Жаңычылдык ар убак талаш жаратып, кайсы бир каршылыктар, нааразычылыктар менен ишке ашат. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев биометрикалык паспорттун айланасындагы кайчы пикирлер, жаңы унаа номурларын киргизүүдөгү максат жана алдыда жасалчу иштер тууралуу кеп салып берди.– Тайырбек Дүйшекеевич, маекти жасалма паспорттор боюнча чыккан соңку чуулуу окуядан баштасак. 98 уйгур Түркияда жасалма кыргыз паспорттору менен кармалды эле. Мындай окуяларды болтурбоо үчүн кандай аракет көрүлүп жатат?
– Эң башкы аракет – биометрикалык паспорт. 98 паспорт боюнча билип-билбей Мамлекеттик каттоо кызматы аралашкан деген сөздөр чыгып жатат. Бирок ал паспортторго Мамлекеттик каттоо кызматынын, дегеле башка мамлекеттик кызматтардын биринин да тиешеси жок. Алдоо жолу менен элден паспорттор чогултулуп, андан соң алардын көчүрмөсүн жасап чыгышкан. Дүйнө жүзүндө, маалыматтар боюнча, ар кайсы мамлекеттердин 11 миллиондой жасалма паспорту колдонулуп жүрөт. Мына ушундай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн 150 мамлекет биометрикалык паспортторго өтүү боюнча чечим кабыл алды, айрымдары ишке киргизди. Биометрикалык паспорттордун жасалмасын жасоо мүмкүн эмес. Себеби ал жерде паспорттун ээси тууралуу бардык материалдар бар. Паспорттун чыныгы ээси экенин далилдөө үчүн бармак издери да дал келгидей болуш керек. Ошон үчүн биометрикалык паспорт эң ыңгайлуу жол.
– Биометрикалык паспорт кандай артыкчылыктарга ээ болот?
– Президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин Түштүк Кореянын президенти менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин бизге биометрикалык паспортторду жасоо боюнча грант берилгени жатат. Буюрса, жакынкы аралыкта паспорт жасоочу каражат алып келинет. Демек, жылдын аягында паспорттор берилип башташы керек деген пландар бар. Президенттик шайлоого чейин 3 миллион жаранды биометрикалык паспорт менен камсыздайбыз деп турабыз.
Ал эми жаңы биометрикалык паспорттордун артыкчылыгы боюнча айтсак: көп маалыматтар паспортко камтылат, көп документтерди мамлекет сизден талап кылбай калат, көп мекемелер маалыматты сизден эмес, бизден, мамлекеттик кызматтардан сурап калат. Негизинен көзгө көрүнбөгөн көп эле иштер жасалып жатат. Мисалы, атайын 600 адамды жалдап, бардык документтерди санариптик вариантка өткөрүп жатабыз. Жыл башынан тарта эле 10 миллиондой документтер санариптик вариантка өткөрүлдү. Мунун баары жарандарды ар кайсы жакка жумшай бербей, бир системге бардык маалыматты топтоого болгон аракеттер. Башкача айтканда, жарандарды ар кайсы эшикти каккылаткан систем жоюлат.
– Жаңы үлгүдөгү паспортко жарандын улутун жазбоо идеясы кызуу талкууга алынып жатат. Улутту паспортто белгилебей коюу идеясында эмне максат жатат?
– Улут деген эмне? Улут – бул мамлекет. Улуттук курама команда дейбиз, жеке эле бир улут футбол ойнобойт да, ошол мамлекеттин жарандары ойнойт. Бириккен Улуттар уюму дейбиз, ал жерде улуттардын эмес, мамлекеттердин биримдиги да.
Эгемендүүлүгүбүзгө 25 жыл болду. Айрым улуттар кайсы бир чекке жеткенде автономия сурап башташат. Эгер бардыгы кыргыз жараны болсо, ким автономия сурайт? Кыргыз мамлекетине биз жооптуубуз. Кыргыздар башка улуттук азчылыктарга жооптуу. Ошон үчүн улуттук азчылыктарды белгилейбизби деген суроо туура болмок. Ооба, борбордук базада улут белгиленет, жазылат, сакталат. Биз дал ошол улуттарды белгилей берип улуттук азчылыктарды билинбеген жип менен бөлүп койгонбуз. Мамлекетибиз өнүгүп өссүн, ар бир жаран улутуна карабай кыргыз мамлекетине кызмат кылсын, чек араларды коргосун десек, ушундай жолго барышыбыз керек.
– Биометрикалык маалыматтар менен шайлоо өткөрүүнүн, жаңычылдыктын башында турдуңуз. Ошол убакта кандай кыйынчылыктар болду?
