БАЛА ЭМНЕ ҮЧҮН ШАЛ БОЛУП ТӨРӨЛӨТ?
Көптөн күтүп төрөлгөн баланын оорукчан, майып болуп төрөлүшү ата-эне үчүн сыноо. Анан эмей, кан-жанынан жаралган баласынын өз алдынча жөндөп баса албаганын, чай иче албай жатканын көрүү азап да. Мындай оор дартка балдардын церебралдык шал оорусу да кирет. Бул оору жана аны алдын алуу тууралуу Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун неврология бөлүмүнүн жетекчиси Айгүл Маткеева баяндайт.
«УЛАМ БОЙДОН КОЗГОЛСО ДА ИЧТЕГИ БАЛАНЫН НЕРВИ ЖАБЫРКАЙТ»
Балдардын мээсинин шал оорусу (ДЦП) балдардын нерв системинин жабыркоосунан келип чыгып, келбеттин, кыймыл-аракеттин, сүйлөөнүн, тең салмактын бузулушу, акыл-эстин өсүшүнүн кечеңдеши (100 баланын 40ы) менен шартталат. Биздин бөлүмгө аталган дарт менен 1 жылда 450дөй бала жатып дарыланат. Өлкөдө ар бир 1000 баланын эки-үчөөсү ушул оору менен төрөлөт.
Аталган оору менен балдар майыптыкка кабылат:
- 70 пайызы ичте экенинде (төрөлө электе)
- 20 пайызы төрөт учурунда
- 10 пайызы 2 жашка чейин
ДАРТКА ЧАЛДЫГУУНУН СЕБЕПТЕРИ
Түйүлдүк кезинде
- Эне менен баланын кан топторунун келишпестиги (резус-фактор);
- Улам бойдон козголуу;
- Баланын мээсинин туура эмес өсүшү;
- Эненин:
-
кызыл (краснуха), кант диабети, анемия, жүрөк кемтиги, жогорку кан басым
-
оорусу менен оорушу;
-
катуу стресске, депрессияга кабылуусу;
-
ичимдик ичүүсү, тамеки чегүүсү, баңгизат колдонуусу;
-
талгагынын оор өтүшү;
-
токсоплазмозго (мите курт) кабылышы;
-
жыныстык жактан жугуучу ооруга чалдыгышы.
Төрөт учурунда
-
Баланын киндигинин моюнуна бекем оролуп, мунун айынан мээсине абанын жетпей калышы;
-
Төрөттүн узакка созулуп, оор өтүшү;
-
Баланын тонунун кабыкчасынын убактысынан эрте ажырап, көп кан кетүүсү.
2 жашка чейин
-
Инфекциялык ооруга кабылуусу (менингит, энцефалит, учук);
-
Мээнин жаракатка кабылуусу.
БЕЛГИЛЕРИ:
- Эмчек эмүүсүндө жана жутуусунда маселенин болушу;
- Денесинин ассиметриясы, мисалы, бир колу же буту экинчисинен жоон;
- 2 айында башын кармай албоо;
- 4 айында чыккан добуш жакка бурулуп карабоо, оюнчукка талпынбоо;
- 7-8 айында бирөөнүн жардамысыз өзүнчө отура албоо;
- 1 жашында сүйлөй жана баса албоо;
- Талманын байкалышы, көздүн чалырлыгы;
- Колу-бутунун диртилдеп же эрктен тыш кыймылдап, кыйшайып турушу;
- Жүзүндөгү түрдүү кыймылдар (гримасы) жана башка.
ДИАГНОЗ КОЮУДА КЕРЕКТЕЛЕТ
- Неврологдун текшерүүсү;
- Нейросонография (мээни УЗИден текшерүү);
- Магниттик-резонанстык томография;
- Электроэнцефалограмма;
- Окулисттин, сурдологдун, дефектологдун, логопеддин текшерүүсү жана башка.
ДАРЫЛОО
Бул оорудан айыгып кетүү күтүлбөйт. Дарылоо бала дарттын оор же жеңил түрү менен ооруганына жараша комплекстүү жүргүзүлөт. Тынымсыз жылдап аракеттенүү менен айрым гана бир булчуң менен нервдердин иштөөсүн калыпка келтирүүнүн өзү эрдик. Мисалы, өзү кашык кармап тамак жеп же дааратканага өз алдынча барып калууга жеткизүү чоң иш. Ооруканаларда энелери балдары менен кошо жаткызылып, аларды карап-багуу, дарылоо ыкмалары менен тааныштырылат. Мунун негизинде ата-эне үйдөн ал ыкмаларды өз алдынча колдонуп жүрүп отурушат.
Дарылоодо эмгек терапиясы, физиотерапия, дарылык укалоо жана физкультураны колдонуу менен булчуңдардын функциялары жакшыртылат. Логопеддин, психологдун жардамынын аркасында угуусун, сүйлөө речин, кабыл алуусун аздан өнүктүрүп жүрүү керек. Ортопедиялык кийимдерди колдонсо, алар басууда кулабай, тең салмакты сактоого көмөктөшөт. Дарылоодо булчуңдардын чыңалуусун жоюучу дары-дармектер да берилип, ботокс сайылат. Бирок бизде азырынча ботокс жок. Негизи ботокс өз алдынча диртилдеп, кыймылдап турган булчуңдарды катыруу менен, ал кыймылдарды акырындап калтырууга багытталган. Бирок ботокстун күчү 6 айга жеткендиктен, кайталап сайып туруу кажет.
Дарылоодо иппотерапия (ат менен дарылоо) да колдонулуп жүрөт. Ат минген адам ат үстүндө мүнөтүнө болжол менен 100 ирет термелет. Бул болсо бардык булчуңдарга таасир этип, татаал кыймылдарды жасоого аргасыз кылат. Аттын денесинин температурасы адамдыкына салыштырмалуу 1,6-2 градус жогору болгондуктан ат минген адамдын бутунун булчуңдары жылып, массаждалат. Денедеги кандын айланышы да ылдамдайт.
Дарттын алдын алуу үчүн бойдо болтуруудан 3 ай мурун баланын денесинин өсүп калыптанышына керектүү фолий кычкылын жана кээ бир керектүү витаминдерди ичиши керек (врачтын кеңешине кайрылып).
Боюнда болгон алгачкы 3 айда врачтар тарабынан коюлган бардык талаптарды так аткаруу кажет. Анткени ушул кезде баланын дене мүчөлөрү жаралып, калыптана баштайт.
Ооругандардын:
-
43 пайызы кыздар, 57 пайызы уул балдар.
-
Ар бир үчүнчүсү өз алдынча баса албайт.
-
Ар бир төртүнчүсү өз алдынча кийине жана тамактана албайт.
-
Ар бир бешинчисинде талманын белгилери учурайт.
-
Ар бир тогузунчусу аутизмдин белгилерин алып жүрөт.
-
Ар бир он биринчиси сокур же начар көрөт.
-
Ар бир элүүнчүсү керең же начар угат.
Балдарды дарылоо ыкмалары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Дуйнодо эч бир бала ушул азаптуу оору менен оорубасын. Бул айыкпай турган оору, демек омур бою кыйналат.Онуккон олколордо да бул оору менен курошо албайт экен тилекке каршы...
эх бул дагы Аллахтын сыноосу, менин баламын да мүмкүнчүлүгү чектелген (((. Баламын басалбаганын көрүп заманам куурулуп кетет, байкушума боорум ооруйт.
Аллахым дарт берген пендесине шыпаасын да кошо берсин ылайым
omka100514,тилекке каршы биздин кызыбыз дагы дцп, дайыма эмнеге, эмне учун деген суроого жооп табалбай келем. ыйлайм, боорум ооруйт...
kuba1985, мүмкүнчүлүгү чектелген баланы кароо кыйын да болот, менин балам өтө капризный ыйлай берет. Кээде ушундай нервтерим чыңалып жиним келгенде урушам, кайра ыйлаганын көрүп боорум ооруп кетет, анда эмне күнөө байкушумда деп
Балдарыбыз эч качан оорубай эле койсунчу!!!
Эн эле керектуу нерсе ДЦП балдарына бул физиотерапия, тилекке каршы бул жаатта Кыргызстан онуккон эмес, ботокс бул убактылуу гана булчундарды бошотот, аны алгандан кийин 3-4 ай бир темптеги физиотерапия керектелет, эн баштапкы максат болсо ДЦП балдардын оз алдынча басып кетуусу же болбосо бироого муктажсыз омур суруусу болуп саналат, айыгып кетуу кутулбойт бирок алдын алса болот
Кудайдан кундо сурвнганым балдарымды оорута корбо,жотолсо эле кейий берип арыктап аягында озум оруп калам ал эми дцп мн оруган балдардын ата энелерине кудай куч кубат берсин, балдарынардын жакшылыгын коргуло,
Биз кыргыздарда келинди жакшы карабайбыз, байкуш келин да бироонун кызы да. Келин кылсын, келин жасасын деп, келиндерибиз боюнда бар убагында кыйналып калышат. Эми муну менен ушул себептен балдары ДЦП болуп торолуп калып ататдебейм, себеп болуп калышы мумкун.
Баары 1-очур энеден, боюнда боло электен баштап эле даярданыш керек, баардык специалисттепге корунуп, даарыланып. Боюнда болгон убакта да озун этият кылып, нерв иштетпей...
Mahabbat,айтканын негизи туура, кана эми келинди аяп, иш кылдыртпай карашса.Мен угроза болуп , жотолуп, тонус болуп атып конок тозушкам. жыйынтыгы мына дцп кыз тородум
Mahabbat,туура айттыныз бирок ошол эле учурда озубуздо да куноо кетет, врач тиги лабораторияга жонотту ,бул жакка жонотту, анысы кымбат турат экен, элдер анысы жок эле тороп атат бир кудайдан деп кол шилтеп коебуз,жыйынтыгы ар кандай болуп жт кеч болуп калганда врачтарга шылтоолойбуз, кыскасы ар ким озуно жана оз уй булосуно жоопкерчиликтуу болуш керек.
Балдардын ден-соолугу биздин бакыт ...
Менин да боломдун баласы дсп болуп торолгон байкуш бала буралып карышып аябай ыйлачы куну туну дебей 3же4жашка чыкканда чарчап калды. Апасы без фильтир палетти ышкыртып чекчу эле бир кундо эки пачкага чейин ошонун таасиринен баласы ушундай болуп торолсо керек деп калдым.
Эх, уулум он минут ыйласа жаным чыгат. Кудай балдарга ден соолук берсин.
Кыргызбыз эч ким, эч качан, озгорто албайт. Кудай озу жакшы ар бирибиздин башыбыздан откон бул нерселер. Меники роман болот.
эне боюнда болгондо озун караш керек, тамакты жакшы жеш керек, кыжалат болууну токтотуш керек, кайнимин кызы да дцп болуп торолду, келин кайненеге очошуп ачка журо берип ошону ашырды, ортодо балага эле зыян болду
Эч бир адамдын баласы оорубасын эч качан
Алла сактасын наристелерге ден соолук берсин.