«Жарамазан бизге айтылган, айланайын кыргыз калкымдан» деп белгилүү ырчылар менен биргеликте жарамазан айтып келдик. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл айтуучулар көп болду. Айжамал Кабылова, Сайкал Садыбакасова, Мирлан Баеков, Нурмат Садыров, Айгерим Расул кызы, Данияр Эрматов, Гүлнара Калдарова, Назира Кадыева, Кенже Көбөкова жана жаш ырчы Кудайберди Айтбосунов болуп жарамазанды баштадык.
Жарамазанчылар сюрприз кылып имаратты жаңырта ырдап «Тумар» радиосуна шатыра-шатман кирип барышты. Бейкапар отурган ди-джей Оскар Батыров бизди түз эфирде тосуп алды.
Ырчылар радио толкунда кыргыз эли менен амандашып, жарамазан айтып беришти. Конокторду көрүп кубанган ди-джей ырымдап радионун баштыктарын таратып, «баштыгыңар дайым толуп жүрсүн» деп батасын берип узатты.
Андан кийин Ак-Өргөө конушуна Кубик Калыковдун үйүнө бет алдык. Дарбазасын чоң ачып тосуп алган куудул мырза жигиттерге калпак кийгизип, 1000 сом берип «урушпай бөлүп алгыла» деп күлдүрдү. Ал эми жеңебиз кыздарга жоолук салып, нан ооз тийгизип үйгө киргизүүгө шашылды. Бара турган жерибиз көп болгондуктан андан ары жөнөп кеттик.
Ырчы Гүлзат Байзакованын короосун жаңыртып ырдап кирсек кабаттуу үйдүн балкондорунан кызыгып карагандар толуп кетти. Шаңдуу үн салган ырчылар жарамазан айтып ырчынын үйүнө кирип барышты
«Айланайын, алтындарым» деп бизди тосуп алган ырчы айым ак дасторкон жайып күтүп жатыптыр. Орозо кармабагандарга даам ооз тийгизип, орозо кармагандарга ырчы айым таттууларды салып берип узатты. Ырчынын сыйына ыраазы болгон жарамазанчылар «келиниңиз аман-эсен көз жарып алсын» деп бата беришти.
Клипмейкер Эрнист Сыдыков жаңы студия ачыптыр деп бири-биринен уккан жарамазанчылар ошол жакка барууну туура көрдү. Ырдап-бийлеп шаңдуу кирип барган бизди клипмейкер тосуп алды. «Бизге эмне бересиң, бирден клип белекпи?» деп ырчылар тамашалашты эле, «ооз ачар болуп калды, оозуңарды ачып сый тамак берем» деп кутулду Эрнист мырза.
Гүлнара Калдарова, Назира Кадыева, Нурмат Садыров, Данияр Эрматов ошол жерден ооз ачышты.
Караңгы кирип калганда ди-джей Назгүл Айдаралиеванын үйүнө барып, жарамазан айттык. Ыр ырдалып бүткөнчө муюп угуп турган Назгүл айым «кошуналарымдын жүрөгүн түшүрдүңөр, киргиле үйгө» деп чыга келди.
Кирип нан ооз тийген жарамазанчылар батасын берип баштаганда ди-джей айым аккордеончу жигитибизге кыстырма кыстыра кетти. «Келериңерди билгенде бетиме сүрөт тартып, сулууланып алмакмын» деп баарыбызды күлдүрдү.
Сапарыбыз карып, ыйык Рамазан айында ар бир үйгө ырыскы, кут консун, кармаган орозоңор кабыл болсун деген тилек менен үйлөрүбүзгө тарадык. Ал эми ырчылар «Биздин башыбызды бириктирип, көптөн бери бири-бирибизди көрбөй сагынышып калган кесиптештерибиз менен жолуктурдуңар. Бүгүнкү кеч шаңдуу болду, бул үчүн «Супер-Инфо» гезитине чоң рахмат!»- деп ыраазычылык билдиришти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Ainush93
2016-06-27 13:41:52
ооо айланайындар! Кагылайын Кудайберди Айтбосунов, "айтчук", "болчук", "ырдачук" жана баша ушул сыяктуу кыргыз тилинин "коркун бузган" колдонгонунуз окунучтуу. озунуз суктанаарлык эле жигит экенсиз!!! Тем более маданият окулу...
+5
vangolu
2016-06-27 14:23:52
айгерим телефон чукуй бериптир го.кийген кийими жаккан жок
oilonchu92,кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
0
sweety94
2016-07-01 03:05:38
Урматту супер инфо Кудайберди Айтбосуновдон интервью алгылачы)
-2
admin_superstan
2016-07-01 09:06:51
sweety94,саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
-1
aikera1992
2016-07-01 14:17:25
Айгерим эл козундо жургон адам болгондон кийин жакшынакай кийиниип, кийинки муундарга мисал болгудай болсо болот го. Же кыжырды келтиргенден ырахат алып, элдин конул борборунда ушундай кызыктай стили менен ирээнжитип турбаса болбойбу? Менимче озунчо сенсация жаратып, озгочо болуп, популярдуу болуп жатам деп ойлойт окшойт? Жалан жаман комментарийлерге кубанып эл мени коруп жатат деп. акылы менен жалан жакшы коментарийлерге, алкоого, мактоого жетсе болоорун билбейби?
-1
Myrza.
2016-07-01 21:09:17
Сайкал бирде корунуп бирде корунбойтго негизи шандуу болуптур
-1
Uzakova.Z.A
2016-07-02 13:05:06
Видеосун корбодум бирок жарамазанды ыр кулку оюн кылып алышкан го кийингендеричи айтпай эле коюшса болмок шарият жолдорун оюнчук эле кыла баштадык тушунбогон ыйманы томондугубуздон белги.
+2
jannat-82
2016-07-02 21:22:50
Админ, Дордой базарында жарамазан айтып жургон 4 байкелер жонундо да видео киргизип койгулачы сураныч. Сонун ырдашат экен
+1
Sagizgan
2016-07-04 00:11:37
Оа откондо Кызыл кыяга да келип базардын так ортосунда айтып кетишти жакшы айтышат экен кийимдерида жакшынакай
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.