– Биринчиден, жоопкерчиликти сездим. Жаңы шайлоо болот деп элибиз үмүттөнүп турган. Кыргыз элибизди дүйнөнүн алдында уят кылбасак экен дедик. Койгон ниетибиз ак болчу. Биринчиден, Кудай колдоду. Ооба, уктабаган түндөр болду, тынымсыз иштедик, айыл өкмөттөрдө тынбай окуулар жүрүп жатты. 70 өлкөдөн 800дөй байкоочу келди. Алардын баары бир ооздон шайлоо демократиялык принциптер менен таза өткөндүгүн белгилешти. Чоң команда иш алып барды. Президентибиз колдоп турду. Албетте, кээде шайлоочулар тизмеден өздөрүн таппай калган учурлар да болду. Бирок бирөөнүн добушун уурдамай, жыйынтыкты өзгөртүп жибермей деген болгон жок. Бул негизги жетишкендик.
– Шайлоочулардын электрондук тизмеси, жалпы база боюнча чоң суроо туулуп жатат. Эмне үчүн шайлоочу биометрикалык маалымат менен өзүнө ыңгайлуу болгон шайлоо участогунан добуш бере албайт?
– Бул негизинен 2 нерсе менен байланыштуу. Биринчиден, техникалык жактан. Биздин систем каалаган аймактан добуш берүүңүзгө мүмкүнчүлүк бере алат. Бирок биз анда шайлоо участкасына бюллетень жасоочу аппаратты алып барышыбыз керек болот. Мисалы, 1200 шайлоочу бар деген участокко 5000 шайлоочу барып алышы мүмкүн. Биз алдын ала биле албайбыз да. Албетте, андай аппараттарды койсок болот, бирок бул эбегейсиз акча турат. 2287 шайлоо участкасына бюллетень жасоочу 2ден аппаратты койгондо эле 50 миллион доллардан ашуун каражат кетет. Экинчи жагы бул хакердик чабуулдар. Дайыма борбордук база менен участкалардын ортосунда байланыш болуп туруу керек да, жанагындай баш аламан ар кайсы жерден добуш берүүлөрдө чабуул жасалышы мүмкүн. Акырындап шайлоочулардын каалаган жерде добуш бере алышын сөзсүз шарттайбыз.
– Жаңы үлгүдөгү унаа номурлары жарандарга таркатыла баштады. Жаңы номур чыгарууга канчалык муктаж элек?
– Экономикалык максатты көздөдүк. Себеби буга чейин унаа номурларын чыгаруу жеке адамдардын колунда болчу. Анан калса эркин экономикалык аймакта болгондуктан мамлекетке салык да төлөшчү эмес. 7 жылдын ичинде жеке компания өлкөдөн 55 миллион доллар алып чыгып кеткен. Мамлекетке өткөрүп, кирешени мамлекетке буруп жатып унаа номурларын эл аралык стандарттарга ылайыктуу кылып даярдоону туура көрдүк. Өзүбүз аппарат алдык. Өзгөчө шифрлер киргизилди. Коопсуз шаар долбооруна да ылайыктуу болот.
– Мамлекеттик каттоо кызматкерлеринин айрымдары тааныш-билиш менен кызмат алганын айтып, атайын аттестация жүргүздүңүз эле. Тааныш-билиш менен креслого отурмай токтодубу?
– Бардыгы конкурстук негизде жүрүп жатат. Арыз жазып жумуштан кеткендер болду. Себеби коррупциялык булактарды бууп койдук. Мунун айынан айрымдар көмүскө каражат булактарынан ажырашты. Ошон үчүн кетип жатышат. Айрымдары талап күчөгөн соң камалып кетпейин деп коркуп кетип калышты. Кээ бирөөнү өзүбүз жумуштан алганга туура келди. Албетте, тааныш-билиштик таптакыр жоголуп кеткен жок. Бирок мен дайыма конкурстук негизде, экзаменди мыкты тапшырып өткөндөр бааланарын айтып келем.
– Алдыда аткарылчу дагы кандай иштер бар?
– Мындан ары жалпылап алганда биометрикалык паспорттор – банк карточкаларын, айдоочулук күбөлүктү, өздүгүн тактоочу паспортту, медициналык картаны, пенсиялык күбөлүктү бир документке бириктирет. Буларды атап койгондо эле бир документке топтолуп калбайт да, мурда кагазда келген документтердин бардыгы электрондук вариантка өткөрүлөт. Бара-бара экономиканын чыңдалышына жана коррупциянын азайышына шарт түзгөн бирдиктүү бир системди киргизебиз.
– Маегиңизге чоң рахмат!
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg