ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТА

«Призма» (Prisma) – фотосүрөттөрдү кайрадан иштеп чыгуучу программа. Учурда «Prisma» аркылуу иштелип чыккан фотолор социалдык тармактарда популярдуу болуп жаткан кези. Мында кадимки фотосүрөттөр «Prisma» менен Пабло Пикассо, Эдвард Мунк, Кацусика Хокусай жана башка белгилүү сүрөтчүлөрдүн живопистик сүрөттөрүнө окшоштурулат. Колдонуучу кайсы сүрөтчүнүн сүрөтүнө окшоштургусу келсе, өзү тандап алат. Жыйынтыгында сүрөт жаңыдан тартылгандай элести калтырат. Бул программаны Алексей Моисеенков баштаган орус адистери иштеп чыккан.

ЖУРНАЛИСТИКАДА

Лонгрид
– интернетте берилүүчү журналисттик материалдардын берүү форматы. Англис тилинен которгондо long read – «узак окуу» деген маанини берет. Лонгриддин башкалардан өзгөчөлүгү текст көп болуп, ал ар кандай фото, видео же инфографика сыяктуу мультимедиалык элементтер аркылуу бир канча бөлүктөргө бөлүнөт. Лонгрид окурманды керексиз маалыматтардан «сактап», материалга толугу менен арбап алат. Көбүнчө лонгриддер тигил же бул сайттын аудиториясын көбөйтүү үчүн жана жарнамалык материалдарда колдонулат. Мындай форматтагы алгачкы материалды 2012-жылы «The New York Times» гезитинин сайты чыгарган.

МОДА

Свэг
– кийинүү жана өзүн алып жүрүү стили. Түзмө-түз которулбайт. Бул сөз америкалык Соулжа Бой аттуу рэпердин «Turn my swag on» («Менин стилимди сына») деген ырынан келип чыккан деп айтылат. Свэг – бул көчө менен спорттук стилди айкалыштырып кийинүү. Бул стилдегилер эч кандай формасы жок кийимдерди кийип, алтын чынжыр же шакектерди тагынып алышат. Кээ бирлер муну чечкиндүүлүк жана байлык деп түшүнүп, башкалардан айырмалуу деп билет. Ал эми кай бирлери муну ашкере мактанчаактык деп баалап, стиль деп айтууну да эп көрүшпөйт.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 712, 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан