтуу эмес, эч нерсе болбойт" деп койду.
Асия, Бишкек
-Бул бактериялык оору, жыныс кынынын микрофлорасынын бузулушунан пайда болот. Жыныстык жол менен жукпайт жана зыяны жок. Бирок аял өзүн ыңгайсыз сезе берет, анан оңой менен да жок болуп кетпейт. Ошондуктан этап менен бир нече жолу дарылоо керек. Жакшылап дарылансаңыз толук айыгып кетесиз.
"ЭТЕК КИРИМ КЕЛБЕЙТ"
– Менин этек кирим биринчи жолу 18 жашымда келген. Андан кийин келген жок. Азыр жашым 26да, бүлө күтүш үчүн ден соолук болуш керек деген ойдо турмушка чыкпай жүрөм. Оштогу жеке менчик клиникалардын бирине барып анализ тапшырып көрүнгөм. Алар 10 күн массаж да жасашты. Андан сырткары 6 ай ичесиң деп дары жазып беришкен, жазып берген дарыны ичип жатканымда этек кирим келип жатты. Биринчи айында белим ооруп келди, кийин оорубай калды. Дарыны ичип бүткөндөн кийин кайрадан эле этек кирим келбей калды. Ушинтип анализ тапшырып, дарыланып, УЗИге түшүп эле жатам, жыйынтык жок, эмне кылам?
Айзуура, Ош
-Этек кирдин келбей жатканы гормондордон көз каранды. Ошондуктан гинеколог-эндокринологго кайрылыңыз. Жатындын көлөмү да кичине болушу мүмкүн. Мындай учурда балалуу боло албай калуу коркунучу бар.
Ар кайсы тармактагы адистерден кеңеш алгыңыз келсе, суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg